Катталуу, бет 551
-
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِذَا جَاءَكَ الْمُؤْمِنَاتُ يُبَايِعْنَكَ عَلَىٰ أَنْ لَا يُشْرِكْنَ بِاللَّهِ شَيْئًا وَلَا يَسْرِقْنَ وَلَا يَزْنِينَ وَلَا يَقْتُلْنَ أَوْلَادَهُنَّ وَلَا يَأْتِينَ بِبُهْتَانٍ يَفْتَرِينَهُ بَيْنَ أَيْدِيهِنَّ وَأَرْجُلِهِنَّ وَلَا يَعْصِينَكَ فِي مَعْرُوفٍ ۙ فَبَايِعْهُنَّ وَاسْتَغْفِرْ لَهُنَّ اللَّهَ ۖ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Оо, Пайгамбар! Эгер сага ыймандуу аялдар келип, Аллахка эч нерсени шерик кылбоого, уурулук, зынаа кылбоого, (кыз төрөлгөн) балдарын өлтүрбөөгө, бирөөдөн бала арттырып эрине таңуулабоого жана жакшы (сооп) иштерге буюрганыңда сага каяша айтпоого ант беришсе, алардан антын кабыл ал жана алардын күнөөлөрүнө Аллахтан кечирим сура. Аллах Кечиримдүү, Ырайымдуу.
60:12 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَتَوَلَّوْا قَوْمًا غَضِبَ اللَّهُ عَلَيْهِمْ قَدْ يَئِسُوا مِنَ الْآخِرَةِ كَمَا يَئِسَ الْكُفَّارُ مِنْ أَصْحَابِ الْقُبُورِ
Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын каарына жолуккан (мушрик) коом менен дос болбогула! Каапырлар мүрзөдөгү адамдардан (алардын кайра тирилүүсүнөн) үмүт үзгөнү сыяктуу, алар (мушриктер) дагы Акыреттен үмүт кылышпайт.
60:13 -
سَبَّحَ لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۖ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Аллахка асмандардагы жана жердеги бардык нерселер тасбих айтты. Ал – Кудуреттүү, Даанышман!
61:1 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لِمَ تَقُولُونَ مَا لَا تَفْعَلُونَ
Оо, момундар! Эмне үчүн жасабаган ишиңерди сүйлөйсүңөр?!
61:2 -
كَبُرَ مَقْتًا عِنْدَ اللَّهِ أَنْ تَقُولُوا مَا لَا تَفْعَلُونَ
Жасабаган ишиңерди сүйлөө Аллахтын алдында эң чоң күнөө!
61:3 -
إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الَّذِينَ يُقَاتِلُونَ فِي سَبِيلِهِ صَفًّا كَأَنَّهُمْ بُنْيَانٌ مَرْصُوصٌ
Аллах Өзүнүн Жолунда тегиз курулган үйлөр сыяктуу сап-сап болуп согушкан пенделерин сүйөт.
61:4 -
وَإِذْ قَالَ مُوسَىٰ لِقَوْمِهِ يَا قَوْمِ لِمَ تُؤْذُونَنِي وَقَدْ تَعْلَمُونَ أَنِّي رَسُولُ اللَّهِ إِلَيْكُمْ ۖ فَلَمَّا زَاغُوا أَزَاغَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ ۚ وَاللَّهُ لَا يَهْدِي الْقَوْمَ الْفَاسِقِينَ
(Оо, Мухаммад!) эстегин, бир кезде Муса өзүнүн коомуна «Оо, коомум! Эмнеге мени ирээнжитип жатасыңар? Мен Аллахтын силерге жиберилген пайгамбары экенимди билесиңер го!» деди. Анан качан гана алар (акыйкаттан) бурулуп кеткенде, Аллах дагы алардын жүрөгүн (акыйкатты кабыл алуудан) буруп койду. Аллах бузуку коомду туура жолго баштабайт!
61:5
Котормо: Шамсуддин Хакимов