Катталуу, бет 575
-
إِنَّ رَبَّكَ يَعْلَمُ أَنَّكَ تَقُومُ أَدْنَىٰ مِنْ ثُلُثَيِ اللَّيْلِ وَنِصْفَهُ وَثُلُثَهُ وَطَائِفَةٌ مِنَ الَّذِينَ مَعَكَ ۚ وَاللَّهُ يُقَدِّرُ اللَّيْلَ وَالنَّهَارَ ۚ عَلِمَ أَنْ لَنْ تُحْصُوهُ فَتَابَ عَلَيْكُمْ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنَ الْقُرْآنِ ۚ عَلِمَ أَنْ سَيَكُونُ مِنْكُمْ مَرْضَىٰ ۙ وَآخَرُونَ يَضْرِبُونَ فِي الْأَرْضِ يَبْتَغُونَ مِنْ فَضْلِ اللَّهِ ۙ وَآخَرُونَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۖ فَاقْرَءُوا مَا تَيَسَّرَ مِنْهُ ۚ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَآتُوا الزَّكَاةَ وَأَقْرِضُوا اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا ۚ وَمَا تُقَدِّمُوا لِأَنْفُسِكُمْ مِنْ خَيْرٍ تَجِدُوهُ عِنْدَ اللَّهِ هُوَ خَيْرًا وَأَعْظَمَ أَجْرًا ۚ وَاسْتَغْفِرُوا اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
(Оо, Мухаммад) Раббиң сенин жана сен менен болгон тайпанын түндүн үчтөн экисинен азыраагында жана жарымында жана үчтөн биринде (ибадат үчүн) турушуңду билет. Аллах түн менен күндү ченейт. Ал силердин аны (түндөгү ибадат сааттарды) эсептей албай калганыңарды билип, силерге жеңилдикти кайтарды. Эми, (түндөсү) Курандан алыңар жеткенче гана окугула. (Себеби Аллах) жакын келечекте силердин араңарда оорулуу адамдар болушун, жана башкалары Аллахтын ырыскы – пазилетин издеп жер бетин кезип (соода же сапар кылып) жүрүшүн, жана башка бирөөлөр Аллах жолунда жихад кылуу менен алектенишин билди. (Ошондой болгон соң) эми, ал-кудуретиңер жеткенче Куран окугула. Жана намазды (толук) аткарып, зекет бергиле. Жана Аллахка жакшынакай карыз бергиле. Өзүнөр(дүн араңардагы кедей муктаж инсандар) үчүн эмне жакшылык (садака) кылган болсоңор, аны Аллахтын алдында андан да жакшыраак, улугураак сооп иретинде табасыңар. Жана Аллахтан (көп) кечирим сурагыла! Чынында Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу!
73:20 -
يَا أَيُّهَا الْمُدَّثِّرُ
Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!
74:1 -
قُمْ فَأَنْذِرْ
Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!
74:2 -
وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ
Жана Раббиңдин улуулугун даңазала!
74:3 -
وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ
Жана кийимиңди тазала!
74:4 -
وَالرُّجْزَ فَاهْجُرْ
Жана ыпластыктан ыраак бол!
74:5 -
وَلَا تَمْنُنْ تَسْتَكْثِرُ
Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.
74:6 -
وَلِرَبِّكَ فَاصْبِرْ
(Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!
74:7 -
فَإِذَا نُقِرَ فِي النَّاقُورِ
Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).
74:8 -
فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ
Мына ушул күн – өтө оор күн!
74:9 -
عَلَى الْكَافِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ
Каапырларга жеңил болбогон (күн)!
74:10 -
ذَرْنِي وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًا
(Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.
74:11 -
وَجَعَلْتُ لَهُ مَالًا مَمْدُودًا
Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.
74:12 -
وَبَنِينَ شُهُودًا
Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.
74:13 -
وَمَهَّدْتُ لَهُ تَمْهِيدًا
Жана ага өтө кененчилик бердим.
74:14 -
ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ
Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.
74:15 -
كَلَّا ۖ إِنَّهُ كَانَ لِآيَاتِنَا عَنِيدًا
Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!
74:16 -
سَأُرْهِقُهُ صَعُودًا
Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!
74:17
Котормо: Шамсуддин Хакимов