Катталуу, бет 462
-
فَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنْ كَذَبَ عَلَى اللَّهِ وَكَذَّبَ بِالصِّدْقِ إِذْ جَاءَهُ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِلْكَافِرِينَ
Аллах жөнүндө жалган сүйлөгөн жана өзүнө келген убакытта Чын Сөздү (Куранды) «жалган» деген пендеден көбүрөөк залым болгон ким бар?! Тозокто каапырларга орун жок бекен?!
39:32 -
وَالَّذِي جَاءَ بِالصِّدْقِ وَصَدَّقَ بِهِ ۙ أُولَٰئِكَ هُمُ الْمُتَّقُونَ
Ал эми, Чын Сөздү алып келген адам менен аны тастыктаган адам(дар)..., Дал ошолор гана такыба пенделер.
39:33 -
لَهُمْ مَا يَشَاءُونَ عِنْدَ رَبِّهِمْ ۚ ذَٰلِكَ جَزَاءُ الْمُحْسِنِينَ
Аларга Раббисинин алдында (бейиште) көңүлү көксөгөн нерселер бар. Бул – жакшы амал кылгандардын сыйлыгы!
39:34 -
لِيُكَفِّرَ اللَّهُ عَنْهُمْ أَسْوَأَ الَّذِي عَمِلُوا وَيَجْزِيَهُمْ أَجْرَهُمْ بِأَحْسَنِ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ
Андыктан, Аллах алардын жаман (күнөө) иштерин өчүрүп, жасаган жакшы иштерине жараша сыйлык берет.
39:35 -
أَلَيْسَ اللَّهُ بِكَافٍ عَبْدَهُ ۖ وَيُخَوِّفُونَكَ بِالَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ وَمَنْ يُضْلِلِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ هَادٍ
Пендесине Аллахтын Өзү жетиштүү эмеспи? (Оо, Мухаммад!) Алар сени Аллахтан башкасы менен коркутушат. Аллах кимди адаштырып койсо, аны эч ким туура жолго баштай албайт.
39:36 -
وَمَنْ يَهْدِ اللَّهُ فَمَا لَهُ مِنْ مُضِلٍّ ۗ أَلَيْسَ اللَّهُ بِعَزِيزٍ ذِي انْتِقَامٍ
Ал эми, Аллах кимди туура жолго баштаган болсо, аны эч ким адаштыра албайт. Аллах Кудуреттүү, (мушриктерден) өч алуучу эмеспи?!
39:37 -
وَلَئِنْ سَأَلْتَهُمْ مَنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۚ قُلْ أَفَرَأَيْتُمْ مَا تَدْعُونَ مِنْ دُونِ اللَّهِ إِنْ أَرَادَنِيَ اللَّهُ بِضُرٍّ هَلْ هُنَّ كَاشِفَاتُ ضُرِّهِ أَوْ أَرَادَنِي بِرَحْمَةٍ هَلْ هُنَّ مُمْسِكَاتُ رَحْمَتِهِ ۚ قُلْ حَسْبِيَ اللَّهُ ۖ عَلَيْهِ يَتَوَكَّلُ الْمُتَوَكِّلُونَ
Сен алардан «Асмандар менен жерди ким жараткан?» деп сурасаң, «Аллах» – деп даана айтышат. Айткын: «Эми мага кабар бергилечи, эгер Аллах мага бир зыян жеткирсе, Аллахтан башка силер дуба кылып жаткан кудайыңар Анын зыянын (менден) арылта алабы? Же болбосо, Аллах мага бир ырайым(ын) ыраа көрсө, Анын (бул) ырайымын алар токтото алабы?» Айткын: «Мага Аллах жетиштүү (Жардамчы). Тобокел кылуучулар Өзүнө тобокел кылышат.
39:38 -
قُلْ يَا قَوْمِ اعْمَلُوا عَلَىٰ مَكَانَتِكُمْ إِنِّي عَامِلٌ ۖ فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Айткын: «Эй, (мушрик) коомум! Билгениңердей амал (ибадат) кыла бергиле. Мен дагы (өзүм билгендей) амал кылуучумун. Тез арада билип аласыңар -
39:39 -
مَنْ يَأْتِيهِ عَذَابٌ يُخْزِيهِ وَيَحِلُّ عَلَيْهِ عَذَابٌ مُقِيمٌ
кимге кор кылуучу азап (ушул дүйнөдө) келишин жана кимге (Кыяматта) үзгүлтүксүз азап болушун.
39:40
Котормо: Шамсуддин Хакимов