Катталуу, бет 70

  1. ثُمَّ أَنْزَلَ عَلَيْكُمْ مِنْ بَعْدِ الْغَمِّ أَمَنَةً نُعَاسًا يَغْشَىٰ طَائِفَةً مِنْكُمْ ۖ وَطَائِفَةٌ قَدْ أَهَمَّتْهُمْ أَنْفُسُهُمْ يَظُنُّونَ بِاللَّهِ غَيْرَ الْحَقِّ ظَنَّ الْجَاهِلِيَّةِ ۖ يَقُولُونَ هَلْ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ مِنْ شَيْءٍ ۗ قُلْ إِنَّ الْأَمْرَ كُلَّهُ لِلَّهِ ۗ يُخْفُونَ فِي أَنْفُسِهِمْ مَا لَا يُبْدُونَ لَكَ ۖ يَقُولُونَ لَوْ كَانَ لَنَا مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ مَا قُتِلْنَا هَاهُنَا ۗ قُلْ لَوْ كُنْتُمْ فِي بُيُوتِكُمْ لَبَرَزَ الَّذِينَ كُتِبَ عَلَيْهِمُ الْقَتْلُ إِلَىٰ مَضَاجِعِهِمْ ۖ وَلِيَبْتَلِيَ اللَّهُ مَا فِي صُدُورِكُمْ وَلِيُمَحِّصَ مَا فِي قُلُوبِكُمْ ۗ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ

    Кийин, (ошол чоң) кайгынын артынан, Аллах силерге (көз ирмемдик, эс алдыруучу) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан (динге жан күйдүргөн) бир тайпаны өз кучагына алды. (Силердин араңардагы) дагы бир тайпаны (мунафыктарды) өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн санап: “Эми, бизге иш жок” (жеңилип бүттүк) дешти. Айт: “Иш Аллахтын колунда”. Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: “Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эсепке алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек” дешет. Айт: “Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы, (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши, өлтүрүлө турган жайына келет.” (Аллах бул иштерди) силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени (ал ыйманбы, мунафыктыкпы) сынаш жана жүрөгүңөрдөгү (шайтандын азгырыгынан турган) нерсени тазалаш үчүн кылды. Аллах – жүрөктөрдөгү cырларды да Билүүчү.

    3:154
  2. إِنَّ الَّذِينَ تَوَلَّوْا مِنْكُمْ يَوْمَ الْتَقَى الْجَمْعَانِ إِنَّمَا اسْتَزَلَّهُمُ الشَّيْطَانُ بِبَعْضِ مَا كَسَبُوا ۖ وَلَقَدْ عَفَا اللَّهُ عَنْهُمْ ۗ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ حَلِيمٌ

    (Оо, ыймандуулар, Ухудда) эки (согушкер) жамаат жолуккан күндө артына качкан адамдарыңарды, кээ бир күнөөлөрү себептүү, шайтан гана жолдон азгырган. Аллах алардын күнөөсүн кечирди. Аллах Кечиримдүү, (пейили) Жумшак.

    3:155
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَكُونُوا كَالَّذِينَ كَفَرُوا وَقَالُوا لِإِخْوَانِهِمْ إِذَا ضَرَبُوا فِي الْأَرْضِ أَوْ كَانُوا غُزًّى لَوْ كَانُوا عِنْدَنَا مَا مَاتُوا وَمَا قُتِلُوا لِيَجْعَلَ اللَّهُ ذَٰلِكَ حَسْرَةً فِي قُلُوبِهِمْ ۗ وَاللَّهُ يُحْيِي وَيُمِيتُ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ

    Оо, ыйман келтиргендер! (Алыс) жерге сапарга же болбосо казатка чыккан бурадарлары жөнүндө “Эгер биздин алдыбызда болсо өлбөйт жана өлтүрүлбөйт эле” деген каапырларга окшобогула. Аллах алардын бул (жалган) сөздөрүн өздөрүнүн жүрөктөрүнө кайгы кылып койот. Чынында, Аллах өлтүрөт жана тирилтет. Аллах силер жасап жаткан иштерди Көрүүчү.

    3:156
  4. وَلَئِنْ قُتِلْتُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ أَوْ مُتُّمْ لَمَغْفِرَةٌ مِنَ اللَّهِ وَرَحْمَةٌ خَيْرٌ مِمَّا يَجْمَعُونَ

    Эгер силер Аллахтын жолунда өлсөңөр же өлтүрүлсөңөр..., Аллахтан болгон кечирим жана ырайым (дүйнө кулдары) жыйнаган нерседен жакшы

    3:157

Котормо: Шамсуддин Хакимов