Катталуу, бет 72

  1. وَمَا أَصَابَكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ فَبِإِذْنِ اللَّهِ وَلِيَعْلَمَ الْمُؤْمِنِينَ

    Эки жамаат тирешкенде силерге жеткен сыноолор араңардагы ыймандууларды билиш үчүн Аллахтын гана уруксаты менен болду.

    3:166
  2. وَلِيَعْلَمَ الَّذِينَ نَافَقُوا ۚ وَقِيلَ لَهُمْ تَعَالَوْا قَاتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوِ ادْفَعُوا ۖ قَالُوا لَوْ نَعْلَمُ قِتَالًا لَاتَّبَعْنَاكُمْ ۗ هُمْ لِلْكُفْرِ يَوْمَئِذٍ أَقْرَبُ مِنْهُمْ لِلْإِيمَانِ ۚ يَقُولُونَ بِأَفْوَاهِهِمْ مَا لَيْسَ فِي قُلُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يَكْتُمُونَ

    Жана, мунафык-чыккынчыларды билиш үчүн. Аларга “Жүргүлө, Аллахтын жолунда же болбосо (мекениңерди, абийир-намысыңарды) коргоп согушкула” деп айтылганда, алар: “Биз эгер согуш болоорун билгенде силерге кошулмакпыз” дешкен. Алар ошол убакта ыймандан көрө каапырлыкка жакыныраак эле. (Ошондуктан,) жүрөктөрүндө жок нерсени ооздору менен айтышты. Аллах алардын жашырган нерселерин жакшыраак билет.

    3:167
  3. الَّذِينَ قَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ وَقَعَدُوا لَوْ أَطَاعُونَا مَا قُتِلُوا ۗ قُلْ فَادْرَءُوا عَنْ أَنْفُسِكُمُ الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (О, Мухаммад!) өздөрүнүн (согушка катышкан) бурадарлары жөнүндө: “Эгер биздин тилибизге киргенде (согушка чыкпаганда) өлтүрүлбөйт эле” деп (үйүндө) олтургандарга айткын: “Эгер чынчыл болсоңор, өзүңөрдөн өлүмдү кайтаргылачы?!”

    3:168
  4. وَلَا تَحْسَبَنَّ الَّذِينَ قُتِلُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَمْوَاتًا ۚ بَلْ أَحْيَاءٌ عِنْدَ رَبِّهِمْ يُرْزَقُونَ

    Аллахтын жолунда (динди өркүндөтөм деп жүрүп) өлтүрүлгөн адамдарды өлүктөр деп ойлобогула! Алар Раббисинин алдында (ар кандай нээматтар менен сыйланып) ырыскы тартууланган абалда тирүү.

    3:169
  5. فَرِحِينَ بِمَا آتَاهُمُ اللَّهُ مِنْ فَضْلِهِ وَيَسْتَبْشِرُونَ بِالَّذِينَ لَمْ يَلْحَقُوا بِهِمْ مِنْ خَلْفِهِمْ أَلَّا خَوْفٌ عَلَيْهِمْ وَلَا هُمْ يَحْزَنُونَ

    Аллах өз пазилетинен (аларга) берген нерселер (сыйлыктар) менен шат-курсант. Алар артында калган, өздөрүнө жетип келбеген бурадарларына (бул жакта) аларга коркунуч жок экени жана кайгырышпасы жөнүндө сүйүнүчтүү кабар беришет.

    3:170
  6. يَسْتَبْشِرُونَ بِنِعْمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَفَضْلٍ وَأَنَّ اللَّهَ لَا يُضِيعُ أَجْرَ الْمُؤْمِنِينَ

    Алар (шейиттердин рухтары) Аллахтын нээматы, пазилети жөнүндө (бири-бирине) сүйүнчүлөшөт. Чынында, Аллах ыймандуулардын сообун текке кетирбейт.

    3:171
  7. الَّذِينَ اسْتَجَابُوا لِلَّهِ وَالرَّسُولِ مِنْ بَعْدِ مَا أَصَابَهُمُ الْقَرْحُ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا مِنْهُمْ وَاتَّقَوْا أَجْرٌ عَظِيمٌ

    Аларга катуу сокку жеткенден кийин деле, Аллах менен пайгамбардын (“согушка!” деген) чакырыгына жооп берген момундар (жана) алардын арасынан сонун ибадат кылган, такыба кишилер үчүн улуу сыйлыктар бар.

    3:172
  8. الَّذِينَ قَالَ لَهُمُ النَّاسُ إِنَّ النَّاسَ قَدْ جَمَعُوا لَكُمْ فَاخْشَوْهُمْ فَزَادَهُمْ إِيمَانًا وَقَالُوا حَسْبُنَا اللَّهُ وَنِعْمَ الْوَكِيلُ

    Ошолорго (мусулмандарга) кишилер (келип): “Адамдар (мушриктер) силерге каршы (чоң күч) чогултушкан, алардан корккула!”- дегенде, (бул кабар) алардын ыйманын көбөйттү жана: “Бизге Аллах жетишет жана Ал эң жакшы Колдоочу” дешти.

    3:173

Котормо: Шамсуддин Хакимов