Катталуу, бет 515

  1. مُحَمَّدٌ رَسُولُ اللَّهِ ۚ وَالَّذِينَ مَعَهُ أَشِدَّاءُ عَلَى الْكُفَّارِ رُحَمَاءُ بَيْنَهُمْ ۖ تَرَاهُمْ رُكَّعًا سُجَّدًا يَبْتَغُونَ فَضْلًا مِنَ اللَّهِ وَرِضْوَانًا ۖ سِيمَاهُمْ فِي وُجُوهِهِمْ مِنْ أَثَرِ السُّجُودِ ۚ ذَٰلِكَ مَثَلُهُمْ فِي التَّوْرَاةِ ۚ وَمَثَلُهُمْ فِي الْإِنْجِيلِ كَزَرْعٍ أَخْرَجَ شَطْأَهُ فَآزَرَهُ فَاسْتَغْلَظَ فَاسْتَوَىٰ عَلَىٰ سُوقِهِ يُعْجِبُ الزُّرَّاعَ لِيَغِيظَ بِهِمُ الْكُفَّارَ ۗ وَعَدَ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنْهُمْ مَغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا

    Мухаммад – Аллахтын элчиси! Аны менен бирге (сахаба) болгон кишилер каапырларга катуу-өктөм, бири-бирине боорукер! Сен аларды рукуу-сажда кылган абалында Аллахтан пазилет жана ыраазычылык сурап жаткандарын көрөсүң. Алардын жүздөрүндө сажданын белгилери бар. Бул алардын Тоораттагы сыпаттары. Ал эми, алардын Инжилдеги сыпаттары - өзүнөн көп шак-бутак чыгарып, кубаттанып, анан (ал бутактар) жоон болуп, анан денесин кере түздөп, дыйкандарды таң калтырган дарак сыяктуу. (Бул мисал) каапырлардын көңүлүн чөктүрүү үчүн. Аллах алардын арасынан ыйман келтирип, салих амал кылган момундарга (күнөөлөрүн) кечирүүнү жана улук соопту убада кылды.

    48:29
  2. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تُقَدِّمُوا بَيْنَ يَدَيِ اللَّهِ وَرَسُولِهِ ۖ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ سَمِيعٌ عَلِيمٌ

    Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын жана пайгамбарынын алдында (бир иш же сөз менен) жулунбагыла! Жана Аллахтан корккула! Чынында Аллах - Угуучу, Билүүчү!

    49:1
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَرْفَعُوا أَصْوَاتَكُمْ فَوْقَ صَوْتِ النَّبِيِّ وَلَا تَجْهَرُوا لَهُ بِالْقَوْلِ كَجَهْرِ بَعْضِكُمْ لِبَعْضٍ أَنْ تَحْبَطَ أَعْمَالُكُمْ وَأَنْتُمْ لَا تَشْعُرُونَ

    Оо, ыйман келтирген пенделер! Добушуңарды пайгамбардын добушунан бийик көтөрбөгүлө! Билбестиктен улам (сооптуу) ишиңер «күйүп кетпеши» үчүн, бири-бириңерге кыйкырып сүйлөгөндөй ага (пайгамбарга) кыйкырып сүйлөбөгүлө!

    49:2
  4. إِنَّ الَّذِينَ يَغُضُّونَ أَصْوَاتَهُمْ عِنْدَ رَسُولِ اللَّهِ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ امْتَحَنَ اللَّهُ قُلُوبَهُمْ لِلتَّقْوَىٰ ۚ لَهُمْ مَغْفِرَةٌ وَأَجْرٌ عَظِيمٌ

    Чынында, Аллахтын элчисинин алдында добушун төмөндөткөн адамдар гана, Аллах алардын жүрөктөрүн такыбалык үчүн сынаган (жана сыноодон өткөн) кишилер. Аларга (Аллах тарабынан) кечирим жана улук сооп бар!

    49:3
  5. إِنَّ الَّذِينَ يُنَادُونَكَ مِنْ وَرَاءِ الْحُجُرَاتِ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ

    (Оо, Мухаммад), сага бөлмөлөрдүн артынан кыйкырган кишилердин көпчүлүгү акылын иштетпеген адамдар.

    49:4

Котормо: Шамсуддин Хакимов