Катталуу, бет 422
-
وَمَنْ يَقْنُتْ مِنْكُنَّ لِلَّهِ وَرَسُولِهِ وَتَعْمَلْ صَالِحًا نُؤْتِهَا أَجْرَهَا مَرَّتَيْنِ وَأَعْتَدْنَا لَهَا رِزْقًا كَرِيمًا
Силердин араңардан кимде-ким Аллахка жана пайгамбарына моюн сунуп жакшылык иштерди кылса, ага сооп-сыйлыгын эки эсе беребиз жана ага улуу ырыскы (бейиш) даярдап койобуз.
33:31 -
يَا نِسَاءَ النَّبِيِّ لَسْتُنَّ كَأَحَدٍ مِنَ النِّسَاءِ ۚ إِنِ اتَّقَيْتُنَّ فَلَا تَخْضَعْنَ بِالْقَوْلِ فَيَطْمَعَ الَّذِي فِي قَلْبِهِ مَرَضٌ وَقُلْنَ قَوْلًا مَعْرُوفًا
Оо, пайгамбардын аялдары! Силер эгер такыба болсоңор (катардагы) аялдардын бирөөсү сыяктуу эмессиңер. Демек (бөтөн эркектерге) назик сүйлөбөгүлө. Жүрөгүндө оорусу бар адам (бузукулукту) эңсеп калат. Жакшынакай (түз, сыпаа) сөздөрдү сүйлөгүлө.
33:32 -
وَقَرْنَ فِي بُيُوتِكُنَّ وَلَا تَبَرَّجْنَ تَبَرُّجَ الْجَاهِلِيَّةِ الْأُولَىٰ ۖ وَأَقِمْنَ الصَّلَاةَ وَآتِينَ الزَّكَاةَ وَأَطِعْنَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ ۚ إِنَّمَا يُرِيدُ اللَّهُ لِيُذْهِبَ عَنْكُمُ الرِّجْسَ أَهْلَ الْبَيْتِ وَيُطَهِّرَكُمْ تَطْهِيرًا
Жана (зарылдык болбосо) үйүңөрдө олтургула! (Исламдан) алдыңкы доордогудай ачык жүрбөгүлө! Намазды толук аткарып, зекетти берип, Аллахка жана пайгамбарына моюн сунгула! Албетте, оо, пайгамбардын үй-бүлөлөрү, Аллах силерден зыян, жамандыктарды кетирүүнү жана тап-таза сактоону каалайт.
33:33 -
وَاذْكُرْنَ مَا يُتْلَىٰ فِي بُيُوتِكُنَّ مِنْ آيَاتِ اللَّهِ وَالْحِكْمَةِ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ لَطِيفًا خَبِيرًا
Өз үйүңөрдө окулган Аллахтын аяттарын жана пайгамбардын сөздөрүн эскергиле (кадырын билип, иш жүзүндө аткаргыла). Аллах бардыгын Билүүчү, Кабардар.
33:34 -
إِنَّ الْمُسْلِمِينَ وَالْمُسْلِمَاتِ وَالْمُؤْمِنِينَ وَالْمُؤْمِنَاتِ وَالْقَانِتِينَ وَالْقَانِتَاتِ وَالصَّادِقِينَ وَالصَّادِقَاتِ وَالصَّابِرِينَ وَالصَّابِرَاتِ وَالْخَاشِعِينَ وَالْخَاشِعَاتِ وَالْمُتَصَدِّقِينَ وَالْمُتَصَدِّقَاتِ وَالصَّائِمِينَ وَالصَّائِمَاتِ وَالْحَافِظِينَ فُرُوجَهُمْ وَالْحَافِظَاتِ وَالذَّاكِرِينَ اللَّهَ كَثِيرًا وَالذَّاكِرَاتِ أَعَدَّ اللَّهُ لَهُمْ مَغْفِرَةً وَأَجْرًا عَظِيمًا
Чынында, мусулман эркектер менен мусулман аялдар, ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдар, моюн сунуучу эркектер менен моюн сунуучу аялдар, чынчыл эркектер менен чынчыл аялдар, сабырдуу эркектер менен сабырдуу аялдар, Аллахтан корккон, кичипейил эркектер менен аялдар, садака берүүчү эркектер менен садака берүүчү аялдар, орозо кармоочу эркектер менен орозо кармоочу аялдар, жыныстык мүчөлөрүн сактаган эркектер менен аялдар, Аллахты көп эстеген эркектер менен аялдар Аллах ушуларга кечирим жана улук сооп-сыйлыкты даярдап койду.
33:35
Котормо: Шамсуддин Хакимов