Катталуу, бет 68
-
وَلِيُمَحِّصَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَيَمْحَقَ الْكَافِرِينَ
Ошондой эле, Аллах (чындап) ыйман келтиргендерди (күнөөлүүлөрдөн жана эки жүздүүлөрдөн) тазалап, каапырларды өлтүрүү үчүн (жеңген-жеңилген күндөрдү адамдар арасында кезеги менен алмаштырып турат).
3:141 -
أَمْ حَسِبْتُمْ أَنْ تَدْخُلُوا الْجَنَّةَ وَلَمَّا يَعْلَمِ اللَّهُ الَّذِينَ جَاهَدُوا مِنْكُمْ وَيَعْلَمَ الصَّابِرِينَ
Же болбосо, силер, Аллах араңардагы (жан үрөп) жихад кылгандар менен (жихад машакаттарына) сабыр кылгандарды билип (ажыратып) албай туруп эле, бейишке киребиз деп ойлодуңарбы?
3:142 -
وَلَقَدْ كُنْتُمْ تَمَنَّوْنَ الْمَوْتَ مِنْ قَبْلِ أَنْ تَلْقَوْهُ فَقَدْ رَأَيْتُمُوهُ وَأَنْتُمْ تَنْظُرُونَ
Силер (шейит болуп) өлүүнү, ага жолукканга чейин үмүт кылган элеңер го?! Мына эми, аны өз көзүңөр менен көрдүңөр!
3:143 -
وَمَا مُحَمَّدٌ إِلَّا رَسُولٌ قَدْ خَلَتْ مِنْ قَبْلِهِ الرُّسُلُ ۚ أَفَإِنْ مَاتَ أَوْ قُتِلَ انْقَلَبْتُمْ عَلَىٰ أَعْقَابِكُمْ ۚ وَمَنْ يَنْقَلِبْ عَلَىٰ عَقِبَيْهِ فَلَنْ يَضُرَّ اللَّهَ شَيْئًا ۗ وَسَيَجْزِي اللَّهُ الشَّاكِرِينَ
Мухаммад болгону бир пайгамбар. Андан мурун да пайгамбарлар өткөн. Эми, эгер ал өлсө, же өлтүрүлсө артыңарга (каапырлыкка) кайтып кетесиңерби? Ким артына кайтып кетсе, Аллахка эч бир зыян жеткире албайт! Аллах жакында (динде бекем болгон) шүгүр кылуучуларга сыйлык берет.
3:144 -
وَمَا كَانَ لِنَفْسٍ أَنْ تَمُوتَ إِلَّا بِإِذْنِ اللَّهِ كِتَابًا مُؤَجَّلًا ۗ وَمَنْ يُرِدْ ثَوَابَ الدُّنْيَا نُؤْتِهِ مِنْهَا وَمَنْ يُرِدْ ثَوَابَ الْآخِرَةِ نُؤْتِهِ مِنْهَا ۚ وَسَنَجْزِي الشَّاكِرِينَ
Эч бир жан Аллахтын уруксаты менен (Лавхул-Махфузда) жазылган жана белгиленген мөөнөтү (ажалы) келмейинче өлбөйт. Ким дүйнө сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз жана ким Акырет сообун кааласа, андан (үлүш) беребиз. Жана Биз шүгүр кылуучуларга жакында сыйлык беребиз.
3:145 -
وَكَأَيِّنْ مِنْ نَبِيٍّ قَاتَلَ مَعَهُ رِبِّيُّونَ كَثِيرٌ فَمَا وَهَنُوا لِمَا أَصَابَهُمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَمَا ضَعُفُوا وَمَا اسْتَكَانُوا ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الصَّابِرِينَ
(Тарыхта) нечендеген пайгамбарлардын жанында көптөгөн cахабалары согушушкан. Алар Аллахтын жолунда өздөрүнө жеткен машакаттар себептүү тунжурап, алсырап, коркуп калышпаган. Аллах (ушундай) сабырдууларды сүйөт.
3:146 -
وَمَا كَانَ قَوْلَهُمْ إِلَّا أَنْ قَالُوا رَبَّنَا اغْفِرْ لَنَا ذُنُوبَنَا وَإِسْرَافَنَا فِي أَمْرِنَا وَثَبِّتْ أَقْدَامَنَا وَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ
(Ошол оор мезгилдерде) Алардын айткан сөздөрү: “Оо, Раббибиз! Биздин күнөөлөрүбүздү, ысыраптарыбызды кечир! Жана кадамдарыбызды бекем кыл! Каапыр коомго каршы бизге жардам бер” деген (дубалар) болгон.
3:147 -
فَآتَاهُمُ اللَّهُ ثَوَابَ الدُّنْيَا وَحُسْنَ ثَوَابِ الْآخِرَةِ ۗ وَاللَّهُ يُحِبُّ الْمُحْسِنِينَ
Кийин Аллах аларга (жеңиш жана олжодон турган) дүйнө сообун, ошондой эле, Акырет сообунун эң жакшыларынан берди. Аллах жакшы иш кылуучуларды сүйөт
3:148
Котормо: Шамсуддин Хакимов