Катталуу, бет 580

  1. وَمِنَ اللَّيْلِ فَاسْجُدْ لَهُ وَسَبِّحْهُ لَيْلًا طَوِيلًا

    Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!

    76:26
  2. إِنَّ هَٰؤُلَاءِ يُحِبُّونَ الْعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَاءَهُمْ يَوْمًا ثَقِيلًا

    Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.

    76:27
  3. نَحْنُ خَلَقْنَاهُمْ وَشَدَدْنَا أَسْرَهُمْ ۖ وَإِذَا شِئْنَا بَدَّلْنَا أَمْثَالَهُمْ تَبْدِيلًا

    Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!

    76:28
  4. إِنَّ هَٰذِهِ تَذْكِرَةٌ ۖ فَمَنْ شَاءَ اتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِ سَبِيلًا

    Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.

    76:29
  5. وَمَا تَشَاءُونَ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا

    (Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!

    76:30
  6. يُدْخِلُ مَنْ يَشَاءُ فِي رَحْمَتِهِ ۚ وَالظَّالِمِينَ أَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

    Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!

    76:31
  7. وَالْمُرْسَلَاتِ عُرْفًا

    Ант ичемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен;

    77:1
  8. فَالْعَاصِفَاتِ عَصْفًا

    Өтө катуу жүргөн шамалдар менен;

    77:2
  9. وَالنَّاشِرَاتِ نَشْرًا

    (Булуттарды Аллах каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен;

    77:3
  10. فَالْفَارِقَاتِ فَرْقًا

    (Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Куран аяттары) менен;

    77:4
  11. فَالْمُلْقِيَاتِ ذِكْرًا

    (Пайгамбарларга Аллах тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен;

    77:5
  12. عُذْرًا أَوْ نُذْرًا

    (Ал периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн.

    77:6
  13. إِنَّمَا تُوعَدُونَ لَوَاقِعٌ

    (Оо, адамдар!) силерге убада кылынган Күн албетте болуучу!

    77:7
  14. فَإِذَا النُّجُومُ طُمِسَتْ

    Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп,

    77:8
  15. وَإِذَا السَّمَاءُ فُرِجَتْ

    Асман (аңырайып) ачылып,

    77:9
  16. وَإِذَا الْجِبَالُ نُسِفَتْ

    Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда…

    77:10
  17. وَإِذَا الرُّسُلُ أُقِّتَتْ

    Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде… (ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт).

    77:11
  18. لِأَيِّ يَوْمٍ أُجِّلَتْ

    (Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле?

    77:12
  19. لِيَوْمِ الْفَصْلِ

    Ажыратуу күнүнө!

    77:13
  20. وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الْفَصْلِ

    (Оо, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң.

    77:14
  21. وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ

    Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап!

    77:15
  22. أَلَمْ نُهْلِكِ الْأَوَّلِينَ

    Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле?!

    77:16
  23. ثُمَّ نُتْبِعُهُمُ الْآخِرِينَ

    Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук!

    77:17
  24. كَذَٰلِكَ نَفْعَلُ بِالْمُجْرِمِينَ

    Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз.

    77:18
  25. وَيْلٌ يَوْمَئِذٍ لِلْمُكَذِّبِينَ

    Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап!

    77:19

Котормо: Шамсуддин Хакимов