Катталуу, бет 50

  1. الم

    Алиф, Лам, Мим.

    3:1
  2. اللَّهُ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْحَيُّ الْقَيُّومُ

    Аллах… Андан башка сыйынууга татыктуу кудай жок. Ал – түбөлүк Тирүү жана (түбөлүк башкарып) Туруучу.

    3:2
  3. نَزَّلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ مُصَدِّقًا لِمَا بَيْنَ يَدَيْهِ وَأَنْزَلَ التَّوْرَاةَ وَالْإِنْجِيلَ

    «(Оо, Мухаммад!) Ал сага, өзүнөн мурунку (ыйык китептер жана алардагы кабарлардан турган) нерселерди тастыктаган Китепти (Куранды) акыйкат менен түшүрдү. Андан мурун адамдарга туура жол кылып Тоорат менен Инжилди түшүргөн».

    3:3
  4. مِنْ قَبْلُ هُدًى لِلنَّاسِ وَأَنْزَلَ الْفُرْقَانَ ۗ إِنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ لَهُمْ عَذَابٌ شَدِيدٌ ۗ وَاللَّهُ عَزِيزٌ ذُو انْتِقَامٍ

    «(Эми, чындык менен жалгандын арасын) ажыратып берүүчүнү (Куранды) түшүрдү. Аллахтын аяттарына каапыр болгон адамдар үчүн катуу азап бар. Аллах Кудуреттүү, өч алуучу!»

    3:4
  5. إِنَّ اللَّهَ لَا يَخْفَىٰ عَلَيْهِ شَيْءٌ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ

    Албетте, Аллахка жердеги жана асмандагы эч бир нерсе жашыруун эмес.

    3:5
  6. هُوَ الَّذِي يُصَوِّرُكُمْ فِي الْأَرْحَامِ كَيْفَ يَشَاءُ ۚ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Ал силерди (энеңердин) жатындар(ын)да Өзү каалаган кейипке киргизет. Эч бир сыйынууга татыктуу кудай жок, жалгыз Анын Өзү бар. (Ал) Кудуреттүү, Даанышман.

    3:6
  7. هُوَ الَّذِي أَنْزَلَ عَلَيْكَ الْكِتَابَ مِنْهُ آيَاتٌ مُحْكَمَاتٌ هُنَّ أُمُّ الْكِتَابِ وَأُخَرُ مُتَشَابِهَاتٌ ۖ فَأَمَّا الَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ زَيْغٌ فَيَتَّبِعُونَ مَا تَشَابَهَ مِنْهُ ابْتِغَاءَ الْفِتْنَةِ وَابْتِغَاءَ تَأْوِيلِهِ ۗ وَمَا يَعْلَمُ تَأْوِيلَهُ إِلَّا اللَّهُ ۗ وَالرَّاسِخُونَ فِي الْعِلْمِ يَقُولُونَ آمَنَّا بِهِ كُلٌّ مِنْ عِنْدِ رَبِّنَا ۗ وَمَا يَذَّكَّرُ إِلَّا أُولُو الْأَلْبَابِ

    (О, Мухаммад!) Ал сага (теңдешсиз) Китеп (Куран) түшүргөн Зат. Анын (Курандын) ичинен Китептин энеси (маңызы сыяктуу) болгон мухкам - анык аяттар жана алардан башка муташабих (түшүнүлүшү оор) аяттар орун алган. Ал эми, жүрөгүндө илдет-ийрилик болгон адамдар аны (өз каалоолоруна ылайыктап) түшүндүрүүнү жана бузукулукту үмүт кылып, муташабих аяттарды ээрчишет. Ал (муташабих) аяттын (толук) түшүндүрмөсүн Аллахтан бөлөк эч ким (анык) билбейт. (Ошондуктан) терең илимдүү адамдар: "Биз ага (Куранга) ыйман келтиргенбиз. Анын (аяттарынын) бардыгы (мухкамы дагы, муташабихи дагы) Раббибибиздин алдынан (келген акыйкат)" дешет. Акылдуу адамдар гана (мындан) зикир (эскерме) алат.

    3:7
  8. رَبَّنَا لَا تُزِغْ قُلُوبَنَا بَعْدَ إِذْ هَدَيْتَنَا وَهَبْ لَنَا مِنْ لَدُنْكَ رَحْمَةً ۚ إِنَّكَ أَنْتَ الْوَهَّابُ

    О, Рабби! Бизди туура жолго салганыңдан кийин жүрөктөрүбүздү адаштырба! Жана бизге Өзүңдүн ырайым-рахматыңды белек кыл! Албетте, Сен белектерди көп берүүчү – Ваххабсың.

    3:8
  9. رَبَّنَا إِنَّكَ جَامِعُ النَّاسِ لِيَوْمٍ لَا رَيْبَ فِيهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَا يُخْلِفُ الْمِيعَادَ

    О, биздин Рабби! Албетте, Сен адамдарды, анда шек-күмөн болбогон (Кыямат) Күн үчүн чогултуучусуң. Аллах эч качан убадасын бузбайт!

    3:9

Котормо: Шамсуддин Хакимов