Катталуу, бет 459
-
خَلَقَكُمْ مِنْ نَفْسٍ وَاحِدَةٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْهَا زَوْجَهَا وَأَنْزَلَ لَكُمْ مِنَ الْأَنْعَامِ ثَمَانِيَةَ أَزْوَاجٍ ۚ يَخْلُقُكُمْ فِي بُطُونِ أُمَّهَاتِكُمْ خَلْقًا مِنْ بَعْدِ خَلْقٍ فِي ظُلُمَاتٍ ثَلَاثٍ ۚ ذَٰلِكُمُ اللَّهُ رَبُّكُمْ لَهُ الْمُلْكُ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ ۖ فَأَنَّىٰ تُصْرَفُونَ
Ал силерди бир жандан (Адам-Атадан) жаратты. Кийин андан жуп-түгөйүн жасады. Жана (Аллах) силер үчүн чарба айбандарынан сегиз жупту түшүрдү. Ал силерди энеңердин ичиндеги үч караңгылыктын ичинде, акырындык менен, баскычтар түрүндө жаратат. Ушул Аллах – силердин Раббиңер (Бардык) мүлк Анын колунда. Эч бир кудай жок, жалгыз Өзү гана бар! Дагы кайда бурулуп кетип жатасыңар?!
39:6 -
إِنْ تَكْفُرُوا فَإِنَّ اللَّهَ غَنِيٌّ عَنْكُمْ ۖ وَلَا يَرْضَىٰ لِعِبَادِهِ الْكُفْرَ ۖ وَإِنْ تَشْكُرُوا يَرْضَهُ لَكُمْ ۗ وَلَا تَزِرُ وَازِرَةٌ وِزْرَ أُخْرَىٰ ۗ ثُمَّ إِلَىٰ رَبِّكُمْ مَرْجِعُكُمْ فَيُنَبِّئُكُمْ بِمَا كُنْتُمْ تَعْمَلُونَ ۚ إِنَّهُ عَلِيمٌ بِذَاتِ الصُّدُورِ
Эгер каапыр болсоңор, (билип койгула) Аллах силерден Беймуктаж. Ал пенделеринин каапыр болуп кетишине ыраазы болбойт. Ал эми (Өзүнө ыклас менен ибадат кылып) шүгүр келтирсеңер, ушуга силерден ыраазы болот. Эч бир көтөрүүчү башка бирөөнүн жүгүн (күнөөсүн) көтөрбөйт. Кийин силердин кайтууңар – Раббиңерге! Анан Ал силерге (бул дүйнөдө) жасаган ишиңердин кабарын билдирет. Чынында Ал – көкүрөктөгү сырларды Билүүчү!
39:7 -
وَإِذَا مَسَّ الْإِنْسَانَ ضُرٌّ دَعَا رَبَّهُ مُنِيبًا إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا خَوَّلَهُ نِعْمَةً مِنْهُ نَسِيَ مَا كَانَ يَدْعُو إِلَيْهِ مِنْ قَبْلُ وَجَعَلَ لِلَّهِ أَنْدَادًا لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِهِ ۚ قُلْ تَمَتَّعْ بِكُفْرِكَ قَلِيلًا ۖ إِنَّكَ مِنْ أَصْحَابِ النَّارِ
Эгер инсанды бир зыян кармаса, Раббисине гана кайткан абалда дуба кылат. Кийин (Аллах) Өзү тарабынан ага нээмат (зыяндан арылуу) берсе, жаңы эле Ага дуба кылган нерсени унутуп, (өзүн жана башкаларды) азгыруу үчүн Аллахка теңдеш-шерик келтире баштайт. (Аларга) айткын: «Каапырчылыгың менен бир аз пайдаланып тур. (Бир аздан кийин Кыямат келгенде) сен тозок элдеринен болосуң!
39:8 -
أَمَّنْ هُوَ قَانِتٌ آنَاءَ اللَّيْلِ سَاجِدًا وَقَائِمًا يَحْذَرُ الْآخِرَةَ وَيَرْجُو رَحْمَةَ رَبِّهِ ۗ قُلْ هَلْ يَسْتَوِي الَّذِينَ يَعْلَمُونَ وَالَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ ۗ إِنَّمَا يَتَذَكَّرُ أُولُو الْأَلْبَابِ
Же болбосо, (ушул мушрик), Раббисинин ырайымынан үмүткер болуп, Акыреттен коркуп түн ичинде (намазда) турган, сажда кылган абалдагы (Аллахка) моюн сунуучу киши менен тең боло алабы? Айт: «Билимдүү адамдар менен билимсиз адамдар тең боло албайт. Чынында (Аллахты жана Акыретти) акылдуу адамдар гана эскеришет.
39:9 -
قُلْ يَا عِبَادِ الَّذِينَ آمَنُوا اتَّقُوا رَبَّكُمْ ۚ لِلَّذِينَ أَحْسَنُوا فِي هَٰذِهِ الدُّنْيَا حَسَنَةٌ ۗ وَأَرْضُ اللَّهِ وَاسِعَةٌ ۗ إِنَّمَا يُوَفَّى الصَّابِرُونَ أَجْرَهُمْ بِغَيْرِ حِسَابٍ
Менин ыймандуу пенделериме айткын: «Раббиңерден корккула! Ушул дүйнөдө жакшылык (амалдарын) жасагандар үчүн (Акыретте андан абзел) жакшылык бар. Жана Аллахтын жери кенен. Ал сабыр кылуучуларга сооп-сыйлыктарын эсепсиз толуктап берет.
39:10
Котормо: Шамсуддин Хакимов