Катталуу, бет 458

  1. قَالَ فَالْحَقُّ وَالْحَقَّ أَقُولُ

    (Аллах) айтты: «Чын-чынын айтамын:

    38:84
  2. لَأَمْلَأَنَّ جَهَنَّمَ مِنْكَ وَمِمَّنْ تَبِعَكَ مِنْهُمْ أَجْمَعِينَ

    Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»

    38:85
  3. قُلْ مَا أَسْأَلُكُمْ عَلَيْهِ مِنْ أَجْرٍ وَمَا أَنَا مِنَ الْمُتَكَلِّفِينَ

    Айт: «Мен анын (Куранды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин.

    38:86
  4. إِنْ هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِلْعَالَمِينَ

    Бул (Куран) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес.

    38:87
  5. وَلَتَعْلَمُنَّ نَبَأَهُ بَعْدَ حِينٍ

    Анын кабарын(ын чындык экенин) бир аздан кийин (кыяматта) билип аласыңар!

    38:88
  6. تَنْزِيلُ الْكِتَابِ مِنَ اللَّهِ الْعَزِيزِ الْحَكِيمِ

    Бул Китептин (Курандын) түшүшү Кудуреттүү, Даанышман Аллах тарабынан.

    39:1
  7. إِنَّا أَنْزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ بِالْحَقِّ فَاعْبُدِ اللَّهَ مُخْلِصًا لَهُ الدِّينَ

    (Оо, Мухаммад!) Биз сага Китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми жалгыз Аллахка гана чын ыкластан ибадат кыл!

    39:2
  8. أَلَا لِلَّهِ الدِّينُ الْخَالِصُ ۚ وَالَّذِينَ اتَّخَذُوا مِنْ دُونِهِ أَوْلِيَاءَ مَا نَعْبُدُهُمْ إِلَّا لِيُقَرِّبُونَا إِلَى اللَّهِ زُلْفَىٰ إِنَّ اللَّهَ يَحْكُمُ بَيْنَهُمْ فِي مَا هُمْ فِيهِ يَخْتَلِفُونَ ۗ إِنَّ اللَّهَ لَا يَهْدِي مَنْ هُوَ كَاذِبٌ كَفَّارٌ

    Көңүл бургула! Калыс Дин Аллах үчүн! Андан башканы дос (кудай) кылып алгандар: «Биз аларга, бизди Аллахка жакын кылышы үчүн гана ибадат кылуудабыз» (дешет). Чынында, алар талашкан нерселерде алардын арасында Аллах (гана) өкүм кылат. Аллах жалганчыларды жана каапырларды туура жолго баштабайт!

    39:3
  9. لَوْ أَرَادَ اللَّهُ أَنْ يَتَّخِذَ وَلَدًا لَاصْطَفَىٰ مِمَّا يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۚ سُبْحَانَهُ ۖ هُوَ اللَّهُ الْوَاحِدُ الْقَهَّارُ

    Эгер Аллах баласы болууну каалаганда, Өзү жараткан нерселердин арасынан Өзү каалаганын тандап (бала кылып) алмак. Аллах (мындан) Аруу-Таза! Ал – Жалгыз, Жеңүүчү Аллах!

    39:4
  10. خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۖ يُكَوِّرُ اللَّيْلَ عَلَى النَّهَارِ وَيُكَوِّرُ النَّهَارَ عَلَى اللَّيْلِ ۖ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ ۖ كُلٌّ يَجْرِي لِأَجَلٍ مُسَمًّى ۗ أَلَا هُوَ الْعَزِيزُ الْغَفَّارُ

    Ал асмандар менен жерди Акыйкат (даанышмандык жана максат) менен жаратты. Ал түндү күндүзгө, күндүздү түнгө оройт. Жана Ал Күн менен Айды (Өзүнө) моюн сундурду. (Күн, Ай жана башка жылдыздардын) бардыгы белгиленген мөөнөткө (Кыяматка) чейин (сүзүп) жүрүшөт. Көңүл бургула! Ал – Кудуреттүү, Кечиримдүү.

    39:5

Котормо: Шамсуддин Хакимов