Катталуу, бет 589
-
عَلَى الْأَرَائِكِ يَنْظُرُونَ
Сөрүлөрдүн үстүндө (бейиш нээматтарына) карап олтурушат.
83:35 -
هَلْ ثُوِّبَ الْكُفَّارُ مَا كَانُوا يَفْعَلُونَ
Каапырлар жасаган (күнөө) иштерине сооп алмак беле?!
83:36 -
إِذَا السَّمَاءُ انْشَقَّتْ
Күтүүсүздөн асман жарылды!
84:1 -
وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ
Ал Раббисине моюн сунган эле жана (моюн сунушу) акыйкат болчу!
84:2 -
وَإِذَا الْأَرْضُ مُدَّتْ
Жана жер (дагы) күтүүсүздөн (силкине-силкине) созулуп,
84:3 -
وَأَلْقَتْ مَا فِيهَا وَتَخَلَّتْ
ичиндеги нерселерин (төрөгөн сыяктуу) чыгарып, бошонуп калды!
84:4 -
وَأَذِنَتْ لِرَبِّهَا وَحُقَّتْ
Ал дагы Раббисине моюн сунган эле жана (ушундай болушу) акыйкат болчу!
84:5 -
يَا أَيُّهَا الْإِنْسَانُ إِنَّكَ كَادِحٌ إِلَىٰ رَبِّكَ كَدْحًا فَمُلَاقِيهِ
О, инсан! Сен Раббиңе (жолуканча) түйшөлүп, акырында Ага жолугасың.
84:6 -
فَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ بِيَمِينِهِ
Кимдин (амал) китеби оң тарабынан берилсе,
84:7 -
فَسَوْفَ يُحَاسَبُ حِسَابًا يَسِيرًا
өтө жеңил суралат.
84:8 -
وَيَنْقَلِبُ إِلَىٰ أَهْلِهِ مَسْرُورًا
жана (бейиштеги) үй-бүлөсүнө сүйүнгөн бойдон кайтып келет.
84:9 -
وَأَمَّا مَنْ أُوتِيَ كِتَابَهُ وَرَاءَ ظَهْرِهِ
Ал эми, кимдин (амал) китеби арка тарабынан берилсе,
84:10 -
فَسَوْفَ يَدْعُو ثُبُورًا
(өзүнө) өлүм чакырат.
84:11 -
وَيَصْلَىٰ سَعِيرًا
Жана тозокко ташталат!
84:12 -
إِنَّهُ كَانَ فِي أَهْلِهِ مَسْرُورًا
Чынында, ал (дүйнө жашоосунда) үй-бүлөсүнүн ичинде шат-курсант болчу.
84:13 -
إِنَّهُ ظَنَّ أَنْ لَنْ يَحُورَ
Чынында, ал өзүн эч качан (Раббисине) кайтпачудай сезчү.
84:14 -
بَلَىٰ إِنَّ رَبَّهُ كَانَ بِهِ بَصِيرًا
Жок! Андай эмес! (Ал Раббисине кайтып барат!) Акыйкатта, Раббиси аны көрүп турган!
84:15 -
فَلَا أُقْسِمُ بِالشَّفَقِ
Мен (күн батып бараткандагы) күүгүмгө ант ичип,
84:16 -
وَاللَّيْلِ وَمَا وَسَقَ
түнгө, жана да түн өз койнуна алган (бардык) нерсеге ант ичип...
84:17 -
وَالْقَمَرِ إِذَا اتَّسَقَ
Жана толгон кездеги (толук) айга ант ичип (айтамын):
84:18 -
لَتَرْكَبُنَّ طَبَقًا عَنْ طَبَقٍ
(Оо, инсандар!) силер аныгында, баскычтан баскычка минесиңер!
84:19 -
فَمَا لَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ
Аларга эмне болду, ыйман келтирбей жатышат?!
84:20 -
وَإِذَا قُرِئَ عَلَيْهِمُ الْقُرْآنُ لَا يَسْجُدُونَ ۩
Жана эгер аларга Куран окуп берилчү болсо, (моюн сунуу менен) сажда кылышпайт?!
84:21 -
بَلِ الَّذِينَ كَفَرُوا يُكَذِّبُونَ
Тескерисинче, каапыр болгон пенделер (кайра тирилүүнү) «жалган» дешет!
84:22 -
وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا يُوعُونَ
Бирок, алар ичине эмне жашырганын Аллах эң жакшы билет.
84:23 -
فَبَشِّرْهُمْ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ
(Оо, Мухаммад!) Сен аларга жан ооруткан азаптын кабарын бер!
84:24 -
إِلَّا الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ أَجْرٌ غَيْرُ مَمْنُونٍ
А бирок, ыйман келтирип, жакшы (сооп) иштерди жасагандар(га бейишти сүйүнчүлө). Алар үчүн түгөнгүс сыйлыктар бар!
84:25
Котормо: Шамсуддин Хакимов