Катталуу, бет 516
-
وَلَوْ أَنَّهُمْ صَبَرُوا حَتَّىٰ تَخْرُجَ إِلَيْهِمْ لَكَانَ خَيْرًا لَهُمْ ۚ وَاللَّهُ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Эгер алар, сен чыкканга чейин сабыр кылып турушканда өздөрүнө жакшы болмок. (Бирок), Аллах - Кечирүүчү, Боорукер.
49:5 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِنْ جَاءَكُمْ فَاسِقٌ بِنَبَإٍ فَتَبَيَّنُوا أَنْ تُصِيبُوا قَوْمًا بِجَهَالَةٍ فَتُصْبِحُوا عَلَىٰ مَا فَعَلْتُمْ نَادِمِينَ
Оо, ыйман келтирген пенделер! Эгер силерге бир күнөөлүү адам (кандайдыр) кабар алып келсе, наадандык менен (ал жамандаган) коомду кайгы-капага салбашыңар үчүн жана жасаган ишиңерге бушайман болуп калбашыңар үчүн жакшылап (чын-төгүнүн) териштиргиле.
49:6 -
وَاعْلَمُوا أَنَّ فِيكُمْ رَسُولَ اللَّهِ ۚ لَوْ يُطِيعُكُمْ فِي كَثِيرٍ مِنَ الْأَمْرِ لَعَنِتُّمْ وَلَٰكِنَّ اللَّهَ حَبَّبَ إِلَيْكُمُ الْإِيمَانَ وَزَيَّنَهُ فِي قُلُوبِكُمْ وَكَرَّهَ إِلَيْكُمُ الْكُفْرَ وَالْفُسُوقَ وَالْعِصْيَانَ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الرَّاشِدُونَ
Жана билип алгыла, силердин араңарда Аллахтын элчиси бар! Эгер ал көпчүлүк иштерде силерге моюн сунса, кыйналып каласыңар! Бирок Аллах силерге ыйманды жакшы көргөзүп, аны менен жүрөгүңөрдү кооздоп койду жана силерге каапырчыкты, күнөөнү, (Өзүнө) каршы чыгууну жаман көргөздү. Ушул (сыпаттагы) адамдар гана, туура жолдогу кишилер!
49:7 -
فَضْلًا مِنَ اللَّهِ وَنِعْمَةً ۚ وَاللَّهُ عَلِيمٌ حَكِيمٌ
Аллах тарабынан (берилген) пазилет жана нээмат (ушул). Аллах - Билерман, Даанышман!
49:8 -
وَإِنْ طَائِفَتَانِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ اقْتَتَلُوا فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا ۖ فَإِنْ بَغَتْ إِحْدَاهُمَا عَلَى الْأُخْرَىٰ فَقَاتِلُوا الَّتِي تَبْغِي حَتَّىٰ تَفِيءَ إِلَىٰ أَمْرِ اللَّهِ ۚ فَإِنْ فَاءَتْ فَأَصْلِحُوا بَيْنَهُمَا بِالْعَدْلِ وَأَقْسِطُوا ۖ إِنَّ اللَّهَ يُحِبُّ الْمُقْسِطِينَ
Эгерде момундардан эки тайпасы өз ара согушуп калса, экөөнүн арасын оңдогула! Эгерде экөөсүнөн бири экинчисине зулум кылса, силер зулум кылганына каршы, Аллахтын буйругуна кайтканга чейин согушкула! Эгер (тообо кылып, Аллахтын өкүмүнө) кайтса, экөөсүнүн арасын адилеттик менен оңдоп (жараштырып) койгула! Жана (колуңардан келишинче) адилет кылгыла! Аллах адил адамдарды сүйөт.
49:9 -
إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ إِخْوَةٌ فَأَصْلِحُوا بَيْنَ أَخَوَيْكُمْ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ لَعَلَّكُمْ تُرْحَمُونَ
Чынында, (бардык) момундар – бир туугандар! Бир тууганыңардын арасын оңдогула! Жана Аллахтан корккула! Ажеп эмес, ырайымына арзысаңар!
49:10 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا يَسْخَرْ قَوْمٌ مِنْ قَوْمٍ عَسَىٰ أَنْ يَكُونُوا خَيْرًا مِنْهُمْ وَلَا نِسَاءٌ مِنْ نِسَاءٍ عَسَىٰ أَنْ يَكُنَّ خَيْرًا مِنْهُنَّ ۖ وَلَا تَلْمِزُوا أَنْفُسَكُمْ وَلَا تَنَابَزُوا بِالْأَلْقَابِ ۖ بِئْسَ الِاسْمُ الْفُسُوقُ بَعْدَ الْإِيمَانِ ۚ وَمَنْ لَمْ يَتُبْ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الظَّالِمُونَ
Оо, ыйман келтирген пенделер! Эч бир эл башка элди мазактабасын! Алар (мазакталгандар) булардан жакшыраак болуп калуусу толук мүмкүн. Жана эч бир аялдар башка аялдарды шылдыңдабасын, алар булардан жакшыраак болуп калышы мүмүкүн. Өзүңөрдү-өзүңөр (жаман) ылакаптар менен мыскылдабагыла! Ыймандын артынан бузук ысым (менен аталуу) кандай жаман! Ал эми, кимде-ким тообо кылбаса, алар залымдар!
49:11
Котормо: Шамсуддин Хакимов