Катталуу, бет 67

  1. وَسَارِعُوا إِلَىٰ مَغْفِرَةٍ مِنْ رَبِّكُمْ وَجَنَّةٍ عَرْضُهَا السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ أُعِدَّتْ لِلْمُتَّقِينَ

    Раббиңердин кечиримине жана такыба кишилер үчүн даярдап коюлган, кеңдиги асмандар менен жердей болгон бейишке шашылгыла.

    3:133
  2. الَّذِينَ يُنْفِقُونَ فِي السَّرَّاءِ وَالضَّرَّاءِ وَالْكَاظِمِينَ الْغَيْظَ وَالْعَافِينَ عَنِ النَّاسِ ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ

    (Такыба кишилер) жокчулук жана бардарчылык мезгилдеринде (бирдей) садака-ихсан кылышат, ачууларын жутушат жана адамдарга кечиримдүү болушат. Аллах жакшылык кылуучуларды сүйөт.

    3:134
  3. وَالَّذِينَ إِذَا فَعَلُوا فَاحِشَةً أَوْ ظَلَمُوا أَنْفُسَهُمْ ذَكَرُوا اللَّهَ فَاسْتَغْفَرُوا لِذُنُوبِهِمْ وَمَنْ يَغْفِرُ الذُّنُوبَ إِلَّا اللَّهُ وَلَمْ يُصِرُّوا عَلَىٰ مَا فَعَلُوا وَهُمْ يَعْلَمُونَ

    (Такыба кишилер) бир бузук иш же өздөрүнө зулум (күнөө) кылып коюшса, дароо Аллахты эстешип, күнөөлөрүн кечиришин сурашат – күнөөлөрдү Аллахтан башка ким кечирмек эле – жана жасаган (күнөө) иштерин билип туруп, кайталай беришпейт.

    3:135
  4. أُولَٰئِكَ جَزَاؤُهُمْ مَغْفِرَةٌ مِنْ رَبِّهِمْ وَجَنَّاتٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ وَنِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ

    Ошол адамдардын сыйлыгы: Раббисинен болгон кечирим жана анда түбөлүк калуучу, астынан дарыялар агып турган бейиш бактары. (Жакшы) амал кылуучулардын сообу кандай сонун!

    3:136
  5. قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِكُمْ سُنَنٌ فَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الْمُكَذِّبِينَ

    Силерден мурун да бул жолдор (сыноолор) өткөн. Жер жүзүн кезгиле жана (Аллахтын динин) жалганга чыгаргандардын акыр түбү кандай болгонун көргүлө.

    3:137
  6. هَٰذَا بَيَانٌ لِلنَّاسِ وَهُدًى وَمَوْعِظَةٌ لِلْمُتَّقِينَ

    Бул (окуялар) адамдар үчүн баян, туура жол жана такыба кишилер үчүн эскертүү - насаат.

    3:138
  7. وَلَا تَهِنُوا وَلَا تَحْزَنُوا وَأَنْتُمُ الْأَعْلَوْنَ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ

    (О, момундар, “жеңилип калдык” деп) алсырабагыла жана кайгырбагыла! Ыймандуу болсоңор эле, силер жогорусуңар!

    3:139
  8. إِنْ يَمْسَسْكُمْ قَرْحٌ فَقَدْ مَسَّ الْقَوْمَ قَرْحٌ مِثْلُهُ ۚ وَتِلْكَ الْأَيَّامُ نُدَاوِلُهَا بَيْنَ النَّاسِ وَلِيَعْلَمَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَتَّخِذَ مِنْكُمْ شُهَدَاءَ ۗ وَاللَّهُ لَا يُحِبُّ الظَّالِمِينَ

    Эгер (бул согушта) силерге жараат (жеңилүү) жеткен болсо, ушундай эле жараат (Бадр согушунда, каапыр) коомго да жеткен. Биз бул (жеңген жана жеңилген) күндөрдү адамдар арасында (кезектештире) айлантып турабыз. Жана (мунун себеби): Аллах (араңардагы чыныгы) момундарды билиши үчүн жана силердин араңардан шейиттерди алыш үчүн. Аллах заалымдарды сүйбөйт.

    3:140

Котормо: Шамсуддин Хакимов