Катталуу, бет 574
-
يَا أَيُّهَا الْمُزَّمِّلُ
Оо, оронуп жаткан киши!
73:1 -
قُمِ اللَّيْلَ إِلَّا قَلِيلًا
Түндөсү (тахажжуд намазы үчүн) тур. Түндүн бир аз гана бөлүгүндө уктасаң жетишет.
73:2 -
نِصْفَهُ أَوِ انْقُصْ مِنْهُ قَلِيلًا
Түн жарымда (тур) же андан да бир азга кемит(ип, үчтөн бир бөлүгүндө тур).
73:3 -
أَوْ زِدْ عَلَيْهِ وَرَتِّلِ الْقُرْآنَ تَرْتِيلًا
Же бир аз кош жана Куранды кыраатын келиштирип оку!
73:4 -
إِنَّا سَنُلْقِي عَلَيْكَ قَوْلًا ثَقِيلًا
Биз жакында сага салмактуу Сөздү (Куранды) түшүрөбүз.
73:5 -
إِنَّ نَاشِئَةَ اللَّيْلِ هِيَ أَشَدُّ وَطْئًا وَأَقْوَمُ قِيلًا
Түңкү убакыттар(да ибадат кылуу жана Куран окуунун көңүлгө) тамгалануусу катуураак жана сөзү туурараак.
73:6 -
إِنَّ لَكَ فِي النَّهَارِ سَبْحًا طَوِيلًا
Күндүзүндө болсо сенин узун убарагерчилигиң бар.
73:7 -
وَاذْكُرِ اسْمَ رَبِّكَ وَتَبَتَّلْ إِلَيْهِ تَبْتِيلًا
(Куран окуганыңда “Бисмиллахир Рахмаанир Рахим” деп) Раббиңдин ысымын эсте жана ал үчүн (дүйнөлүк ойлордон) толук үзүл!
73:8 -
رَبُّ الْمَشْرِقِ وَالْمَغْرِبِ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ فَاتَّخِذْهُ وَكِيلًا
(Аллах) Чыгыштын жана Батыштын Раббиси! Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок! Демек, (Оо, Мухаммад) сен Аны гана (өзүңө) таяныч кылып ал!
73:9 -
وَاصْبِرْ عَلَىٰ مَا يَقُولُونَ وَاهْجُرْهُمْ هَجْرًا جَمِيلًا
(Оо, Мухаммад) алардын айткандарына сабыр кыл жана алардан акырын гана алыс боло тур.
73:10 -
وَذَرْنِي وَالْمُكَذِّبِينَ أُولِي النَّعْمَةِ وَمَهِّلْهُمْ قَلِيلًا
(Динди) жалган деген байлык-мансап ээлерин Мага кой жана аларга бир аз мөөнөт бер.
73:11 -
إِنَّ لَدَيْنَا أَنْكَالًا وَجَحِيمًا
Биздин алдыбызда аларга арналган оор кишендер жана алоолонгон от бар!
73:12 -
وَطَعَامًا ذَا غُصَّةٍ وَعَذَابًا أَلِيمًا
Жана тикенектүү тамак менен жан ооруткан азап бар!
73:13 -
يَوْمَ تَرْجُفُ الْأَرْضُ وَالْجِبَالُ وَكَانَتِ الْجِبَالُ كَثِيبًا مَهِيلًا
Ал (Кыямат) күнү жер менен тоолор титиреп, тоолор (суудай) аккан кумдөбөлөргө айланат!
73:14 -
إِنَّا أَرْسَلْنَا إِلَيْكُمْ رَسُولًا شَاهِدًا عَلَيْكُمْ كَمَا أَرْسَلْنَا إِلَىٰ فِرْعَوْنَ رَسُولًا
(Эй, Мекке каапырлары!) Биз Фараонго (Муса) пайгамбарды жибергенибиз сыяктуу, силерге да (Мухаммад) пайгамбарды жибердик. (Ал) силерге күбө болуп турат.
73:15 -
فَعَصَىٰ فِرْعَوْنُ الرَّسُولَ فَأَخَذْنَاهُ أَخْذًا وَبِيلًا
Фараон пайгамбарга каршы чыкты эле, Биз аны катуу (азап менен) алып койдук.
73:16 -
فَكَيْفَ تَتَّقُونَ إِنْ كَفَرْتُمْ يَوْمًا يَجْعَلُ الْوِلْدَانَ شِيبًا
Эгер каапыр болсоңор жаш балдардын чачын агартып жибере турган Күндөн кантип сактана аласыңар?!
73:17 -
السَّمَاءُ مُنْفَطِرٌ بِهِ ۚ كَانَ وَعْدُهُ مَفْعُولًا
Ал (коркунучтуу Күндөгү кыйроолор) себептүү асман дагы барчаланып кетет! Анын (Аллахтын) убадасы аткарылат!
73:18 -
إِنَّ هَٰذِهِ تَذْكِرَةٌ ۖ فَمَنْ شَاءَ اتَّخَذَ إِلَىٰ رَبِّهِ سَبِيلًا
Албетте, бул(айтылганд)ар эскертүү гана. Ким кааласа Раббисине (алып баруучу туура) жолду (тандап) алат.
73:19
Котормо: Шамсуддин Хакимов