Сүрө 50 Каф
-
ق ۚ وَالْقُرْآنِ الْمَجِيدِ
Каф. Улук Куранга ант!
50:1 -
بَلْ عَجِبُوا أَنْ جَاءَهُمْ مُنْذِرٌ مِنْهُمْ فَقَالَ الْكَافِرُونَ هَٰذَا شَيْءٌ عَجِيبٌ
(Курайштык) каапырлар (Курандын улуктугун баалоонун ордуна) тескерисинче, аларга өздөрүнүн эле арасында жүргөн (адам) эскертүүчү-пайгамбар (болуп) келгенине таң калып (мындай) дешти: «Бул кызык нерсе го?!
50:2 -
أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا ۖ ذَٰلِكَ رَجْعٌ بَعِيدٌ
Эмне, биз өлүп (чирип) топурак болуп калсак (деле кайра тирилебизби?) Бул – өтө алыс (мүмкүн эмес) кайтуу!»
50:3 -
قَدْ عَلِمْنَا مَا تَنْقُصُ الْأَرْضُ مِنْهُمْ ۖ وَعِنْدَنَا كِتَابٌ حَفِيظٌ
Биз, жер алардан (алардын денелеринен «жеп») кемиткен нерсени билдик. Жана Биздин алдыбызда (бардык нерсенин илимин Өзүндө) сактоочу Китеп (Лавхул Махфуз) бар.
50:4 -
بَلْ كَذَّبُوا بِالْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُمْ فَهُمْ فِي أَمْرٍ مَرِيجٍ
Жок! Аларга Акыйкат (Куран) келген учурда «жалган» деп айтышкан. Алар (Куран жөнүндө) туруксуз пикирде болушту.
50:5 -
أَفَلَمْ يَنْظُرُوا إِلَى السَّمَاءِ فَوْقَهُمْ كَيْفَ بَنَيْنَاهَا وَزَيَّنَّاهَا وَمَا لَهَا مِنْ فُرُوجٍ
Алар үстүндөгү асманга (акыл көзү менен) карашпайбы?! Биз аны (түркүгү жок) куруп, (жылдыздар менен) кооздоп койдук. Анын жарака-тешиги да жок.
50:6 -
وَالْأَرْضَ مَدَدْنَاهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنْبَتْنَا فِيهَا مِنْ كُلِّ زَوْجٍ بَهِيجٍ
Биз жерди да кең-кенен кылып (жаратып), ага тоолорду таштап, анын үстүндө ар түрдүү сонун жуптарды өндүрүп-өстүрдүк.
50:7 -
تَبْصِرَةً وَذِكْرَىٰ لِكُلِّ عَبْدٍ مُنِيبٍ
(Аллахка) кайтуучу ар бир пенде үчүн эскерме жана сабак болсун деп
50:8 -
وَنَزَّلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً مُبَارَكًا فَأَنْبَتْنَا بِهِ جَنَّاتٍ وَحَبَّ الْحَصِيدِ
Жана Биз асмандан берекелүү суу түшүрүп, аны менен бак-дарактарды, жыйнап алынуучу дандарды өстүрдүк.
50:9 -
وَالنَّخْلَ بَاسِقَاتٍ لَهَا طَلْعٌ نَضِيدٌ
Бутактары мөмөлөгөн бийик курмаларды дагы (өстүрдүк),
50:10 -
رِزْقًا لِلْعِبَادِ ۖ وَأَحْيَيْنَا بِهِ بَلْدَةً مَيْتًا ۚ كَذَٰلِكَ الْخُرُوجُ
пенделерге ырыскы болсун деп. Жана ал (суу-жамгыр) менен өлүк шаарларды тирилттик. (Кайра тирилип, мүрзөлөрдөн) чыгуу ушул сыяктуу болот.
50:11 -
كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ وَأَصْحَابُ الرَّسِّ وَثَمُودُ
Алардан (Мекке мушриктеринен) мурун Нухтун коому, кудук элдери жана Самуд коому (пайгамбарларын) «жалганчы» дешкен.
50:12 -
وَعَادٌ وَفِرْعَوْنُ وَإِخْوَانُ لُوطٍ
Аад коому, Фараон, Луттун (каапыр) бир туугандары дагы.
50:13 -
وَأَصْحَابُ الْأَيْكَةِ وَقَوْمُ تُبَّعٍ ۚ كُلٌّ كَذَّبَ الرُّسُلَ فَحَقَّ وَعِيدِ
Токой элдери жана Тубба коому дагы «жалганчы» дешкенде...(алардын үстүнө) Менин (азап жөнүндөгү) убадам чындап келди.
50:14 -
أَفَعَيِينَا بِالْخَلْقِ الْأَوَّلِ ۚ بَلْ هُمْ فِي لَبْسٍ مِنْ خَلْقٍ جَدِيدٍ
Эмне, Биз абалкы жаратууда алсыздык кылган белек? Тескерисинче, алар (Мекке мушриктери) жаңыдан (экинчи ирет) жаратуудан күмөндө болушту.
50:15 -
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنْسَانَ وَنَعْلَمُ مَا تُوَسْوِسُ بِهِ نَفْسُهُ ۖ وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنْ حَبْلِ الْوَرِيدِ
Инсанды Биз жаратканбыз жана анын напсиси азгыра турган нерселерди да Өзүбүз билебиз. Биз ага күрөө тамырынан да жакынбыз.
50:16 -
إِذْ يَتَلَقَّى الْمُتَلَقِّيَانِ عَنِ الْيَمِينِ وَعَنِ الشِّمَالِ قَعِيدٌ
Анткени, (инсандын) оң жана сол тарабында (Биз жиберген) эки кабыл алуучу (периште) олтурат.
50:17 -
مَا يَلْفِظُ مِنْ قَوْلٍ إِلَّا لَدَيْهِ رَقِيبٌ عَتِيدٌ
Кандай гана сөз сүйлөбөсүн, анын алдында күзөтчү (периште) турат.
50:18 -
وَجَاءَتْ سَكْرَةُ الْمَوْتِ بِالْحَقِّ ۖ ذَٰلِكَ مَا كُنْتَ مِنْهُ تَحِيدُ
(Эй, күнөөкөр адам!) Өлүм масчылыгы Акыйкатта (мына башыңа) келди! Сен качып жүргөн нерсе – ушул!
50:19 -
وَنُفِخَ فِي الصُّورِ ۚ ذَٰلِكَ يَوْمُ الْوَعِيدِ
Жана (мынакей), Сур (кернейи) да тартылды. Бул - убада кылынган Күн.
50:20
Котормо: Шамсуддин Хакимов