Катталуу, бет 461
-
أَفَمَنْ شَرَحَ اللَّهُ صَدْرَهُ لِلْإِسْلَامِ فَهُوَ عَلَىٰ نُورٍ مِنْ رَبِّهِ ۚ فَوَيْلٌ لِلْقَاسِيَةِ قُلُوبُهُمْ مِنْ ذِكْرِ اللَّهِ ۚ أُولَٰئِكَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ
Аллах көкүрөгүн Исламга ачып, (натыйжада) ал Раббисинен берилген Нур-хидаяттын үстүндө болгон адам (таш жүрөк адам менен теңби?) Аллахты эскерүүдөн жүрөктөрү таш болуп калгандарга өлүм болсун! Алар анык адашууда!
39:22 -
اللَّهُ نَزَّلَ أَحْسَنَ الْحَدِيثِ كِتَابًا مُتَشَابِهًا مَثَانِيَ تَقْشَعِرُّ مِنْهُ جُلُودُ الَّذِينَ يَخْشَوْنَ رَبَّهُمْ ثُمَّ تَلِينُ جُلُودُهُمْ وَقُلُوبُهُمْ إِلَىٰ ذِكْرِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ هُدَى اللَّهِ يَهْدِي بِهِ مَنْ يَشَاءُ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Аллах эң мыкты сөздөрдү бири-бирине окшош жана (аяттары) кайталанып келген Китеп сүрөтүндө түшүрдү. Ал Китептен (аны окугандан жана уккандан) Раббисинен корккон пенделердин терилери титирейт. Анан терилери жана жүрөктөрү Аллахты эстегенге жумшап калат. Бул Аллахтын хидаят (туура жол) бергени. Аллах Өз хидаяты менен каалаган пендесин туура жолго баштайт. Ал эми, Аллах кимди адаштырып койсо, ал үчүн туура жолго баштоочу табылбайт.
39:23 -
أَفَمَنْ يَتَّقِي بِوَجْهِهِ سُوءَ الْعَذَابِ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۚ وَقِيلَ لِلظَّالِمِينَ ذُوقُوا مَا كُنْتُمْ تَكْسِبُونَ
Кыямат Күнү жаман азаптан бетин калкалаган адам (Аллах Хидаят берген адамга окшойбу?) (Ошол Күнү) залымдарга «Өзүңөр жасаган (күнөө) иштерди(н азабын) таткыла!» деп айтылат.
39:24 -
كَذَّبَ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ فَأَتَاهُمُ الْعَذَابُ مِنْ حَيْثُ لَا يَشْعُرُونَ
Алардан мурунку (каапыр) адамдар дагы (динди) жалганга чыгарышкан. Анан аларга өздөрү сезбеген тараптан азап келген.
39:25 -
فَأَذَاقَهُمُ اللَّهُ الْخِزْيَ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ
Ошентип, Аллах аларга бул дүйнө жашоосунда кордук (азабын) таттырды. Ал эми, Акырет азабы эгер билишсе, (мындан да) катуураак!
39:26 -
وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ لَعَلَّهُمْ يَتَذَكَّرُونَ
«Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Кана эми (көбүрөөк Аллахты) эстешсе».
39:27 -
قُرْآنًا عَرَبِيًّا غَيْرَ ذِي عِوَجٍ لَعَلَّهُمْ يَتَّقُونَ
Араб тилиндеги Куран шекилинде, эч бир катасы жок абалда (түшүрдүк). Кана эми, такыба кылышса!
39:28 -
ضَرَبَ اللَّهُ مَثَلًا رَجُلًا فِيهِ شُرَكَاءُ مُتَشَاكِسُونَ وَرَجُلًا سَلَمًا لِرَجُلٍ هَلْ يَسْتَوِيَانِ مَثَلًا ۚ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْلَمُونَ
Аллах бир (кул) кишини мисал келтирет: Аны талашкан көп кожоюндары бар. Дагы бир (кул) киши бир гана кожоюнга моюн сунат. Экөөсүнүн мисалы окшошпу? Аллахка мактоолор болсун! Жок, (муну) алардын көпчүлүгү билбейт.
39:29 -
إِنَّكَ مَيِّتٌ وَإِنَّهُمْ مَيِّتُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен да өлөсүң, алар дагы өлүшөт.
39:30 -
ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عِنْدَ رَبِّكُمْ تَخْتَصِمُونَ
Кийин силер Кыямат Күндө Раббиңердин алдында талашасыңар.
39:31
Котормо: Шамсуддин Хакимов