Катталуу, бет 66

  1. إِذْ هَمَّتْ طَائِفَتَانِ مِنْكُمْ أَنْ تَفْشَلَا وَاللَّهُ وَلِيُّهُمَا ۗ وَعَلَى اللَّهِ فَلْيَتَوَكَّلِ الْمُؤْمِنُونَ

    Ошондо, силерден эки тайпа адамдар үмүтсүздүккө түшүп калышты. Чынында, Аллахтын Өзү алардын жетекчиси эле. Жана момундар Аллахка гана өздөрүн тапшырышсын!

    3:122
  2. وَلَقَدْ نَصَرَكُمُ اللَّهُ بِبَدْرٍ وَأَنْتُمْ أَذِلَّةٌ ۖ فَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

    Аллах силерге Бадрда (сан жана даярдык жагынан) төмөн болгонуңарга карабай жеңиш берген. Аллахтан корккула. (Балким) шүгүр кылуучу болуп калаарсыңар.

    3:123
  3. إِذْ تَقُولُ لِلْمُؤْمِنِينَ أَلَنْ يَكْفِيَكُمْ أَنْ يُمِدَّكُمْ رَبُّكُمْ بِثَلَاثَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُنْزَلِينَ

    Ошондо, сен ыймандууларга айттың: “Раббиңер, асмандан түшүрүлгөн үч миң периште менен силерди колдоп коюшу силерге жетиштүү болбойбу?

    3:124
  4. بَلَىٰ ۚ إِنْ تَصْبِرُوا وَتَتَّقُوا وَيَأْتُوكُمْ مِنْ فَوْرِهِمْ هَٰذَا يُمْدِدْكُمْ رَبُّكُمْ بِخَمْسَةِ آلَافٍ مِنَ الْمَلَائِكَةِ مُسَوِّمِينَ

    Жок (жетиштүү болот). Эгер силер, такыба болуп, сабыр кылсаңар, (каапырлар) кол салаары менен, силерге периштелер жетип келет. (Анан) Раббиңер силерди беш миң (кайраттуулук) белгиси бар периште менен кубаттандырат.

    3:125
  5. وَمَا جَعَلَهُ اللَّهُ إِلَّا بُشْرَىٰ لَكُمْ وَلِتَطْمَئِنَّ قُلُوبُكُمْ بِهِ ۗ وَمَا النَّصْرُ إِلَّا مِنْ عِنْدِ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

    Аллах бул ишти силерге куш кабар үчүн жана аны менен жүрөгүңөр тынчтансын үчүн гана жасады. Жеңиш-жардам Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан гана келет.

    3:126
  6. لِيَقْطَعَ طَرَفًا مِنَ الَّذِينَ كَفَرُوا أَوْ يَكْبِتَهُمْ فَيَنْقَلِبُوا خَائِبِينَ

    (Бадрдагы бул жеңиш) каапырлардын бир ныптасын кесип, (бир сыйра) эзип, (канчалык ачуулары келсе да) үмүтсүз абалда кайтып кетүүлөрү үчүн (берилди).

    3:127
  7. لَيْسَ لَكَ مِنَ الْأَمْرِ شَيْءٌ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ أَوْ يُعَذِّبَهُمْ فَإِنَّهُمْ ظَالِمُونَ

    (О, Мухаммад!) эч бир иш сенин колуңда эмес. (Бардыгы Аллахтын колунда) Ал кааласа (каапырларды Исламга киргизип) тооболорун кабыл алат, кааласа заалым болгондору себептүү азаптайт.

    3:128
  8. وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ يَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ

    Асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахтын мүлкү. Ал каалаган адамын кечирип, каалаган адамын азаптайт. Аллах Кечиримдүү, Мээримдүү.

    3:129
  9. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَأْكُلُوا الرِّبَا أَضْعَافًا مُضَاعَفَةً ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُفْلِحُونَ

    О, ыймандуулар! Көп-көп кошумчасы бар пайданы (сүткорлуктун акчасын) жебегиле жана Аллахтан корккула, ошондо жеңишке (бейишке) жетээрсиңер.

    3:130
  10. وَاتَّقُوا النَّارَ الَّتِي أُعِدَّتْ لِلْكَافِرِينَ

    Жана каапырлар үчүн даярдап коюлган тозоктон корккула!

    3:131
  11. وَأَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ

    Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула! (Ошондо) Силерге ырайым кылынса ажеп эмес.

    3:132

Котормо: Шамсуддин Хакимов