Катталуу, бет 441

  1. وَاضْرِبْ لَهُمْ مَثَلًا أَصْحَابَ الْقَرْيَةِ إِذْ جَاءَهَا الْمُرْسَلُونَ

    Жана сен аларга (мушриктерге) каапыр шаардын элдерин мисалга тарт: Бир кезде ал шаарга пайгамбарлар келди.

    36:13
  2. إِذْ أَرْسَلْنَا إِلَيْهِمُ اثْنَيْنِ فَكَذَّبُوهُمَا فَعَزَّزْنَا بِثَالِثٍ فَقَالُوا إِنَّا إِلَيْكُمْ مُرْسَلُونَ

    Биз аларга (элчилерден) экөөсүн жибергенибизде, экөөнү тең «жалганчы» дешти. Анан үчүнчүсү менен кубаттадык. Алар «Биз силерге жиберилген элчилер болобуз» - дешти.

    36:14
  3. قَالُوا مَا أَنْتُمْ إِلَّا بَشَرٌ مِثْلُنَا وَمَا أَنْزَلَ الرَّحْمَٰنُ مِنْ شَيْءٍ إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا تَكْذِبُونَ

    (Каапырлар) айтышты: «Силер (элчи) эмес, өзүбүз сыяктуу эле адамсыңар. Рахман (Аллах) силерге эч нерсе түшүргөн эмес! Силер жалган сүйлөп жатасыңар!»

    36:15
  4. قَالُوا رَبُّنَا يَعْلَمُ إِنَّا إِلَيْكُمْ لَمُرْسَلُونَ

    Алар айтышты: «Раббибиз билет, биз чындап силерге жиберилген элчилербиз.

    36:16
  5. وَمَا عَلَيْنَا إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ

    Биздин вазыйпабыз (силерге акыйкатты) анык жеткирип коюудан гана турат».

    36:17
  6. قَالُوا إِنَّا تَطَيَّرْنَا بِكُمْ ۖ لَئِنْ لَمْ تَنْتَهُوا لَنَرْجُمَنَّكُمْ وَلَيَمَسَّنَّكُمْ مِنَّا عَذَابٌ أَلِيمٌ

    (Каапырлар) айтышты: «Биз силерден (кара-жолтой деп) ырым кылып жатабыз. Эгер (дааватыңарды) токтотпосоңор силерди таш-бараңга алабыз жана бизден (силерге) жан ооруткан азап жетип калат!»

    36:18
  7. قَالُوا طَائِرُكُمْ مَعَكُمْ ۚ أَئِنْ ذُكِّرْتُمْ ۚ بَلْ أَنْتُمْ قَوْمٌ مُسْرِفُونَ

    «Ырымыңар өзүңөргө «сыйлоо»! Эмне, эгер (биз себептүү) эскертилсеңер эле (ошенте бересиңерби) ?! Жок! Силер чектен чыккан эл экенсиңер!» – дешти (пайгамбарлар).

    36:19
  8. وَجَاءَ مِنْ أَقْصَى الْمَدِينَةِ رَجُلٌ يَسْعَىٰ قَالَ يَا قَوْمِ اتَّبِعُوا الْمُرْسَلِينَ

    (Ошондо) шаардын наркы четинен бир адам чуркап келип: «Оо, коом! Пайгамбарларды ээрчигиле!

    36:20
  9. اتَّبِعُوا مَنْ لَا يَسْأَلُكُمْ أَجْرًا وَهُمْ مُهْتَدُونَ

    Өздөрү туура жол үстүндө болуп (силерди ошол жолго чакырганы үчүн) акы сурабаган кишилерди ээрчигиле!» – деди. (Мушриктер аны курчап алып: «Сен жалгыз кудайга сыйынып калдыңбы?» - деп кыйнаганда, мындай жооп берди:)

    36:21
  10. وَمَا لِيَ لَا أَعْبُدُ الَّذِي فَطَرَنِي وَإِلَيْهِ تُرْجَعُونَ

    «Эмне үчүн мен өзүмдү (жоктон) бар кылган Кудайга ибадат кылбайт экенмин?! Силер дагы Ага кайтарыласыңар!

    36:22
  11. أَأَتَّخِذُ مِنْ دُونِهِ آلِهَةً إِنْ يُرِدْنِ الرَّحْمَٰنُ بِضُرٍّ لَا تُغْنِ عَنِّي شَفَاعَتُهُمْ شَيْئًا وَلَا يُنْقِذُونِ

    Андан башкаларды кудай кылып алайынбы?! Эгер мага Рахман бир зыян (жеткирүүнү) кааласа, мага алардын шапаат-ортомчулуктары эч кандай пайда бербейт жана алар мени куткара да алышпайт!

    36:23
  12. إِنِّي إِذًا لَفِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    (Эгер Аллахтан башканы кудай кылып алсам) анда мен анык адашууда болуп каламын!

    36:24
  13. إِنِّي آمَنْتُ بِرَبِّكُمْ فَاسْمَعُونِ

    Мен силердин (чыныгы) Раббиңерге ыйман келтирдим, мени уккула!». (Анан мушриктер аны өлтүрүп коюшат. Шейит болуп, Раббисинин алдына барганда, ага)

    36:25
  14. قِيلَ ادْخُلِ الْجَنَّةَ ۖ قَالَ يَا لَيْتَ قَوْمِي يَعْلَمُونَ

    айтылды: «Бейишке Кир»! Ал киши айтты: «Кана эми, менин коомум билсе,

    36:26
  15. بِمَا غَفَرَ لِي رَبِّي وَجَعَلَنِي مِنَ الْمُكْرَمِينَ

    Раббим мени кечиргенин жана урматтуу адамдардан кылганын!»

    36:27

Котормо: Шамсуддин Хакимов