Сүрө 35 Фаатыр

  1. إِنَّ اللَّهَ يُمْسِكُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ أَنْ تَزُولَا ۚ وَلَئِنْ زَالَتَا إِنْ أَمْسَكَهُمَا مِنْ أَحَدٍ مِنْ بَعْدِهِ ۚ إِنَّهُ كَانَ حَلِيمًا غَفُورًا

    Чынында, асмандар менен жерди жок болуп кетүүдөн Аллах гана кармап турат. Эгер ал экөөсү жок болуп кетчү болсо, Аллахтан башка эч ким аларды (жок болуудан) тосо албайт! Ал пейили Жумшак, Кечиримдүү!

    35:41
  2. وَأَقْسَمُوا بِاللَّهِ جَهْدَ أَيْمَانِهِمْ لَئِنْ جَاءَهُمْ نَذِيرٌ لَيَكُونُنَّ أَهْدَىٰ مِنْ إِحْدَى الْأُمَمِ ۖ فَلَمَّا جَاءَهُمْ نَذِيرٌ مَا زَادَهُمْ إِلَّا نُفُورًا

    (Мушриктер) эгер өздөрүнө бир эскертүүчү-пайгамбар келсе, туура жолго ар кандай элдерден көбүрөөк эргешүүчү болуу жөнүндө катуу ант ичишкен. Ал эми, качан аларга эскертүүчү - пайгамбар (Мухаммад) келгенде (бул) алардын ( туура жолдон ) качууларын гана көбөйттү.

    35:42
  3. اسْتِكْبَارًا فِي الْأَرْضِ وَمَكْرَ السَّيِّئِ ۚ وَلَا يَحِيقُ الْمَكْرُ السَّيِّئُ إِلَّا بِأَهْلِهِ ۚ فَهَلْ يَنْظُرُونَ إِلَّا سُنَّتَ الْأَوَّلِينَ ۚ فَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللَّهِ تَبْدِيلًا ۖ وَلَنْ تَجِدَ لِسُنَّتِ اللَّهِ تَحْوِيلًا

    (Алар) жер бетинде текеберленген жана (пайгамбарга каршы) ыплас айла-амалдарды жасаган абалда (туура жолго ээрчибей коюшту). Ыплас айлакерликтер өз ээсине гана зыян жеткирет! Эми алар абалкылардын жолун гана күтүп калышты. Сен Аллахтын жолун (башкага) алмаштыра албайсың! Сен Аллахтын жолун өзгөртө албайсың!

    35:43
  4. أَوَلَمْ يَسِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَيَنْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلِهِمْ وَكَانُوا أَشَدَّ مِنْهُمْ قُوَّةً ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيُعْجِزَهُ مِنْ شَيْءٍ فِي السَّمَاوَاتِ وَلَا فِي الْأَرْضِ ۚ إِنَّهُ كَانَ عَلِيمًا قَدِيرًا

    Алар жер бетин кезип, мурункулардын акыбети эмне болгонун көрүшпөйбү! Алар булардан да күчтүүрөөк болушкан. Бирок, Аллахты асмандардагы жана жердеги эч нерсе алсыз кыла албайт! Ал Билүүчү, Кудуреттүү.

    35:44
  5. وَلَوْ يُؤَاخِذُ اللَّهُ النَّاسَ بِمَا كَسَبُوا مَا تَرَكَ عَلَىٰ ظَهْرِهَا مِنْ دَابَّةٍ وَلَٰكِنْ يُؤَخِّرُهُمْ إِلَىٰ أَجَلٍ مُسَمًّى ۖ فَإِذَا جَاءَ أَجَلُهُمْ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِعِبَادِهِ بَصِيرًا

    Эгер Аллах адамдарды кылмыштарына жараша (ушул эле дүйнөдө) жазалай берчү болсо, жер бетинде кыбыраган (адам) калтырмак эмес. Бирок, Аллах аларды белгилүү күнгө (Кыяматка) кечиктирүүдө. Ал эми, качан белгиленген күндөрү келгенде (Аллах Өзү эсептешип алат. Анткени,) Аллах пенделерин Көрүүчү.

    35:45

Котормо: Шамсуддин Хакимов