Сүрө 76 Инсан
-
عَالِيَهُمْ ثِيَابُ سُنْدُسٍ خُضْرٌ وَإِسْتَبْرَقٌ ۖ وَحُلُّوا أَسَاوِرَ مِنْ فِضَّةٍ وَسَقَاهُمْ رَبُّهُمْ شَرَابًا طَهُورًا
Алардын (бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер… (Эркек-аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган… Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган…
76:21 -
إِنَّ هَٰذَا كَانَ لَكُمْ جَزَاءً وَكَانَ سَعْيُكُمْ مَشْكُورًا
(Оо, ыймандуу пенделер!) Булар – силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер ченемсиз нээматтар менен төлөндү!
76:22 -
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا عَلَيْكَ الْقُرْآنَ تَنْزِيلًا
Чынында Биз (оо, Мухаммад) сага Куранды бөлүп-бөлүп түшүрдүк.
76:23 -
فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تُطِعْ مِنْهُمْ آثِمًا أَوْ كَفُورًا
Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын!
76:24 -
وَاذْكُرِ اسْمَ رَبِّكَ بُكْرَةً وَأَصِيلًا
Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн!
76:25 -
وَمِنَ اللَّيْلِ فَاسْجُدْ لَهُ وَسَبِّحْهُ لَيْلًا طَوِيلًا
Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун-узун тасбих айт!
76:26 -
إِنَّ هَٰؤُلَاءِ يُحِبُّونَ الْعَاجِلَةَ وَيَذَرُونَ وَرَاءَهُمْ يَوْمًا ثَقِيلًا
Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат.
76:27 -
نَحْنُ خَلَقْنَاهُمْ وَشَدَدْنَا أَسْرَهُمْ ۖ وَإِذَا شِئْنَا بَدَّلْنَا أَمْثَالَهُمْ تَبْدِيلًا
Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!
76:28 -
إِنَّ هَٰذِهِ تَذْكِرَةٌ ۖ فَمَنْ شَاءَ اتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِ سَبِيلًا
Аныгында, бул (Куран) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат.
76:29 -
وَمَا تَشَاءُونَ إِلَّا أَنْ يَشَاءَ اللَّهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا
(Бирок) силер Аллах каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Аллах - Билүүчү, Даанышман!
76:30 -
يُدْخِلُ مَنْ يَشَاءُ فِي رَحْمَتِهِ ۚ وَالظَّالِمِينَ أَعَدَّ لَهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا
Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, залымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон!
76:31
Котормо: Шамсуддин Хакимов