Катталуу, бет 573

  1. وَأَنَّا مِنَّا الْمُسْلِمُونَ وَمِنَّا الْقَاسِطُونَ ۖ فَمَنْ أَسْلَمَ فَأُولَٰئِكَ تَحَرَّوْا رَشَدًا

    Биздин арабызда мусулмандар да бар (ислам жолунан) адашкандар да бар. Эми ким исламга кирген болсо, анда алар туура багытты тандап алышыптыр.

    72:14
  2. وَأَمَّا الْقَاسِطُونَ فَكَانُوا لِجَهَنَّمَ حَطَبًا

    Ал эми, адашкандар (демек алар) тозокко отун болгондор!

    72:15
  3. وَأَنْ لَوِ اسْتَقَامُوا عَلَى الطَّرِيقَةِ لَأَسْقَيْنَاهُمْ مَاءً غَدَقًا

    Эгер алар (исламдык) жолдо түз жүрсө мол суу менен сугарабыз,

    72:16
  4. لِنَفْتِنَهُمْ فِيهِ ۚ وَمَنْ يُعْرِضْ عَنْ ذِكْرِ رَبِّهِ يَسْلُكْهُ عَذَابًا صَعَدًا

    аларды сынаш үчүн. Жана (ошондо) ким Раббисинин эскертүүсүнөн (Курандан) жүз бурса, (Аллах) аны оор азапка жолуктурат.

    72:17
  5. وَأَنَّ الْمَسَاجِدَ لِلَّهِ فَلَا تَدْعُوا مَعَ اللَّهِ أَحَدًا

    (Бардык) мечиттер Аллахка ибадат кылуу үчүн! Силер Аллахка кошуп башка “кудайларга” дуба кылбагыла!

    72:18
  6. وَأَنَّهُ لَمَّا قَامَ عَبْدُ اللَّهِ يَدْعُوهُ كَادُوا يَكُونُونَ عَلَيْهِ لِبَدًا

    Аллахтын пендеси (Мухаммад Куран окуу менен) Аллахка дуба кылып турганда (жиндер жабалактап келип) бири-бирин басып-тебелеп таштоого аз калды.

    72:19
  7. قُلْ إِنَّمَا أَدْعُو رَبِّي وَلَا أُشْرِكُ بِهِ أَحَدًا

    Айт (оо, Мухаммад!): “Мен жалаң өзүмдүн Раббиме гана дуба (ибадат) кыламын жана Ага эч нерсени шерик кылбаймын”.

    72:20
  8. قُلْ إِنِّي لَا أَمْلِكُ لَكُمْ ضَرًّا وَلَا رَشَدًا

    Айт: “Силерге зыян жеткирүү да, пайда келтирүү да менин колуман келбейт”.

    72:21
  9. قُلْ إِنِّي لَنْ يُجِيرَنِي مِنَ اللَّهِ أَحَدٌ وَلَنْ أَجِدَ مِنْ دُونِهِ مُلْتَحَدًا

    (Дагы) айт: “(Эгер мен күнөө иш кылчу болсом) мени Аллахтын азабынан эч ким сактап кала албайт жана мен эч качан (жалынып баруу үчүн) Андан башка коргоочу таба албаймын.

    72:22
  10. إِلَّا بَلَاغًا مِنَ اللَّهِ وَرِسَالَاتِهِ ۚ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَإِنَّ لَهُ نَارَ جَهَنَّمَ خَالِدِينَ فِيهَا أَبَدًا

    (Менин колумда) Аллах тарабынан (келген кабарларды) жеткирүү жана Анын пайгамбарлыгы гана (бар). Ким Аллах жана пайгамбарына күнөө кылса, ага тозок оту даяр! Ал жерде түбөлүк калышат!

    72:23
  11. حَتَّىٰ إِذَا رَأَوْا مَا يُوعَدُونَ فَسَيَعْلَمُونَ مَنْ أَضْعَفُ نَاصِرًا وَأَقَلُّ عَدَدًا

    Алар өздөрүнө убада кылынган нерсени (азапты) көргөндө, кимдин колдоочусу алсызыраак жана саны азыраак экенин билип алышат.

    72:24
  12. قُلْ إِنْ أَدْرِي أَقَرِيبٌ مَا تُوعَدُونَ أَمْ يَجْعَلُ لَهُ رَبِّي أَمَدًا

    Айт: ”Силерге убада кылынган нерсе жакынбы же Раббим ага алыс мөөнөт койгонбу, билбеймин”.

    72:25
  13. عَالِمُ الْغَيْبِ فَلَا يُظْهِرُ عَلَىٰ غَيْبِهِ أَحَدًا

    Кайыпты билүүчү (бир гана Аллах!) Ал Өз кайыбын эч кимге билдирбейт!

    72:26
  14. إِلَّا مَنِ ارْتَضَىٰ مِنْ رَسُولٍ فَإِنَّهُ يَسْلُكُ مِنْ بَيْنِ يَدَيْهِ وَمِنْ خَلْفِهِ رَصَدًا

    Бирок, Өзү каалаган пайгамбар(лар)га гана билдирет. Албетте, Аллах анын (пайгамбарлардын) алды жана арт жагынан (периште) коргоочуларды дайындайт.

    72:27
  15. لِيَعْلَمَ أَنْ قَدْ أَبْلَغُوا رِسَالَاتِ رَبِّهِمْ وَأَحَاطَ بِمَا لَدَيْهِمْ وَأَحْصَىٰ كُلَّ شَيْءٍ عَدَدًا

    (Мухаммад төмөнкүлөрдү) билиши үчүн: (периштелер) Раббисинин кабарларын (жиндерден коргоп) жеткизишкен жана (Раббиси) алардын (бардык) абалдарын билип, бардык нерселерди эсеп-китеп кылып койгон.

    72:28

Котормо: Шамсуддин Хакимов