Катталуу, бет 440

  1. وَلَوْ يُؤَاخِذُ اللَّهُ النَّاسَ بِمَا كَسَبُوا مَا تَرَكَ عَلَىٰ ظَهْرِهَا مِنْ دَابَّةٍ وَلَٰكِنْ يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۖ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِعِبَادِهِ بَصِيرًا

    Эгер Аллах адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллах аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллах Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллах пенделерин Көрүүчү.

    35:45
  2. يس

    Йаа, Сиин.

    36:1
  3. وَالْقُرْآنِ الْحَكِيمِ

    Даанышман Куранга ант:

    36:2
  4. إِنَّكَ لَمِنَ الْمُرْسَلِينَ

    Сен чынында, пайгамбарлардансың.

    36:3
  5. عَلَىٰ صِرَاطٍ مُسْتَقِيمٍ

    Туура жол үстүндөгү.

    36:4
  6. تَنْزِيلَ الْعَزِيزِ الرَّحِيمِ

    (Куран) Ырайымдуу, Кудуреттүүнүн түшүргөнү,

    36:5
  7. لِتُنْذِرَ قَوْمًا مَا أُنْذِرَ آبَاؤُهُمْ فَهُمْ غَافِلُونَ

    Коом(уң)ду эскертишиң үчүн. Алардын ата-бабалары (эч бир пайгамбар тарабынан) эскертилген эмес, өздөрү да наадан-билимсиз адамдар эле.

    36:6
  8. لَقَدْ حَقَّ الْقَوْلُ عَلَىٰ أَكْثَرِهِمْ فَهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Алардын көпчүлүгүнө сөз (азап келиши) акыйкат болуп калды. Эми алар ыйман келтиришпейт.

    36:7
  9. إِنَّا جَعَلْنَا فِي أَعْنَاقِهِمْ أَغْلَالًا فَهِيَ إِلَى الْأَذْقَانِ فَهُمْ مُقْمَحُونَ

    Биз алардын моюндарына ээктерине чейин кишен ороп койгонбуз. Анан алар какайып (ийиле албай) калышкан.

    36:8
  10. وَجَعَلْنَا مِنْ بَيْنِ أَيْدِيهِمْ سَدًّا وَمِنْ خَلْفِهِمْ سَدًّا فَأَغْشَيْنَاهُمْ فَهُمْ لَا يُبْصِرُونَ

    Биз алардын алдынан, артынан (ыймандан тосо турган) тосмолорду коюп, эч нерсени көрө албай турган кылып (наадандык пардасы менен) ороп салдык!

    36:9
  11. وَسَوَاءٌ عَلَيْهِمْ أَأَنْذَرْتَهُمْ أَمْ لَمْ تُنْذِرْهُمْ لَا يُؤْمِنُونَ

    Эми аларды эскертесиңби же эскертпейсиңби – айырмасы жок: ыйман келтиришпейт.

    36:10
  12. إِنَّمَا تُنْذِرُ مَنِ اتَّبَعَ الذِّكْرَ وَخَشِيَ الرَّحْمَٰنَ بِالْغَيْبِ ۖ فَبَشِّرْهُ بِمَغْفِرَةٍ وَأَجْرٍ كَرِيمٍ

    (Оо, Мухаммад!) Сен Зикирге (Куран акыйкатына) ээрчиген жана кайыптагы (көрүнбөгөн) Чексиз Ырайымдуудан корккон кишини гана эскерте аласың. Сен ага (Аллах тарабынан боло турган) кечиримдин жана улук сооп-сыйлыктын кубанычтуу кабарын бер!

    36:11
  13. إِنَّا نَحْنُ نُحْيِي الْمَوْتَىٰ وَنَكْتُبُ مَا قَدَّمُوا وَآثَارَهُمْ ۚ وَكُلَّ شَيْءٍ أَحْصَيْنَاهُ فِي إِمَامٍ مُبِينٍ

    Албетте Биз өлүктөрдү (кайрадан) тирилтебиз жана мурда жасаган иштерин, (өзүнөн калган) издерин жазып койобуз. Жана Биз бардык нерсени Анык Китепте (алдын ала) эсептеп койгонбуз.

    36:12

Котормо: Шамсуддин Хакимов