Катталуу, бет 421

  1. مِنَ الْمُؤْمِنِينَ رِجَالٌ صَدَقُوا مَا عَاهَدُوا اللَّهَ عَلَيْهِ ۖ فَمِنْهُمْ مَنْ قَضَىٰ نَحْبَهُ وَمِنْهُمْ مَنْ يَنْتَظِرُ ۖ وَمَا بَدَّلُوا تَبْدِيلًا

    Ыймандуулардын арасында (ушундай) эр-азаматтар бар: алар Аллахка берген убадаларында чынчыл экенин көргөзүштү. Кээ бирлери милдетин аткарып (шейит болуп) кетишти. Кээ бирөөлөрү (шейиттикти) күтүүдө. Алар (Аллахка берген) убаданы бузбады.

    33:23
  2. لِيَجْزِيَ اللَّهُ الصَّادِقِينَ بِصِدْقِهِمْ وَيُعَذِّبَ الْمُنَافِقِينَ إِنْ شَاءَ أَوْ يَتُوبَ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ غَفُورًا رَحِيمًا

    Аллах чынчыл адамдарды өз чынчылдыктары себептүү сыйлаш үчүн жана мунафыктарды (эки жүздүүлөрдү) кааласа азапташ же болбосо тооболорун кабыл алыш үчүн (ушул сыноого дуушар кылды). Чынында, Аллах Кечирүүчү, Ырайымдуу.

    33:24
  3. وَرَدَّ اللَّهُ الَّذِينَ كَفَرُوا بِغَيْظِهِمْ لَمْ يَنَالُوا خَيْرًا ۚ وَكَفَى اللَّهُ الْمُؤْمِنِينَ الْقِتَالَ ۚ وَكَانَ اللَّهُ قَوِيًّا عَزِيزًا

    Ал эми, аларды (душмандарды) болсо, Аллах өз ачуулары менен кайтарды. Алар эч бир жакшылыкка жетишпеди. Аллах ыймандууларга согуш жаатынан жетиштүү (жардамчы) болду. Аллах Күчтүү, Кудуреттүү!

    33:25
  4. وَأَنْزَلَ الَّذِينَ ظَاهَرُوهُمْ مِنْ أَهْلِ الْكِتَابِ مِنْ صَيَاصِيهِمْ وَقَذَفَ فِي قُلُوبِهِمُ الرُّعْبَ فَرِيقًا تَقْتُلُونَ وَتَأْسِرُونَ فَرِيقًا

    Жана Аллах душмандарга жардам берген китеп ээлерин (Бану Курайза жөөттөрүн) чептеринен чыгарды. Жүрөктөрүнө катуу коркуу салды. Силер (оо, ыймандуулар) алардан бир бөлүгүн өлтүрүп, бир бөлүгүн туткундап алдыңар.

    33:26
  5. وَأَوْرَثَكُمْ أَرْضَهُمْ وَدِيَارَهُمْ وَأَمْوَالَهُمْ وَأَرْضًا لَمْ تَطَئُوهَا ۚ وَكَانَ اللَّهُ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرًا

    Жана силерге алардын жерлерин, короо-жайларын, мал-мүлктөрүн жана бутуңар баспаган (жаңы) жерлерди да мурас кылып берди. Аллах – бардык нерсеге Кудуреттүү.

    33:27
  6. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ قُلْ لِأَزْوَاجِكَ إِنْ كُنْتُنَّ تُرِدْنَ الْحَيَاةَ الدُّنْيَا وَزِينَتَهَا فَتَعَالَيْنَ أُمَتِّعْكُنَّ وَأُسَرِّحْكُنَّ سَرَاحًا جَمِيلًا

    Оо, пайгамбар! Аялдарыңа айт: «Эгер дүйнө жашоосун жана анын зыйнаттарын кааласаңар, келгиле силерди (жакшынакай мүлк менен) пайдалантып, сылык-сыпаа ажырашайын.

    33:28
  7. وَإِنْ كُنْتُنَّ تُرِدْنَ اللَّهَ وَرَسُولَهُ وَالدَّارَ الْآخِرَةَ فَإِنَّ اللَّهَ أَعَدَّ لِلْمُحْسِنَاتِ مِنْكُنَّ أَجْرًا عَظِيمًا

    Ал эми, Аллахты(н ыраазылыгын), Анын пайгамбарын жана акырет жайын кааласаңар, Аллах силердин араңардагы жакшы ибадат кылгандарга улуу сыйлыкты (бейишти) даярдап койгон».

    33:29
  8. يَا نِسَاءَ النَّبِيِّ مَنْ يَأْتِ مِنْكُنَّ بِفَاحِشَةٍ مُبَيِّنَةٍ يُضَاعَفْ لَهَا الْعَذَابُ ضِعْفَيْنِ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

    Оо, пайгамбардын аялдары! Силерден кимиңер ашкере күнөө иш жасаса, ага эки эсе көп азап берилет. Бул Аллах үчүн жеңил.

    33:30

Котормо: Шамсуддин Хакимов