Сүрө 74 Мудасир

  1. يَا أَيُّهَا الْمُدَّثِّرُ

    Оо, чүмкөнүп (жатып) алган адам!

    74:1
  2. قُمْ فَأَنْذِرْ

    Туруп (элдерге Акыретти) эскерт!

    74:2
  3. وَرَبَّكَ فَكَبِّرْ

    Жана Раббиңдин улуулугун даңазала!

    74:3
  4. وَثِيَابَكَ فَطَهِّرْ

    Жана кийимиңди тазала!

    74:4
  5. وَالرُّجْزَ فَاهْجُرْ

    Жана ыпластыктан ыраак бол!

    74:5
  6. وَلَا تَمْنُنْ تَسْتَكْثِرُ

    Аз нерсе берип ордуна көп нерсе сураба.

    74:6
  7. وَلِرَبِّكَ فَاصْبِرْ

    (Көргөн жамандыктарга) Раббиң үчүн сабыр кыл!

    74:7
  8. فَإِذَا نُقِرَ فِي النَّاقُورِ

    Эми, качан гана (Исрафил периште тарабынан «Сур» деген) керней тартылганда (жана Кыямат башталганда).

    74:8
  9. فَذَٰلِكَ يَوْمَئِذٍ يَوْمٌ عَسِيرٌ

    Мына ушул күн – өтө оор күн!

    74:9
  10. عَلَى الْكَافِرِينَ غَيْرُ يَسِيرٍ

    Каапырларга жеңил болбогон (күн)!

    74:10
  11. ذَرْنِي وَمَنْ خَلَقْتُ وَحِيدًا

    (Оо, Мухаммад) Мен жалгыз жараткан (каапыр) пендени Мага кой.

    74:11
  12. وَجَعَلْتُ لَهُ مَالًا مَمْدُودًا

    Мен ага эсепсиз дүйнө-мүлк бердим.

    74:12
  13. وَبَنِينَ شُهُودًا

    Жана (ар дайым кызматына) даяр турган уул перзенттерди бердим.

    74:13
  14. وَمَهَّدْتُ لَهُ تَمْهِيدًا

    Жана ага өтө кененчилик бердим.

    74:14
  15. ثُمَّ يَطْمَعُ أَنْ أَزِيدَ

    Андан соң ал (каниетсиз, наадан адам) Биз ага (Акыреттик бейишти да) кошумча кылуубузду үмүт кылат.

    74:15
  16. كَلَّا ۖ إِنَّهُ كَانَ لِآيَاتِنَا عَنِيدًا

    Жок! (андай болбойт! Себеби) ал Биздин аяттарыбызды (билип, түшүнүп туруп) четке какты!

    74:16
  17. سَأُرْهِقُهُ صَعُودًا

    Мен аны жакында (тозоктогу) аска таштын үстүнө чыгарамын!

    74:17
  18. إِنَّهُ فَكَّرَ وَقَدَّرَ

    Себеби, ал (Куран жөнүндө) пикир кылды жана (аны өзүнүн кыска ченем-өлчөмү менен) өлчөдү!

    74:18
  19. فَقُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ

    Өлүмгө жолуккур! Кандай (жаман) өлчөдү!

    74:19
  20. ثُمَّ قُتِلَ كَيْفَ قَدَّرَ

    Дагы (бир ирет) өлүмгө жолуккур! Эмне деген (жаман өлчөм менен) өлчөдү!

    74:20

Котормо: Шамсуддин Хакимов