Катталуу, бет 527
-
إِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ لَيُسَمُّونَ الْمَلَائِكَةَ تَسْمِيَةَ الْأُنْثَىٰ
Чынында, акыретке ыйман келтирбеген адамдар периштелерди аял аттары менен аташат.
53:27 -
وَمَا لَهُمْ بِهِ مِنْ عِلْمٍ ۖ إِنْ يَتَّبِعُونَ إِلَّا الظَّنَّ ۖ وَإِنَّ الظَّنَّ لَا يُغْنِي مِنَ الْحَقِّ شَيْئًا
Алардын илими жок. Күмөндү гана ээрчишет. Ал эми, күмөн деген эч качан акыйкаттын ордун баса албайт.
53:28 -
فَأَعْرِضْ عَنْ مَنْ تَوَلَّىٰ عَنْ ذِكْرِنَا وَلَمْ يُرِدْ إِلَّا الْحَيَاةَ الدُّنْيَا
Эми сен Биздин зикирибизден жүз бурган жана дүйнө жашоосун гана каалаган адамдардан түңүл.
53:29 -
ذَٰلِكَ مَبْلَغُهُمْ مِنَ الْعِلْمِ ۚ إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنْ ضَلَّ عَنْ سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ اهْتَدَىٰ
Алардын илимден жеткен чеги – ушул. Раббиң Өзүнүн Жолунан ким адашып кеткенин жана ким туура жол тапканын билип турат.
53:30 -
وَلِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ لِيَجْزِيَ الَّذِينَ أَسَاءُوا بِمَا عَمِلُوا وَيَجْزِيَ الَّذِينَ أَحْسَنُوا بِالْحُسْنَى
Күнөө жасагандарды кылмышына жараша жазалоо жана сооп иш жасагандарды анысынан жакшыраак (бейиш) менен сыйлоо үчүн асмандардагы жана жердеги бардык нерселер Аллахка таандык.
53:31 -
الَّذِينَ يَجْتَنِبُونَ كَبَائِرَ الْإِثْمِ وَالْفَوَاحِشَ إِلَّا اللَّمَمَ ۚ إِنَّ رَبَّكَ وَاسِعُ الْمَغْفِرَةِ ۚ هُوَ أَعْلَمُ بِكُمْ إِذْ أَنْشَأَكُمْ مِنَ الْأَرْضِ وَإِذْ أَنْتُمْ أَجِنَّةٌ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ ۖ فَلَا تُزَكُّوا أَنْفُسَكُمْ ۖ هُوَ أَعْلَمُ بِمَنِ اتَّقَىٰ
Майда күнөөлөрдөн башка өтө бузук жана чоң күнөөлөрдөн сактанган кишилер үчүн Раббиңдин кечирими кенен. Ал силерди жерден жараткан кезди да, энеңердин курсагындагы ымыркай кезиңерди да эң жакшы билет. Өзүңөрдү актабай эле койгула. Аллах такыбаларды да эң жакшы билет.
53:32 -
أَفَرَأَيْتَ الَّذِي تَوَلَّىٰ
Сен (акыйкаттан) бурулуп кеткендерди көрбөй жатасыңбы?
53:33 -
وَأَعْطَىٰ قَلِيلًا وَأَكْدَىٰ
Алар аз гана (садака) беришет жана токтоп калышат.
53:34 -
أَعِنْدَهُ عِلْمُ الْغَيْبِ فَهُوَ يَرَىٰ
Же алардын алдында көрүп турган кайып илими барбы?!
53:35 -
أَمْ لَمْ يُنَبَّأْ بِمَا فِي صُحُفِ مُوسَىٰ
Же ага Мусанын (Тоорат) сахипасындагы кабарлар жетпегенби?
53:36 -
وَإِبْرَاهِيمَ الَّذِي وَفَّىٰ
(Аллахтын буйругуна) опаа кылган Ибрахимдин (барактарынын) кабарычы?
53:37 -
أَلَّا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ
(Аларда) «Эч бир жан башканын күнөөсүнө жооп бербейт
53:38 -
وَأَنْ لَيْسَ لِلْإِنْسَانِ إِلَّا مَا سَعَىٰ
Жана ар бир инсанга өз аракетинен башка(нын сообу) болбойт» (деп жазылган).
53:39 -
وَأَنَّ سَعْيَهُ سَوْفَ يُرَىٰ
Анын арекети жакында (Кыяматта) көргөзүлөт.
53:40 -
ثُمَّ يُجْزَاهُ الْجَزَاءَ الْأَوْفَىٰ
Кийин өзүнө ылайык жазасы (же сыйлыгы толук) берилет.
53:41 -
وَأَنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ الْمُنْتَهَىٰ
Чынында, (бардык калк-калайык) акыры Раббиңе кайтат.
53:42 -
وَأَنَّهُ هُوَ أَضْحَكَ وَأَبْكَىٰ
Күлдүргөн да, ыйлаткан да Анын Өзү.
53:43 -
وَأَنَّهُ هُوَ أَمَاتَ وَأَحْيَا
Өлтүргөн да, тирилткен да Анын Өзү.
53:44
Котормо: Шамсуддин Хакимов