Катталуу, бет 572
-
قُلْ أُوحِيَ إِلَيَّ أَنَّهُ اسْتَمَعَ نَفَرٌ مِنَ الْجِنِّ فَقَالُوا إِنَّا سَمِعْنَا قُرْآنًا عَجَبًا
Айт (оо, Мухаммад) “Мага (Аллах тааладан мындай деген) вахий келди: Жиндердин бир жамааты (Куранды) угушту жана (бири-бирине мындай) дешти: “Биз ажаайып Куран уктук.
72:1 -
يَهْدِي إِلَى الرُّشْدِ فَآمَنَّا بِهِ ۖ وَلَنْ نُشْرِكَ بِرَبِّنَا أَحَدًا
Ал туура жолго баштайт экен. Биз ага ыйман келтирдик. Эми, биз Раббибизге эч кимди шерик кылбайбыз!
72:2 -
وَأَنَّهُ تَعَالَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا اتَّخَذَ صَاحِبَةً وَلَا وَلَدًا
Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес!
72:3 -
وَأَنَّهُ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى اللَّهِ شَطَطًا
Чынында, биздин акмактарыбыз Аллах жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат.
72:4 -
وَأَنَّا ظَنَنَّا أَنْ لَنْ تَقُولَ الْإِنْسُ وَالْجِنُّ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллахка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз.
72:5 -
وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِنَ الْإِنْسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا
Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат.
72:6 -
وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا كَمَا ظَنَنْتُمْ أَنْ لَنْ يَبْعَثَ اللَّهُ أَحَدًا
Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллах эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот.
72:7 -
وَأَنَّا لَمَسْنَا السَّمَاءَ فَوَجَدْنَاهَا مُلِئَتْ حَرَسًا شَدِيدًا وَشُهُبًا
Биз асманга тырмышканда, аны (периштелерден турган) корукчулар жана оттуу жылдыздар менен толо экенин көрдүк.
72:8 -
وَأَنَّا كُنَّا نَقْعُدُ مِنْهَا مَقَاعِدَ لِلسَّمْعِ ۖ فَمَنْ يَسْتَمِعِ الْآنَ يَجِدْ لَهُ شِهَابًا رَصَدًا
Мурун биз асмандагы тыңшоочу орундарга олтуруп (кайып кабарын угуп) алаар элек. Эми болсо, ким угууга аракет кылса аңдып-күтүп турган оттуу жылдызга жолугат.
72:9 -
وَأَنَّا لَا نَدْرِي أَشَرٌّ أُرِيدَ بِمَنْ فِي الْأَرْضِ أَمْ أَرَادَ بِهِمْ رَبُّهُمْ رَشَدًا
Жана биз (асмандагы кайып илиминде) жердеги кишилерге жамандык белгилендиби же Раббиси аларга жакшылык кааладыбы, биле албай калабыз.
72:10 -
وَأَنَّا مِنَّا الصَّالِحُونَ وَمِنَّا دُونَ ذَٰلِكَ ۖ كُنَّا طَرَائِقَ قِدَدًا
Биздин арабызда (ыймандуу) жакшыларыбыз да, андан башкачаларыбыз да бар. Биз ар кандай жолдогулар элек.
72:11 -
وَأَنَّا ظَنَنَّا أَنْ لَنْ نُعْجِزَ اللَّهَ فِي الْأَرْضِ وَلَنْ نُعْجِزَهُ هَرَبًا
Жана биз аныгында (төмөндөгү чындыкка) ынандык: Биз эч качан жер бетинде (же асманда) Аллахты алсыз кыла албайт экенбиз жана Андан качып да кете албайт экенбиз.
72:12 -
وَأَنَّا لَمَّا سَمِعْنَا الْهُدَىٰ آمَنَّا بِهِ ۖ فَمَنْ يُؤْمِنْ بِرَبِّهِ فَلَا يَخَافُ بَخْسًا وَلَا رَهَقًا
Биз (Курандагы) туура жолду укканыбызда ага ыйман келтирдик. Ким Раббисине ыйман келтирсе (жасаган сооп иштери) кемитип коюлуудан жана (күнөөлөрүнүн) көбөйтүп коюлуусунан коркпойт.
72:13
Котормо: Шамсуддин Хакимов