Катталуу, бет 49

  1. وَإِنْ كُنْتُمْ عَلَىٰ سَفَرٍ وَلَمْ تَجِدُوا كَاتِبًا فَرِهَانٌ مَقْبُوضَةٌ ۖ فَإِنْ أَمِنَ بَعْضُكُمْ بَعْضًا فَلْيُؤَدِّ الَّذِي اؤْتُمِنَ أَمَانَتَهُ وَلْيَتَّقِ اللَّهَ رَبَّهُ ۗ وَلَا تَكْتُمُوا الشَّهَادَةَ ۚ وَمَنْ يَكْتُمْهَا فَإِنَّهُ آثِمٌ قَلْبُهُ ۗ وَاللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ

    Эгер сапарда болуп, жазуучу таппай калсаңар (карыздын наркына тең) колго илингидей күрөө алсаңар болот. А, эгер бири-бириңерге ишенчү болсоңор (жаздырбай жана күрөө албай эле) ишенилген адам аманатын (өз мөөнөтүндө) аткарсын жана Раббиси – Аллахтан корксун! (Оо, момундар!) Күбөлүктү жаап-жашырбагыла! Ким жаап-жашырса – анын жүрөгү күнөөлүү. Аллах силердин ишиңерди Билүүчү.

    2:283
  2. لِلَّهِ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَمَا فِي الْأَرْضِ ۗ وَإِنْ تُبْدُوا مَا فِي أَنْفُسِكُمْ أَوْ تُخْفُوهُ يُحَاسِبْكُمْ بِهِ اللَّهُ ۖ فَيَغْفِرُ لِمَنْ يَشَاءُ وَيُعَذِّبُ مَنْ يَشَاءُ ۗ وَاللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Асмандардагы жана жердеги (бардык) нерселер Аллахка таандык. Эгер силер ичиңердеги (ой-кыял, пейил, максаттан турган) нерселерди жашырсаңар же ашкере кылсаңар да Аллах силерди ошол нерсе менен эсеп-китеп кылат, жана Өзү каалаган адамын кечирип, каалаганын азапка салат. Аллах ар бир нерсеге Кудуреттүү.

    2:284
  3. آمَنَ الرَّسُولُ بِمَا أُنْزِلَ إِلَيْهِ مِنْ رَبِّهِ وَالْمُؤْمِنُونَ ۚ كُلٌّ آمَنَ بِاللَّهِ وَمَلَائِكَتِهِ وَكُتُبِهِ وَرُسُلِهِ لَا نُفَرِّقُ بَيْنَ أَحَدٍ مِنْ رُسُلِهِ ۚ وَقَالُوا سَمِعْنَا وَأَطَعْنَا ۖ غُفْرَانَكَ رَبَّنَا وَإِلَيْكَ الْمَصِيرُ

    «Элчи өзүнө Раббиси тарабынан түшүрүлгөн нерсеге ыйман келтирди жана ыймандуу адамдар дагы (ыйман келтиришти). Бардыгы Аллахка, анын периштелерине, китептерине, пайгамбарларына ыйман келтирди (жана) "Биз Аллахтын пайгамбарларынын арасынан эч кимисин ажыратып (ишенбей) койбойбуз. Оо, биздин Рабби! Биз (Сенин өкүмүңдү) уктук жана (аларга) моюн сундук! Бизди кечире көр! Жана сага гана кайтабыз" деп айтышты».

    2:285
  4. لَا يُكَلِّفُ اللَّهُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۚ لَهَا مَا كَسَبَتْ وَعَلَيْهَا مَا اكْتَسَبَتْ ۗ رَبَّنَا لَا تُؤَاخِذْنَا إِنْ نَسِينَا أَوْ أَخْطَأْنَا ۚ رَبَّنَا وَلَا تَحْمِلْ عَلَيْنَا إِصْرًا كَمَا حَمَلْتَهُ عَلَى الَّذِينَ مِنْ قَبْلِنَا ۚ رَبَّنَا وَلَا تُحَمِّلْنَا مَا لَا طَاقَةَ لَنَا بِهِ ۖ وَاعْفُ عَنَّا وَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا ۚ أَنْتَ مَوْلَانَا فَانْصُرْنَا عَلَى الْقَوْمِ الْكَافِرِينَ

    Аллах эч бир жанды кудурети жетпеген нерсеге буюрбайт (ар кимдин) пайдасы да өз иши(нен), зыяны да өз иши(нен) Оо, биздин Рабби! Эгер унутсак же ката кетирсек бизди жазалаба?! Оо, Раббибиз! Мойнубузга, бизден мурункуларга жүктөгөндөй оор ишти жүктөбө! Оо, Раббибиз! Биздин үстүбүзгө кудуретибиз жетпеген нерселерди жүктөбө! Биздин күнөөлөрүбүздү өчүр жана кечир, бизге ырайым кыл! Өзүң биздин Кожоюнубузсуң! Каапыр коомдорго каршы бизге жардам бер!

    2:286

Котормо: Шамсуддин Хакимов