Катталуу, бет 550
-
لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِيهِمْ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّ فَإِنَّ اللَّهَ هُوَ الْغَنِيُّ الْحَمِيدُ
Аларда силер – Аллахтан жана Акырет Күндөн үмүт кылгандар үчүн эң сонун үлгүлөр бар. Ким (үлгү алуудан) жүз бурса, (билип койгула:) Аллах Беймуктаж, Даңазалуу Зат! (Жогорку аяттарда мушриктер менен кандай позицияда болуу керектиги үйрөтүлдү. Бирок, качан алардын ашынган душмандыгы ашкере болмоюнча, алардын ыйманга келишинен үмүт үзбөгөн абзел. Себеби…)
60:6 -
عَسَى اللَّهُ أَنْ يَجْعَلَ بَيْنَكُمْ وَبَيْنَ الَّذِينَ عَادَيْتُمْ مِنْهُمْ مَوَدَّةً ۚ وَاللَّهُ قَدِيرٌ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Аллах алардын (Мекке мушриктеринин) ичиндеги силер душмандашкан адамдар менен араңарда достук жаратып койсо ажеп эмес. Аллах (буга) Кудуреттүү! Аллах – Кечиримдүү, Мээримдүү!
60:7 -
لَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ لَمْ يُقَاتِلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَلَمْ يُخْرِجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ أَنْ تَبَرُّوهُمْ وَتُقْسِطُوا إِلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ
«Силер менен дин себептүү согушпаган жана силерди мекениңерден чыгарбаган адамдарга жакшылык жана адилет кылуудан Аллах силерди кайтарбайт. Аллах адилеттүүлөрдү сүйөт».
60:8 -
إِنَّمَا يَنْهَاكُمُ اللَّهُ عَنِ الَّذِينَ قَاتَلُوكُمْ فِي الدِّينِ وَأَخْرَجُوكُمْ مِنْ دِيَارِكُمْ وَظَاهَرُوا عَلَىٰ إِخْرَاجِكُمْ أَنْ تَوَلَّوْهُمْ ۚ وَمَنْ يَتَوَلَّهُمْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Силерге каршы дин себептүү согушуп, мекениңерден чыгарган жана чыгарууга жардам берген адамдарды дос тутуудан Аллах силерди кайтарат. Ким аларды дос туткан болсо, алар анык залымдар!
60:9 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا جَاءَكُمُ الْمُؤْمِنَاتُ مُهَاجِرَاتٍ فَامْتَحِنُوهُنَّ ۖ اللَّهُ أَعْلَمُ بِإِيمَانِهِنَّ ۖ فَإِنْ عَلِمْتُمُوهُنَّ مُؤْمِنَاتٍ فَلَا تَرْجِعُوهُنَّ إِلَى الْكُفَّارِ ۖ لَا هُنَّ حِلٌّ لَهُمْ وَلَا هُمْ يَحِلُّونَ لَهُنَّ ۖ وَآتُوهُمْ مَا أَنْفَقُوا ۚ وَلَا جُنَاحَ عَلَيْكُمْ أَنْ تَنْكِحُوهُنَّ إِذَا آتَيْتُمُوهُنَّ أُجُورَهُنَّ ۚ وَلَا تُمْسِكُوا بِعِصَمِ الْكَوَافِرِ وَاسْأَلُوا مَا أَنْفَقْتُمْ وَلْيَسْأَلُوا مَا أَنْفَقُوا ۚ ذَٰلِكُمْ حُكْمُ اللَّهِ ۖ يَحْكُمُ بَيْنَكُمْ ۚ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Оо, ыйман келтиргендер! Эгер силерге ыймандуу аялдар хижрат кылып келсе, аларды сынагыла. Аллах алардын ыйманын эң жакшы билет. Эгер алардын ыймандуу экенин аныктасаңар, каапырларга кайтарып жибербегиле. (Себеби,) алар мушриктерге адал эмес, мушриктер аларга адал эмес. Жана (эгер үйлөнсөңөр) аларга (мушрик күйөөлөрү) берген өлчөмдөгү махырды бергиле. Качан (ушул) махырды төлөсөңөр, аларга үйлөнүүдө силерге күнөө жок. Жана каапыр болуп (Мединадан Меккеге кетип) калган аялдардын билегинен да кармабагыла! Кийин алардан берген махырыңарды сурап алгыла, алар (силер үйлөнгөн мухажир аялдардын Меккеде калган мушрик күйөөлөрү) дагы (ал аялдарга) берген махырын силерден сурап алышсын. Аллахтын өкүмү – ушул. Ал силердин араңарда өкүм кылат. Аллах Билүүчү, Даанышман!
60:10 -
وَإِنْ فَاتَكُمْ شَيْءٌ مِنْ أَزْوَاجِكُمْ إِلَى الْكُفَّارِ فَعَاقَبْتُمْ فَآتُوا الَّذِينَ ذَهَبَتْ أَزْوَاجُهُمْ مِثْلَ مَا أَنْفَقُوا ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ الَّذِي أَنْتُمْ بِهِ مُؤْمِنُونَ
Эгерде, силердин аялдардан кимдир бирөөсү каапырлар тарапка өтүп (бир мушрикке тийип) кетсе, (жана анын мушрик күйөөсү силерге махырды кайрып бербесе) анан силер (согушта мушриктерди) жеңип алсаңар, аялы кетип калган кишилерге (олжодон) махыры өлчөмүндө бөлүп бергиле. Жана өзүңөр ыйман келтирген Аллахтан корккула!
60:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов