Катталуу, бет 53
-
أَلَمْ تَرَ إِلَى الَّذِينَ أُوتُوا نَصِيبًا مِنَ الْكِتَابِ يُدْعَوْنَ إِلَىٰ كِتَابِ اللَّهِ لِيَحْكُمَ بَيْنَهُمْ ثُمَّ يَتَوَلَّىٰ فَرِيقٌ مِنْهُمْ وَهُمْ مُعْرِضُونَ
(Оо, Мухаммад! Аллахтан келген) китептен насип-үлүш берилген адамдарга (яхудийлерге) карабайсыңбы, өз араларында(гы талаш маселеге) өкүм кылып бериш үчүн Аллахтын китебине (Куранга) чакырылганда, (сен Аллахтын китеби боюнча өкүм чыгарып бергениңден) кийин алардан бир бөлүгү (чындыкты билип турса да) жүз бурган бойдон кетип калышты.
3:23 -
ذَٰلِكَ بِأَنَّهُمْ قَالُوا لَنْ تَمَسَّنَا النَّارُ إِلَّا أَيَّامًا مَعْدُودَاتٍ ۖ وَغَرَّهُمْ فِي دِينِهِمْ مَا كَانُوا يَفْتَرُونَ
Мунун себеби алар: "Биз тозокко түшпөйбүз, түшсөк да саналуу күндөр гана түшөбүз" деп айтышчу. Өздөрү ойдон чыгарып алган (ушул сыяктуу) сөздөр аларды диндеринде адаштырып койду.
3:24 -
فَكَيْفَ إِذَا جَمَعْنَاهُمْ لِيَوْمٍ لَا رَيْبَ فِيهِ وَوُفِّيَتْ كُلُّ نَفْسٍ مَا كَسَبَتْ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ
Эми, биз аларды, анда шек-күмөн болбогон жана ар бир жанга өзү жасаган иштери(нин натыйжасы) эч зулум кылынбай, толук кайтарыла турган Күн (Кыямат) үчүн чогултканда эмне кылышат?!
3:25 -
قُلِ اللَّهُمَّ مَالِكَ الْمُلْكِ تُؤْتِي الْمُلْكَ مَنْ تَشَاءُ وَتَنْزِعُ الْمُلْكَ مِمَّنْ تَشَاءُ وَتُعِزُّ مَنْ تَشَاءُ وَتُذِلُّ مَنْ تَشَاءُ ۖ بِيَدِكَ الْخَيْرُ ۖ إِنَّكَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
Айткын: "Оо, Аллахым! Бардык мүлктүн Падышасы! Сен мүлктү каалаган пендеңе бересиң жана каалаган пендеңден мүлктү тартып аласың. Жана кимди кааласаң ардактуу кыласың, кимди кааласаң кор кыласың. Жакшылык Сенин гана колуңда. Сен бардык нерсеге Кудуреттүүсүң.
3:26 -
تُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَتُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ ۖ وَتُخْرِجُ الْحَيَّ مِنَ الْمَيِّتِ وَتُخْرِجُ الْمَيِّتَ مِنَ الْحَيِّ ۖ وَتَرْزُقُ مَنْ تَشَاءُ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Сен (О, Аллахым!) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизесиң. Өлүктөн тирүүнү, тирүүдөн өлүктү чыгарасың жана Өзүң каалаган адамга эсепсиз ырыскы бересиң!"
3:27 -
لَا يَتَّخِذِ الْمُؤْمِنُونَ الْكَافِرِينَ أَوْلِيَاءَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۖ وَمَنْ يَفْعَلْ ذَٰلِكَ فَلَيْسَ مِنَ اللَّهِ فِي شَيْءٍ إِلَّا أَنْ تَتَّقُوا مِنْهُمْ تُقَاةً ۗ وَيُحَذِّرُكُمُ اللَّهُ نَفْسَهُ ۗ وَإِلَى اللَّهِ الْمَصِيرُ
Ыймандуулар (өздөрү сыяктуу) ыймандууларды таштап, каапырларды дос тутпасын! Ким ушундай иш жасаса - анын Аллах менен арасы ачык! Ал эми, алардан (каапырлардан) сак болуу үчүн (тилиңерде достук мамиле кылсаңар) уруксат. Аллах силерди Өзүнөн эскертет. Кайтуу - Аллахтын Өзүнө.
3:28 -
قُلْ إِنْ تُخْفُوا مَا فِي صُدُورِكُمْ أَوْ تُبْدُوهُ يَعْلَمْهُ اللَّهُ ۗ وَيَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ
(О, Мухаммад, адамдарга) айт: "Эгер көкүрөгүңөрдөгү нерселерди жашырсаңар да, жарыяласаңар да Аллах билип турат. Ал асмандар менен жерде болгон бардык нерсени да билет. Аллах бардык нерсеге Кудуреттүү".
3:29
Котормо: Шамсуддин Хакимов