Катталуу, бет 517
-
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اجْتَنِبُوا كَثِيرًا مِنَ الظَّنِّ إِنَّ بَعْضَ الظَّنِّ إِثْمٌ ۖ وَلَا تَجَسَّسُوا وَلَا يَغْتَبْ بَعْضُكُمْ بَعْضًا ۚ أَيُحِبُّ أَحَدُكُمْ أَنْ يَأْكُلَ لَحْمَ أَخِيهِ مَيْتًا فَكَرِهْتُمُوهُ ۚ وَاتَّقُوا اللَّهَ ۚ إِنَّ اللَّهَ تَوَّابٌ رَحِيمٌ
Оо, ыйман келтиргендер! Күмөнчүл болуудан сактангыла! Чынында кээ бир күмөндөр күнөө. Жана бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди кыйбат кылбагыла! Силерден бириңер өз бир тууганынын этин жегенди жактырабы?! Жактырбайсыңар го! Аллахтан корккула! Чынында, Аллах тооболорду Кабылдоочу, Боорукер!
49:12 -
يَا أَيُّهَا النَّاسُ إِنَّا خَلَقْنَاكُمْ مِنْ ذَكَرٍ وَأُنْثَىٰ وَجَعَلْنَاكُمْ شُعُوبًا وَقَبَائِلَ لِتَعَارَفُوا ۚ إِنَّ أَكْرَمَكُمْ عِنْدَ اللَّهِ أَتْقَاكُمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلِيمٌ خَبِيرٌ
Оо, адамдар! Биз силерди бир эркек жана бир аялдан (Адам ата менен Обо энеден) жаратып, өз-ара таанышып-билишиңер үчүн улуттарга, урууларга (бөлүп) койдук. Аллахтын назарында силердин эң улугуңар – такыбалуураак болгонуңар. Аллах чынында, Билүүчү, Кабардар!
49:13 -
قَالَتِ الْأَعْرَابُ آمَنَّا ۖ قُلْ لَمْ تُؤْمِنُوا وَلَٰكِنْ قُولُوا أَسْلَمْنَا وَلَمَّا يَدْخُلِ الْإِيمَانُ فِي قُلُوبِكُمْ ۖ وَإِنْ تُطِيعُوا اللَّهَ وَرَسُولَهُ لَا يَلِتْكُمْ مِنْ أَعْمَالِكُمْ شَيْئًا ۚ إِنَّ اللَّهَ غَفُورٌ رَحِيمٌ
Бедуиндер: «Биз ыймандуубуз» - дешет. Айткын: «Ыймандуу эмессиңер, бирок «Исламга кирдик» – дегиле. Ыйман силердин жүрөгүңөргө толук жете элек». Жана эгер Аллахка жана Анын элчисине моюн сунсаңар, Ал силердин амалыңардан эч нерсени кемитпейт. Чынында, Аллах – Кечиримдүү, Ырайымдуу.
49:14 -
إِنَّمَا الْمُؤْمِنُونَ الَّذِينَ آمَنُوا بِاللَّهِ وَرَسُولِهِ ثُمَّ لَمْ يَرْتَابُوا وَجَاهَدُوا بِأَمْوَالِهِمْ وَأَنْفُسِهِمْ فِي سَبِيلِ اللَّهِ ۚ أُولَٰئِكَ هُمُ الصَّادِقُونَ
Албетте, Аллахка жана Анын элчисине ыйман келтирип, андан (өз ыйманынан) шек санабаган жана Аллахтын жолунда малдары, жандары менен жихад кылган адамдар гана (ыйманында) чынчыл кишилер.
49:15 -
قُلْ أَتُعَلِّمُونَ اللَّهَ بِدِينِكُمْ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۚ وَاللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ
(Оо, Мухаммад, акылысыз адамдарга) айткын: «Аллахка диниңерди билдирип койоюн дедиңерби? Аллах асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселерди (ошонун арасында силердин жүрөгүңөрдөгү ой-максаттарыңарды да) билет. Жана Аллах - бардык нерселерди Билүүчү».
49:16 -
يَمُنُّونَ عَلَيْكَ أَنْ أَسْلَمُوا ۖ قُلْ لَا تَمُنُّوا عَلَيَّ إِسْلَامَكُمْ ۖ بَلِ اللَّهُ يَمُنُّ عَلَيْكُمْ أَنْ هَدَاكُمْ لِلْإِيمَانِ إِنْ كُنْتُمْ صَادِقِينَ
Алар сага өздөрүнүн мусулман болгондуктарын милдет (колко) кылышат. Айткын: «Исламга киргениңерди колко кылбагыла! Тескерисинче, Аллах силерди туура жолго баштаганын колко кылат, эгер (ыйманыңарда) чынчыл болсоңор».
49:17 -
إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ غَيْبَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَاللَّهُ بَصِيرٌ بِمَا تَعْمَلُونَ
Чынында Аллах асмандардагы жана Жердеги кайыптарды билет. Аллах силер жасаган иштерди Көрүүчү.
49:18
Котормо: Шамсуддин Хакимов