Катталуу, бет 424
-
تَحِيَّتُهُمْ يَوْمَ يَلْقَوْنَهُ سَلَامٌ ۚ وَأَعَدَّ لَهُمْ أَجْرًا كَرِيمًا
Ага жолуккан (акырет) күндөгү (ыймандуулардын) амандашуулары «Салам» (деген сөз). Аллах аларга улук сооп (бейиш) даярдап койгон.
33:44 -
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَرْسَلْنَاكَ شَاهِدًا وَمُبَشِّرًا وَنَذِيرًا
Оо, пайгамбар! Биз сени күбө болуучу, (бейиштен) сүйүнчү кабар берүүчү, (тозоктон) коркутуучу кылып жибердик.
33:45 -
وَدَاعِيًا إِلَى اللَّهِ بِإِذْنِهِ وَسِرَاجًا مُنِيرًا
Өзүнүн уруксаты менен (элдерди) Аллахка чакыруучу жана нурлуу чырак (кылып жибердик).
33:46 -
وَبَشِّرِ الْمُؤْمِنِينَ بِأَنَّ لَهُمْ مِنَ اللَّهِ فَضْلًا كَبِيرًا
Жана ыймандууларга, алар үчүн Аллах тарабынан улук сыйлык (артыкчылык) болушу жөнүндө куш кабар бер!
33:47 -
وَلَا تُطِعِ الْكَافِرِينَ وَالْمُنَافِقِينَ وَدَعْ أَذَاهُمْ وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا
Каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Алар көргөзгөн ызааларды жөн койо тур. Жана Аллахка тобокел кыл! Сактоочулук жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү.
33:48 -
يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا نَكَحْتُمُ الْمُؤْمِنَاتِ ثُمَّ طَلَّقْتُمُوهُنَّ مِنْ قَبْلِ أَنْ تَمَسُّوهُنَّ فَمَا لَكُمْ عَلَيْهِنَّ مِنْ عِدَّةٍ تَعْتَدُّونَهَا ۖ فَمَتِّعُوهُنَّ وَسَرِّحُوهُنَّ سَرَاحًا جَمِيلًا
Оо, ыйман келтирген адамдар! Эгерде, ыймандуу аялдарды никеңерге алганыңардан кийин аларга жакындык кылбай туруп талагын берсеңер, силер үчүн өздөрү санай турган иддага отурушпайт. Эми, аларды (көңүлүңөрдөн чыккан белектер менен) пайдалантып, сылык-сыпаа жообун берип койгула.
33:49 -
يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ إِنَّا أَحْلَلْنَا لَكَ أَزْوَاجَكَ اللَّاتِي آتَيْتَ أُجُورَهُنَّ وَمَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ مِمَّا أَفَاءَ اللَّهُ عَلَيْكَ وَبَنَاتِ عَمِّكَ وَبَنَاتِ عَمَّاتِكَ وَبَنَاتِ خَالِكَ وَبَنَاتِ خَالَاتِكَ اللَّاتِي هَاجَرْنَ مَعَكَ وَامْرَأَةً مُؤْمِنَةً إِنْ وَهَبَتْ نَفْسَهَا لِلنَّبِيِّ إِنْ أَرَادَ النَّبِيُّ أَنْ يَسْتَنْكِحَهَا خَالِصَةً لَكَ مِنْ دُونِ الْمُؤْمِنِينَ ۗ قَدْ عَلِمْنَا مَا فَرَضْنَا عَلَيْهِمْ فِي أَزْوَاجِهِمْ وَمَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ لِكَيْلَا يَكُونَ عَلَيْكَ حَرَجٌ ۗ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا
Оо, пайгамбар! Биз сага махрын берген жубайларыңды, Аллах (согуштардан) олжо кылып берген күңдөрүңдү, (дагы) абаңдын, атаңдын эже-карындаштарынын, таякеңдин жана таежеңдин (кыздарынын арасынан) сени менен бирге көчүп (Мединага) келгендерин адал кылдык. Жана өзүн пайгамбарга белек кылган ар бир ыймандуу аялды – эгер пайгамбар аны өз никесине алууну кааласа – адал кылдык. (Бул укук, оо, пайгамбар) башка момундарсыз жалгыз өзүңө тиешелүү. Албетте, момундарга аялдары, күңдөрү жөнүндө парз кылган нерселерибизди Өзүбүз жакшы билебиз. (Сага бул укуктар) жүрөгүң сыгылбасын деп (берилди). Аллах - Кечирүүчү, Ырайымдуу.
33:50
Котормо: Шамсуддин Хакимов