Катталуу, бет 552

  1. وَإِذْ قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ يَا بَنِي إِسْرَائِيلَ إِنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيَّ مِنَ التَّوْرَاةِ وَمُبَشِّرًا بِرَسُولٍ يَأْتِي مِنْ بَعْدِي اسْمُهُ أَحْمَدُ ۖ فَلَمَّا جَاءَهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ قَالُوا هَٰذَا سِحْرٌ مُبِينٌ

    Эстегин, (бир кезде) Марямдын уулу Иса (мындай) деди: «Оо, Исраил урпактары! Мен силерге Аллахтан жиберилген пайгамбар боломун. (Мен) өзүмдөн мурдагы Тооратты(н өкүмдөрүн) тастыктаймын жана менден кийин келе турган, ысымы «Ахмад» болгон пайгамбар жөнүндө (алдын ала) сүйүнчү кабар айтамын". Анан качан ал (Мухаммад) аларга анык далилдерди алып келгенде (ыйман келтирүүнүн ордуна) «бул анык сыйкыр го!» дешти.

    61:6
  2. وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ الْكَذِبَ وَهُوَ يُدْعَىٰ إِلَى الْإِسْلَامِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

    Исламга чакырылганда Аллахка жалаа жапкан адамдан залымыраак ким бар?! Аллах залым адамдарды туура жолго баштабайт!

    61:7
  3. يُرِيدُونَ لِيُطْفِئُوا نُورَ اللَّهِ بِأَفْوَاهِهِمْ وَاللَّهُ مُتِمُّ نُورِهِ وَلَوْ كَرِهَ الْكَافِرُونَ

    Аллахтын Нурун ооздору менен (үйлөп) өчүрүүнү каалашат! Бирок, каапырлар жаман көргөнү менен Аллах Өзүнүн Нурун толук (бүт ааламга) жеткирет!

    61:8
  4. هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ وَلَوْ كَرِهَ الْمُشْرِكُونَ

    Ал Өзүнүн пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен – ал динди бардык диндерден үстөм кылуу үчүн – жиберди. Эгер мушриктер жаман көрсө да.

    61:9
  5. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا هَلْ أَدُلُّكُمْ عَلَىٰ تِجَارَةٍ تُنْجِيكُمْ مِنْ عَذَابٍ أَلِيمٍ

    Оо, ыйман келтирген пенделер! Мен силерди жан ооруткан азаптан сактап калчу «соодага» баштайынбы?

    61:10
  6. تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَتُجَاهِدُونَ فِي سَبِيلِ اللَّهِ بِأَمْوَالِكُمْ وَأَنْفُسِكُمْ ۚ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ تَعْلَمُونَ

    (Ал соода төмөндөгүчө:) Аллахка жана Анын пайгамбарына ыйман келтиресиңер, Аллахтын Жолунда малыңар жана жаныңар менен жихад кыласыңар. Ушул силер үчүн жакшы (соода) эгер билсеңер.

    61:11
  7. يَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ وَيُدْخِلْكُمْ جَنَّاتٍ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ وَمَسَاكِنَ طَيِّبَةً فِي جَنَّاتِ عَدْنٍ ۚ ذَٰلِكَ الْفَوْزُ الْعَظِيمُ

    (Ошондо Аллах) силердин күнөөңөрдү кечирип, түбүнөн дарыялар аккан бейиштерге жана Адн (түбөлүктүүлүк) бейиштериндеги пакиза жашоо жайларына киргизет. Бул – Улуу Жеңиш!

    61:12
  8. وَأُخْرَىٰ تُحِبُّونَهَا ۖ نَصْرٌ مِنَ اللَّهِ وَفَتْحٌ قَرِيبٌ ۗ وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ

    Дагы силер жакшы көргөн нерсени (да Аллах силерге белек кылат. Ал –) Аллахтын жардамы жана жакында келе турган жеңиш! (Оо, Мухаммад! Сен ушул жеңишти) ыймандууларга сүйүнчүлө!

    61:13
  9. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا كُونُوا أَنْصَارَ اللَّهِ كَمَا قَالَ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ لِلْحَوَارِيِّينَ مَنْ أَنْصَارِي إِلَى اللَّهِ ۖ قَالَ الْحَوَارِيُّونَ نَحْنُ أَنْصَارُ اللَّهِ ۖ فَآمَنَتْ طَائِفَةٌ مِنْ بَنِي إِسْرَائِيلَ وَكَفَرَتْ طَائِفَةٌ ۖ فَأَيَّدْنَا الَّذِينَ آمَنُوا عَلَىٰ عَدُوِّهِمْ فَأَصْبَحُوا ظَاهِرِينَ

    Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын (дининин) жардамчылары болгула! Ушул сыяктуу Марямдын уулу Иса дагы шакирттерине «Аллах Жолунда ким мага жардамчы болот?» дегенде, шакирттери «Биз – Аллахтын жардамчылары!» дешкен. Анан, Исраил урпактарынан бир тайпасы (Исанын динине) ыйман келтирип, дагы бир тайпалары каапыр болушту. Биз ыйман келтиргендерди душмандарынан кубаттуу кылдык эле, натыйжада алар жеңип чыгышты.

    61:14

Котормо: Шамсуддин Хакимов