Катталуу, бет 55
-
هُنَالِكَ دَعَا زَكَرِيَّا رَبَّهُ ۖ قَالَ رَبِّ هَبْ لِي مِنْ لَدُنْكَ ذُرِّيَّةً طَيِّبَةً ۖ إِنَّكَ سَمِيعُ الدُّعَاءِ
Ошондо, Закария Раббисине дуба кылып: “О, Раббим! Мага да Өзүңдүн даргөйүңдөн пакиза бир урпак бере көр! Албетте, Сен дубаны Угуучусуң!” деди.
3:38 -
فَنَادَتْهُ الْمَلَائِكَةُ وَهُوَ قَائِمٌ يُصَلِّي فِي الْمِحْرَابِ أَنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكَ بِيَحْيَىٰ مُصَدِّقًا بِكَلِمَةٍ مِنَ اللَّهِ وَسَيِّدًا وَحَصُورًا وَنَبِيًّا مِنَ الصَّالِحِينَ
Анан (күндөрдүн бир күнүндө) ал михрапта намаз окуп турганда периштелер ага: “(О, Закария!) Аллах сени Яхья (деген перзент) менен сүйүнтөт. (Ал бала) Аллахтын Сөзүн (Исаны) тастыктоочу, улукзаада, дене кумарларынан өзүн кармай билген жана (жогорку даражалуу) салих пайгамбарлардан бири болот!” деп добуш беришти.
3:39 -
قَالَ رَبِّ أَنَّىٰ يَكُونُ لِي غُلَامٌ وَقَدْ بَلَغَنِيَ الْكِبَرُ وَامْرَأَتِي عَاقِرٌ ۖ قَالَ كَذَٰلِكَ اللَّهُ يَفْعَلُ مَا يَشَاءُ
(Закария) айтты: “О, Раббим! Мага кайдан бала болсун, өзүм картаң, аялым туубас болсо?!” (Аллах) айтты: “Ушундай. Аллах каалаган ишин аткарат».
3:40 -
قَالَ رَبِّ اجْعَلْ لِي آيَةً ۖ قَالَ آيَتُكَ أَلَّا تُكَلِّمَ النَّاسَ ثَلَاثَةَ أَيَّامٍ إِلَّا رَمْزًا ۗ وَاذْكُرْ رَبَّكَ كَثِيرًا وَسَبِّحْ بِالْعَشِيِّ وَالْإِبْكَارِ
(Закария) айтты: “О, Раббим! (жүрөгүм тынчтанып, санаасыз болушум үчүн) мага (кемпиримдин боюнда болгонун билдирген) бир сыр - белги бере көр!” (Аллах) Айтты: “Сенин белгиң: (тилден калып) үч күн адамдарга ишаарат менен гана сүйлөп каласың. Эми, Раббиңди көп зикир кыл жана эртели-кеч Аны даңктап, тасбих айт!” (Кийинки аятта Аллах таала Имрандын кызы Марямдын окуясын улантат. Ошентип, Марям кыз чоңойгондо ибадатта, тазалык-такыбаада эң бир жогорку даражага жетет).
3:41 -
وَإِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ اصْطَفَاكِ وَطَهَّرَكِ وَاصْطَفَاكِ عَلَىٰ نِسَاءِ الْعَالَمِينَ
Ошондо периштелер: “Оо, Марям! Аллах сени тандап, (жаман пейил-сыпаттардан) тазалады жана ааламдагы бардык аялдардан абзел кылды.
3:42 -
يَا مَرْيَمُ اقْنُتِي لِرَبِّكِ وَاسْجُدِي وَارْكَعِي مَعَ الرَّاكِعِينَ
О, Марям! Раббиңе моюн сунуу менен (көп) ибадат кыл. Жана намаз окуучулар менен бирге сажда, үрүкү кыл” - дешти.
3:43 -
ذَٰلِكَ مِنْ أَنْبَاءِ الْغَيْبِ نُوحِيهِ إِلَيْكَ ۚ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يُلْقُونَ أَقْلَامَهُمْ أَيُّهُمْ يَكْفُلُ مَرْيَمَ وَمَا كُنْتَ لَدَيْهِمْ إِذْ يَخْتَصِمُونَ
Бул окуялар (о, Мухаммад, сен үчүн) кайып кабарлары. Биз ал кабарды сага (Жебирейил периште аркылуу) кабарлап жатабыз. Анткени, (Марям төрөлүп, апасы аны назир кылуу үчүн ибадатканага алып келгенде, ибадаткана кызматчылары) “Эми кимибиз Марямга кепил (камкор) болот”- деп, калемдерин (чүчүкулак катары) таштап жатышканда жана (Марямды талашып) жаңжалдашып турганда сен алардын арасында жок болчусуң.
3:44 -
إِذْ قَالَتِ الْمَلَائِكَةُ يَا مَرْيَمُ إِنَّ اللَّهَ يُبَشِّرُكِ بِكَلِمَةٍ مِنْهُ اسْمُهُ الْمَسِيحُ عِيسَى ابْنُ مَرْيَمَ وَجِيهًا فِي الدُّنْيَا وَالْآخِرَةِ وَمِنَ الْمُقَرَّبِينَ
Бир кезде периштелер айтты: “Оо, Марям! Аллах сени, ысымы Иса Масих ибн Марям болгон Өзүнүн Сөзү менен сүйүнтөт. (Ал) Дүйнө-Акыретте мартабалуу жана Аллахка эң жакын адамдардан болот.
3:45
Котормо: Шамсуддин Хакимов