Катталуу, бет 538
-
هُوَ الَّذِي خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ فِي سِتَّةِ أَيَّامٍ ثُمَّ اسْتَوَىٰ عَلَى الْعَرْشِ ۚ يَعْلَمُ مَا يَلِجُ فِي الْأَرْضِ وَمَا يَخْرُجُ مِنْهَا وَمَا يَنْزِلُ مِنَ السَّمَاءِ وَمَا يَعْرُجُ فِيهَا ۖ وَهُوَ مَعَكُمْ أَيْنَ مَا كُنْتُمْ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرٌ
Ал асмандар менен жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду. Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшүп жаткан жана ага көтөрүлүп жаткан бардык нерселерди билет. Силер кайда болбогула, Ал силер менен бирге. Аллах силердин (бардык) амалыңарды Көрүүчү.
57:4 -
لَهُ مُلْكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَإِلَى اللَّهِ تُرْجَعُ الْأُمُورُ
Асмандар менен жер мүлкү Ага таандык. Бардык иштер Аллахка кайтат.
57:5 -
يُولِجُ اللَّيْلَ فِي النَّهَارِ وَيُولِجُ النَّهَارَ فِي اللَّيْلِ ۚ وَهُوَ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Жана Ал түндү күндүздүн ичине, күндүздү түндүн ичине киргизет. Ал көөдөндөрдөгү сырларды Билүүчү.
57:6 -
آمِنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ وَأَنْفِقُوا مِمَّا جَعَلَكُمْ مُسْتَخْلَفِينَ فِيهِ ۖ فَالَّذِينَ آمَنُوا مِنْكُمْ وَأَنْفَقُوا لَهُمْ أَجْرٌ كَبِيرٌ
(Оо, адамдар!) Аллахка жана пайгамбарына ыйман келтиргиле жана Аллах халифа-орунбасар кылган нерселерден (Аллахтын Жолуна) садака кылгыла. Силерден ким ыйман келтирсе жана садака кылса, аларга чоң сыйлыктар бар.
57:7 -
وَمَا لَكُمْ لَا تُؤْمِنُونَ بِاللَّهِ ۙ وَالرَّسُولُ يَدْعُوكُمْ لِتُؤْمِنُوا بِرَبِّكُمْ وَقَدْ أَخَذَ مِيثَاقَكُمْ إِنْ كُنْتُمْ مُؤْمِنِينَ
Силерге не болгон, пайгамбар Раббиңерге ыйман келтирүүгө чакырып турса да, Аллахка ыйман келтирбей жатасыңар?! Эгер ыймандуу болсоңор, ал убадаңарды алган эле го?!
57:8 -
هُوَ الَّذِي يُنَزِّلُ عَلَىٰ عَبْدِهِ آيَاتٍ بَيِّنَاتٍ لِيُخْرِجَكُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۚ وَإِنَّ اللَّهَ بِكُمْ لَرَءُوفٌ رَحِيمٌ
Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн пендесине (Мухаммадга) анык аяттарды түшүрдү. Аллах силерге өтө Ырайымдуу, Мээримдүү.
57:9 -
وَمَا لَكُمْ أَلَّا تُنْفِقُوا فِي سَبِيلِ اللَّهِ وَلِلَّهِ مِيرَاثُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ لَا يَسْتَوِي مِنْكُمْ مَنْ أَنْفَقَ مِنْ قَبْلِ الْفَتْحِ وَقَاتَلَ ۚ أُولَٰئِكَ أَعْظَمُ دَرَجَةً مِنَ الَّذِينَ أَنْفَقُوا مِنْ بَعْدُ وَقَاتَلُوا ۚ وَكُلًّا وَعَدَ اللَّهُ الْحُسْنَىٰ ۚ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرٌ
Силерге не болду, Аллах жолунда садака кылбайсыңар?! Акыры, асмандар жана жер мурасы Аллахка таандык го! Силердин эч кимиңер «Фатхтан» мурун садака кылгандарга жана согушкандарга теңеле албайт. Алардын даражасы (фатхтан) кийин садака кылып, согушкандардан алда канча жогору. Ошентсе да, Аллах бардыгына сооп-сыйлык (бейиш) убада кылган. Аллах ишиңерден Кабардар.
57:10 -
مَنْ ذَا الَّذِي يُقْرِضُ اللَّهَ قَرْضًا حَسَنًا فَيُضَاعِفَهُ لَهُ وَلَهُ أَجْرٌ كَرِيمٌ
Ким Аллахка (өзүнүн адал мүлкүнөн) жакшынакай карыз берсе, ага ашыкчасы менен кайтарат жана ага улук сооп (бейиш) бар.
57:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов