Катталуу, бет 423

  1. وَمَا كَانَ لِمُؤْمِنٍ وَلَا مُؤْمِنَةٍ إِذَا قَضَى اللَّهُ وَرَسُولُهُ أَمْرًا أَنْ يَكُونَ لَهُمُ الْخِيَرَةُ مِنْ أَمْرِهِمْ ۗ وَمَنْ يَعْصِ اللَّهَ وَرَسُولَهُ فَقَدْ ضَلَّ ضَلَالًا مُبِينًا

    Эгер Аллах менен Анын пайгамбары кайсы бир ишти өкүм кылса, эч бир ыймандуу эркек же ыймандуу аялга ал ишти (аткарсамбы же жокпу деген) ыктыяр калбайт. Кимде-ким (өз башымчалык кылып) Аллах жана пайгамбарына күнөөкөр болсо, демек ал анык адашыптыр!

    33:36
  2. وَإِذْ تَقُولُ لِلَّذِي أَنْعَمَ اللَّهُ عَلَيْهِ وَأَنْعَمْتَ عَلَيْهِ أَمْسِكْ عَلَيْكَ زَوْجَكَ وَاتَّقِ اللَّهَ وَتُخْفِي فِي نَفْسِكَ مَا اللَّهُ مُبْدِيهِ وَتَخْشَى النَّاسَ وَاللَّهُ أَحَقُّ أَنْ تَخْشَاهُ ۖ فَلَمَّا قَضَىٰ زَيْدٌ مِنْهَا وَطَرًا زَوَّجْنَاكَهَا لِكَيْ لَا يَكُونَ عَلَى الْمُؤْمِنِينَ حَرَجٌ فِي أَزْوَاجِ أَدْعِيَائِهِمْ إِذَا قَضَوْا مِنْهُنَّ وَطَرًا ۚ وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ مَفْعُولًا

    (Оо, Мухаммад!) сен бир кезде, ага Аллах (Ислам) жакшылыгын берген, анан сен дагы (кулчулуктан куткаруу) жакшылык кылган бир жигитке: «Аялыңды коюп жибербе! Аллахтан корк!» деген болчусуң. Жана сен Аллах ашкере кылуучу нерсени жүрөгүңдө жашыруун тутуп, адамдардан корктуң! Чындыгында, коркууга Аллах акылуу. Качандыр Зейд андан иши бүткөн соң, ал аялды сага никелештирдик. Анткени момундарга асыранды балдары менен ажырашкан аялдарга үйлөнүү күнөө болбой турганын көрсөтүү үчүн (ушундай кылдык). Аллахтын буйругу сөзсүз ишке ашат.

    33:37
  3. مَا كَانَ عَلَى النَّبِيِّ مِنْ حَرَجٍ فِيمَا فَرَضَ اللَّهُ لَهُ ۖ سُنَّةَ اللَّهِ فِي الَّذِينَ خَلَوْا مِنْ قَبْلُ ۚ وَكَانَ أَمْرُ اللَّهِ قَدَرًا مَقْدُورًا

    Аллах парыз кылган нерселерде пайгамбар үчүн эч кандай күнөө-кыжаалат жок. (Бул) мурда өткөндөргө (пайгамбарларга да) Аллахтын жолу ушундай болгон. Аллахтын буйругу (сөзсүз болоору) тагдырда белгиленген.

    33:38
  4. الَّذِينَ يُبَلِّغُونَ رِسَالَاتِ اللَّهِ وَيَخْشَوْنَهُ وَلَا يَخْشَوْنَ أَحَدًا إِلَّا اللَّهَ ۗ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ حَسِيبًا

    Алар (мурунку пайгамбарлар) Аллахтын элчилигин (элдерге) жеткире турган, Аллахтан башка эч кимден коркпой турган адамдар болгон. Аллах – жетиштүү эсептешүүчү.

    33:39
  5. مَا كَانَ مُحَمَّدٌ أَبَا أَحَدٍ مِنْ رِجَالِكُمْ وَلَٰكِنْ رَسُولَ اللَّهِ وَخَاتَمَ النَّبِيِّينَ ۗ وَكَانَ اللَّهُ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمًا

    (Оо, ыймандуулар!) Мухаммад силердин араңардагы эч бир эркектин атасы эмес. Ал болгону Аллахтын элчиси жана пайгамбарлардын акыркысы. Аллах – ар нерсени Билүүчү.

    33:40
  6. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا اللَّهَ ذِكْرًا كَثِيرًا

    Оо, ыйман келтирген адамдар! Аллахты көп зикир кылгыла!

    33:41
  7. وَسَبِّحُوهُ بُكْرَةً وَأَصِيلًا

    Эртели-кеч Ага тасбих (аруулагыла) айткыла!

    33:42
  8. هُوَ الَّذِي يُصَلِّي عَلَيْكُمْ وَمَلَائِكَتُهُ لِيُخْرِجَكُمْ مِنَ الظُّلُمَاتِ إِلَى النُّورِ ۚ وَكَانَ بِالْمُؤْمِنِينَ رَحِيمًا

    Ал силерди караңгылыктардан Нурга чыгаруу үчүн Өзү жана периштелери силерге ырайым көргөзө турган Зат! Ал ыймандууларга Ырайымдуу!

    33:43

Котормо: Шамсуддин Хакимов