Катталуу, бет 425

  1. تُرْجِي مَنْ تَشَاءُ مِنْهُنَّ وَتُؤْوِي إِلَيْكَ مَنْ تَشَاءُ ۖ وَمَنِ ابْتَغَيْتَ مِمَّنْ عَزَلْتَ فَلَا جُنَاحَ عَلَيْكَ ۚ ذَٰلِكَ أَدْنَىٰ أَنْ تَقَرَّ أَعْيُنُهُنَّ وَلَا يَحْزَنَّ وَيَرْضَيْنَ بِمَا آتَيْتَهُنَّ كُلُّهُنَّ ۚ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا فِي قُلُوبِكُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلِيمًا حَلِيمًا

    (Дагы) Сен аялдар(ың)дан каалаганыңды (түнөө күнүн) кечиктирип, каалаганың менен (ошол түнү) боло аласың. Жана күнүн кечиктирген аялдарыңдан кимисине (кайра) барсаң да, сага күнөө жок. Бул (сенин ыктыярдуу адилетиң) аялдарыңдын көздөрү кубануусуна, капаланбоосуна жана бардыгына сен берген кезек-насиптерине ыраазы болууларына жакыныраак нерсе. Аллах силердин жүрөгүңөрдөгү нерсени билип турат. Аллах Билүүчү, Жумшак (жазалоого шашпайт).

    33:51
  2. لَا يَحِلُّ لَكَ النِّسَاءُ مِنْ بَعْدُ وَلَا أَنْ تَبَدَّلَ بِهِنَّ مِنْ أَزْوَاجٍ وَلَوْ أَعْجَبَكَ حُسْنُهُنَّ إِلَّا مَا مَلَكَتْ يَمِينُكَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ رَقِيبًا

    Сага (ушул тогуз аялдан) кийин аялдар(га үйлөнүү) жана аларды башка аялдарга алмаштыруу адал эмес, эгер алардын чырайы сени кызыктырган болсо да. Бир гана кол астыңдагы күң аялдарга барышыңа уруксат. Аллах бардык нерселерди күзөтүп турат.

    33:52
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا لَا تَدْخُلُوا بُيُوتَ النَّبِيِّ إِلَّا أَنْ يُؤْذَنَ لَكُمْ إِلَىٰ طَعَامٍ غَيْرَ نَاظِرِينَ إِنَاهُ وَلَٰكِنْ إِذَا دُعِيتُمْ فَادْخُلُوا فَإِذَا طَعِمْتُمْ فَانْتَشِرُوا وَلَا مُسْتَأْنِسِينَ لِحَدِيثٍ ۚ إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ يُؤْذِي النَّبِيَّ فَيَسْتَحْيِي مِنْكُمْ ۖ وَاللَّهُ لَا يَسْتَحْيِي مِنَ الْحَقِّ ۚ وَإِذَا سَأَلْتُمُوهُنَّ مَتَاعًا فَاسْأَلُوهُنَّ مِنْ وَرَاءِ حِجَابٍ ۚ ذَٰلِكُمْ أَطْهَرُ لِقُلُوبِكُمْ وَقُلُوبِهِنَّ ۚ وَمَا كَانَ لَكُمْ أَنْ تُؤْذُوا رَسُولَ اللَّهِ وَلَا أَنْ تَنْكِحُوا أَزْوَاجَهُ مِنْ بَعْدِهِ أَبَدًا ۚ إِنَّ ذَٰلِكُمْ كَانَ عِنْدَ اللَّهِ عَظِيمًا

    Оо, ыйман келтирген адамдар! Силерге уруксат берилмейинче пайгамбардын үйүнө кирбегиле! Тамак жегенге (уруксат берилсе, бирок даяр болбогон болсо) күтүп олтура бербегиле! Эгер чакырылсаңар, киргиле дагы тамактанып, (дароо) тарап кеткиле. Сөзгө алаксып олтура бербегиле. Мунуңар пайгамбарды иренжитет. Бирок ал силерден ыйбаа кылат. («Кеткиле» дегенден тартынат). Аллах болсо, акыйкатты айтуудан тартынбайт. Жана эгер алардан (пайгамбардын аялдарынан) бир нерсе сурасаңар, парданын артынан сурагыла. Ушунуңар силердин да, алардын да жүрөктөрүн тазартуучураак (жорук). Аллахтын пайгамбарын иренжитүү жана андан соң анын (жесир) аялдарына үйлөнүү силерге эч качан мүмкүн эмес! Мунуңар Аллахтын назарында чоң күнөө болмок.

    33:53
  4. إِنْ تُبْدُوا شَيْئًا أَوْ تُخْفُوهُ فَإِنَّ اللَّهَ كَانَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا

    Эгер силер бир нерсени жашырсаңар же ашкере кылсаңар да, Аллах бардык нерсени билип турат.

    33:54

Котормо: Шамсуддин Хакимов