Катталуу, бет 514

  1. وَهُوَ الَّذِي كَفَّ أَيْدِيَهُمْ عَنْكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ عَنْهُمْ بِبَطْنِ مَكَّةَ مِنْ بَعْدِ أَنْ أَظْفَرَكُمْ عَلَيْهِمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا

    Жана (Аллах) Меккенин (чекарасынын) ичинде, силерди алардан үстөм кылып койсо да, силердин колуңарды алардан, алардын колун силерден тыйып койду. Аллах жасаган ишиңерди Көрүүчү!

    48:24
  2. هُمُ الَّذِينَ كَفَرُوا وَصَدُّوكُمْ عَنِ الْمَسْجِدِ الْحَرَامِ وَالْهَدْيَ مَعْكُوفًا أَنْ يَبْلُغَ مَحِلَّهُ ۚ وَلَوْلَا رِجَالٌ مُؤْمِنُونَ وَنِسَاءٌ مُؤْمِنَاتٌ لَمْ تَعْلَمُوهُمْ أَنْ تَطَئُوهُمْ فَتُصِيبَكُمْ مِنْهُمْ مَعَرَّةٌ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۖ لِيُدْخِلَ اللَّهُ فِي رَحْمَتِهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ لَوْ تَزَيَّلُوا لَعَذَّبْنَا الَّذِينَ كَفَرُوا مِنْهُمْ عَذَابًا أَلِيمًا

    Алар каапыр болгон, силерди «Аль-Харам» мечитинен тоскон жана туткундалган белек-курмандык жаныбарларды да союлчу жайына жетип барышынан тоскон адамдар. Эгерде (Мекке мушриктеринин арасында) силер тааныбаган момун эркектер, момун аялдар бар болбогондо, аларды тааныбай басып кирсеңер (жана өлтүрүп койсоңор) алар себептүү силерге күнөө жетип калбаганда (Аллах Меккеге күч менен киришиңерге уруксат бермек. Бирок,) Аллах каалаган (момун) пенделерин Өз ырайымынын астына калкалашы үчүн (согушка уруксат бербеди). Эгер (Меккедеги ыймандуулар өзүнчө) бөлүнүп турса, алардан (Мекке элинен) каапыр болгондорун (силердин колуңар менен) катуу азаптаган болоор элек.

    48:25
  3. إِذْ جَعَلَ الَّذِينَ كَفَرُوا فِي قُلُوبِهِمُ الْحَمِيَّةَ حَمِيَّةَ الْجَاهِلِيَّةِ فَأَنْزَلَ اللَّهُ سَكِينَتَهُ عَلَىٰ رَسُولِهِ وَعَلَى الْمُؤْمِنِينَ وَأَلْزَمَهُمْ كَلِمَةَ التَّقْوَىٰ وَكَانُوا أَحَقَّ بِهَا وَأَهْلَهَا ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا

    Ошондо, каапырлар жүрөктөрүнө жахилия кызуу кандуулугун салганда, Аллах Өз пайгамбарына жана момундарга бейпилдигин түшүрдү жана аларга такыба келмесин (бекем) кармоого буюрду. Алар бул сөзгө акысы көбүрөөк жана ылайыгыраак болчу. Аллах ар бир нерсени Билүүчү!

    48:26
  4. لَقَدْ صَدَقَ اللَّهُ رَسُولَهُ الرُّؤْيَا بِالْحَقِّ ۖ لَتَدْخُلُنَّ الْمَسْجِدَ الْحَرَامَ إِنْ شَاءَ اللَّهُ آمِنِينَ مُحَلِّقِينَ رُءُوسَكُمْ وَمُقَصِّرِينَ لَا تَخَافُونَ ۖ فَعَلِمَ مَا لَمْ تَعْلَمُوا فَجَعَلَ مِنْ دُونِ ذَٰلِكَ فَتْحًا قَرِيبًا

    Аллах Өз пайгамбарынын чын түшүн оңунан келтирди. (Оо, момундар!) Силер Аллах кааласа, албетте тынчтык-бейпилдик менен, чачыңарды кырдырткан жана кыскарттырган абалда, эч коркпой «Аль-Харам» мечитине киресиңер. (Аллах) силер билбеген нерсени билди жана (азырынча силерге) андан (Меккеге кирүүдөн) башка жакын жеңишти (Хайбарды багынтууну) берди.

    48:27
  5. هُوَ الَّذِي أَرْسَلَ رَسُولَهُ بِالْهُدَىٰ وَدِينِ الْحَقِّ لِيُظْهِرَهُ عَلَى الدِّينِ كُلِّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ شَهِيدًا

    «Ал Өз пайгамбарын туура жол жана Акыйкат Дин менен, аны бардык диндерден жогору кылуу үчүн жиберди. Аллах жетиштүү Күбө!»

    48:28

Котормо: Шамсуддин Хакимов