Катталуу, бет 460

  1. قُلْ إِنِّي أُمِرْتُ أَنْ أَعْبُدَ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ

    Айт: «Мен Аллахтын Өзүнө динди калыс кылган абалда ибадат кылууга буюрулдум.

    39:11
  2. وَأُمِرْتُ لِأَنْ أَكُونَ أَوَّلَ الْمُسْلِمِينَ

    Жана мусулмандардын алдыңкысы болууга буюрулдум».

    39:12
  3. قُلْ إِنِّي أَخَافُ إِنْ عَصَيْتُ رَبِّي عَذَابَ يَوْمٍ عَظِيمٍ

    Айт: «Эгер мен Раббиме (ширк келтирүү менен) күнөө кылсам Улуу Күндүн азабынан коркомун!»

    39:13
  4. قُلِ اللَّهَ أَعْبُدُ مُخْلِصًا لَهُ دِينِي

    Айт: «Аллахтын Өзүнө гана динимди калыс кылган абалда ибадат кыламын.

    39:14
  5. فَاعْبُدُوا مَا شِئْتُمْ مِنْ دُونِهِ ۗ قُلْ إِنَّ الْخَاسِرِينَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنْفُسَهُمْ وَأَهْلِيهِمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ ۗ أَلَا ذَٰلِكَ هُوَ الْخُسْرَانُ الْمُبِينُ

    (Эй, мушриктер!) Силер дагы Өзүнөн башка каалаган «кудайыңарга» ибадат кыла бергиле» Айт: «Кыямат Күнү өздөрүнө жана үй-бүлөсүнө зыян келтирген адамдар чыныгы зыян тартуучулар! Көңүл бургула: Анык зыян тартуу – ушул!

    39:15
  6. لَهُمْ مِنْ فَوْقِهِمْ ظُلَلٌ مِنَ النَّارِ وَمِنْ تَحْتِهِمْ ظُلَلٌ ۚ ذَٰلِكَ يُخَوِّفُ اللَّهُ بِهِ عِبَادَهُ ۚ يَا عِبَادِ فَاتَّقُونِ

    Алар үчүн (Кыяматта) үстүлөрүнөн да, астыларынан да жалындуу «көлөкөлөр» бар. Аллах Өз пенделерин ушу менен коркутат. Оо, пенделерим! Менден гана корккула!

    39:16
  7. وَالَّذِينَ اجْتَنَبُوا الطَّاغُوتَ أَنْ يَعْبُدُوهَا وَأَنَابُوا إِلَى اللَّهِ لَهُمُ الْبُشْرَىٰ ۚ فَبَشِّرْ عِبَادِ

    Ал эми, тагутка ибадат кылбай, Аллахтын Өзүнө (ибадат кылуу менен) кайткан адамдарга сүйүнчүлөр бар! Эми Менин (ошол) пенделериме кубанычтуу кабар бер!

    39:17
  8. الَّذِينَ يَسْتَمِعُونَ الْقَوْلَ فَيَتَّبِعُونَ أَحْسَنَهُ ۚ أُولَٰئِكَ الَّذِينَ هَدَاهُمُ اللَّهُ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمْ أُولُو الْأَلْبَابِ

    Алар сөздү угуп эң мыктысын ээрчишет. Алар – Аллах туура жолго баштаган кишилер. Ошолор гана акылдуу кишилер!

    39:18
  9. أَفَمَنْ حَقَّ عَلَيْهِ كَلِمَةُ الْعَذَابِ أَفَأَنْتَ تُنْقِذُ مَنْ فِي النَّارِ

    (Оо, Мухаммад!) азап сөзү акыйкат болуп (тагдырына жазылып) калган адамды (сен туура жолго баштай алар белең?!) Сен тозоктогу адамды куткарып кала алар белең?!

    39:19
  10. لَٰكِنِ الَّذِينَ اتَّقَوْا رَبَّهُمْ لَهُمْ غُرَفٌ مِنْ فَوْقِهَا غُرَفٌ مَبْنِيَّةٌ تَجْرِي مِنْ تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ ۖ وَعْدَ اللَّهِ ۖ لَا يُخْلِفُ اللَّهُ الْمِيعَادَ

    А, бирок, Раббилеринен корккон адамдарга (бейиште) кабат-кабат курулган бөлмөлөр бар, алардын түбүнөн дарыялар агып турат. (Бул) Аллахтын убадасы. Аллах убадасына кыянат кылбайт!

    39:20
  11. أَلَمْ تَرَ أَنَّ اللَّهَ أَنْزَلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَسَلَكَهُ يَنَابِيعَ فِي الْأَرْضِ ثُمَّ يُخْرِجُ بِهِ زَرْعًا مُخْتَلِفًا أَلْوَانُهُ ثُمَّ يَهِيجُ فَتَرَاهُ مُصْفَرًّا ثُمَّ يَجْعَلُهُ حُطَامًا ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَذِكْرَىٰ لِأُولِي الْأَلْبَابِ

    Көрбөй жатасыңбы, Аллах асмандан суу түшүрүп, аны жер боорундагы булактарга жолдоп койду. Анан аны менен ар түрдүү түстөгү өсүмдүктөрдү чыгарат. Кийин (ал өсүмдүктөр) кургайт. Сен алардын саргарып калганын көрөсүң. Кийин (Аллах) аларды кургак чөпкө айлантат. Чынында бул нерседе акылдуу адамдар үчүн эскерме-сабактар бар.

    39:21

Котормо: Шамсуддин Хакимов