Катталуу, бет 54
-
يَوْمَ تَجِدُ كُلُّ نَفْسٍ مَا عَمِلَتْ مِنْ خَيْرٍ مُحْضَرًا وَمَا عَمِلَتْ مِنْ سُوءٍ تَوَدُّ لَوْ أَنَّ بَيْنَهَا وَبَيْنَهُ أَمَدًا بَعِيدًا ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ ۗ وَاللَّهُ رَءُوفٌ بِالْعِبَادِ
(Кыямат) күндө ар бир жан өзү жасаган (бардык) жакшы-жаман иштерин алып келинген абалда табат. (Ошондо, жамандык жасаган жан) өзү менен кылмышынын арасы өтө алыс болушун самайт. (Билип койгула), Аллах Өзүнөн силерди эскертет. Аллах - пенделерге Мээримдүү.
3:30 -
قُلْ إِنْ كُنْتُمْ تُحِبُّونَ اللَّهَ فَاتَّبِعُونِي يُحْبِبْكُمُ اللَّهُ وَيَغْفِرْ لَكُمْ ذُنُوبَكُمْ ۗ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Айт: "Эгер Аллахты сүйчү болсоңор, анда мени ээрчигиле. (Ошондо гана) Аллах силерди сүйөт жана күнөөңөрдү кечирет. Аллах - Кечиримдүү, Мээримдүү".
3:31 -
قُلْ أَطِيعُوا اللَّهَ وَالرَّسُولَ ۖ فَإِنْ تَوَلَّوْا فَإِنَّ اللَّهَ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ
Айт: "Аллахка жана пайгамбарга моюн сунгула! Эгер жүз бурушса, Аллах каапырларды сүйбөйт!
3:32 -
إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَىٰ آدَمَ وَنُوحًا وَآلَ إِبْرَاهِيمَ وَآلَ عِمْرَانَ عَلَى الْعَالَمِينَ
Албетте, Аллах Адамды, Нухту, Ибрахимдин үй-бүлөсүн жана Имрандын урпактарын бүт ааламдардын үстүнө (пайгамбарлык үчүн) тандап алды.
3:33 -
ذُرِّيَّةً بَعْضُهَا مِنْ بَعْضٍ ۗ وَاللَّهُ سَمِيعٌ عَلِيمٌ
Алар бир-бирөөлөрүнө жек-жаат (болгон адамдар) эле. Аллах Угуучу, Билүүчү.
3:34 -
إِذْ قَالَتِ امْرَأَتُ عِمْرَانَ رَبِّ إِنِّي نَذَرْتُ لَكَ مَا فِي بَطْنِي مُحَرَّرًا فَتَقَبَّلْ مِنِّي ۖ إِنَّكَ أَنْتَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ
(Оо, Мухаммад эстегин, бир кезде) Имрандын аялы айтты: "Оо, Раббим! Мен ичимдеги баламды Сага, (дүйнө иштеринен үзүлгөн кызматчы катарында) назир кылдым (арнадым). Менден кабыл кыл! Өзүң Угуучу, Билүүчүсүң!"
3:35 -
فَلَمَّا وَضَعَتْهَا قَالَتْ رَبِّ إِنِّي وَضَعْتُهَا أُنْثَىٰ وَاللَّهُ أَعْلَمُ بِمَا وَضَعَتْ وَلَيْسَ الذَّكَرُ كَالْأُنْثَىٰ ۖ وَإِنِّي سَمَّيْتُهَا مَرْيَمَ وَإِنِّي أُعِيذُهَا بِكَ وَذُرِّيَّتَهَا مِنَ الشَّيْطَانِ الرَّجِيمِ
Ал ичиндегисин төрөгөн соң (эркек болбогонуна өкүнүп) “Оо, Раббим! Мен кыз төрөдүм” деди. Чынында, Аллах анын эмне төрөгөнүн жана (көпчүлүк) эркек(тер) (ушул төрөлгөн) ургаачыдай эмес экенин андан жакшыраак билген. (Ал дагы сөзүн улады): “Мен ага “Марям” деп ысым койдум. Мен аны жана анын урпактарын ырайымыңдан куулган шайтандан коргооңду тилеп, Сага жалбарамын”.
3:36 -
فَتَقَبَّلَهَا رَبُّهَا بِقَبُولٍ حَسَنٍ وَأَنْبَتَهَا نَبَاتًا حَسَنًا وَكَفَّلَهَا زَكَرِيَّا ۖ كُلَّمَا دَخَلَ عَلَيْهَا زَكَرِيَّا الْمِحْرَابَ وَجَدَ عِنْدَهَا رِزْقًا ۖ قَالَ يَا مَرْيَمُ أَنَّىٰ لَكِ هَٰذَا ۖ قَالَتْ هُوَ مِنْ عِنْدِ اللَّهِ ۖ إِنَّ اللَّهَ يَرْزُقُ مَنْ يَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Раббиси аны (назирди) жакшынакай кабыл алып, жакшынакай өстүрдү жана ага Закарияны кепил (камкор) кылды. Ар качан Закария анын үстүнө - михрапка кирсе, анын алдында (ширин-шербет жемиштерден) ырыскы турганын көрдү. Ал: “Оо, Марям, булар сага кайдан?” деди. Ал: “Аллахтын алдынан. Албетте, Аллах Өзү каалаган адамына эсепсиз ырыскы берет” деди.
3:37
Котормо: Шамсуддин Хакимов