Катталуу, бет 553

  1. يُسَبِّحُ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ الْمَلِكِ الْقُدُّوسِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

    Аллахка асмандардагы жана Жердеги бардык нерселер тасбих айтат. Ал – Падыша, Таза-Пакиза, Кудуреттүү жана Даанышман!

    62:1
  2. هُوَ الَّذِي بَعَثَ فِي الْأُمِّيِّينَ رَسُولًا مِنْهُمْ يَتْلُو عَلَيْهِمْ آيَاتِهِ وَيُزَكِّيهِمْ وَيُعَلِّمُهُمُ الْكِتَابَ وَالْحِكْمَةَ وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلُ لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    Ал уммий адамдар арасына өздөрүнүн ичинен (тандап алган) пайгамбарды жиберди. Ошол (пайгамбар) аларга Аллахтын аяттарын тилават кылат, аларды (ширк жана башка күнөөлөрдөн) тазартат жана Китеп менен Сүннөттү таалим берет. Алар мындан мурда анык адашууда болушкан.

    62:2
  3. وَآخَرِينَ مِنْهُمْ لَمَّا يَلْحَقُوا بِهِمْ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Жана (Аллах ал пайгамбарды) али аларга кошулбаган башка элдерге да жиберди. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

    62:3
  4. ذَٰلِكَ فَضْلُ اللَّهِ يُؤْتِيهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَاللَّهُ ذُو الْفَضْلِ الْعَظِيمِ

    Бул Аллахтын каалаган пенделерине бере турган пазилети. Аллах улуу пазилет Ээси!

    62:4
  5. مَثَلُ الَّذِينَ حُمِّلُوا التَّوْرَاةَ ثُمَّ لَمْ يَحْمِلُوهَا كَمَثَلِ الْحِمَارِ يَحْمِلُ أَسْفَارًا ۚ بِئْسَ مَثَلُ الْقَوْمِ الَّذِينَ كَذَّبُوا بِآيَاتِ اللَّهِ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الظَّالِمِينَ

    Тооратты (колдорунда) көтөргөнү менен, кийин аны(н өкүм-буйруктарын иш жүзүнө аткара) көтөрбөгөн адамдар, үстүнө көп китеп көтөргөн эшек сыяктуу. Аллахтын аяттарын жалганга чыгарган коомдун тамсили кандай жаман! Аллах залым коомду туура жолго баштабайт!

    62:5
  6. قُلْ يَا أَيُّهَا الَّذِينَ هَادُوا إِنْ زَعَمْتُمْ أَنَّكُمْ أَوْلِيَاءُ لِلَّهِ مِنْ دُونِ النَّاسِ فَتَمَنَّوُا الْمَوْتَ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ

    (Оо, Мухаммад!) Айткын: «Оо, яхудилер! Эгер силер «Бардык адамдар эмес, мына биз гана Аллахтын сүйгөн пенделерибиз» деп ойлосоңор, анда өлүмдү тилегиле, эгер чынчыл болсоңор».

    62:6
  7. وَلَا يَتَمَنَّوْنَهُ أَبَدًا بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ ۚ وَاللَّهُ عَلِيمٌ بِالظَّالِمِينَ

    (Жок,) алар жасаган (көп күнөө) иштери себептүү эч качан өлүмдү сагынышпайт. Аллах залымдарды Билүүчү.

    62:7
  8. قُلْ إِنَّ الْمَوْتَ الَّذِي تَفِرُّونَ مِنْهُ فَإِنَّهُ مُلَاقِيكُمْ ۖ ثُمَّ تُرَدُّونَ إِلَىٰ عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ

    Айт: «силер качып (коркуп) жүргөн өлүмгө албетте жолугасыңар. Кийин, көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчүгө кайтарыласыңар. Ал силерге жасаган ишиңердин кабарын билдирет.

    62:8

Котормо: Шамсуддин Хакимов