Катталуу, бет 420

  1. قُلْ لَنْ يَنْفَعَكُمُ الْفِرَارُ إِنْ فَرَرْتُمْ مِنَ الْمَوْتِ أَوِ الْقَتْلِ وَإِذًا لَا تُمَتَّعُونَ إِلَّا قَلِيلًا

    (Мунафыктарга) айт: «Силерге качуу пайда бербейт. Эгер силер өлүмдөн же өлтүрүлүүдөн качкан болсоңор, анда (дүйнө жашоосунан) бир аз эле пайдаланып каласыңар.

    33:16
  2. قُلْ مَنْ ذَا الَّذِي يَعْصِمُكُمْ مِنَ اللَّهِ إِنْ أَرَادَ بِكُمْ سُوءًا أَوْ أَرَادَ بِكُمْ رَحْمَةً ۚ وَلَا يَجِدُونَ لَهُمْ مِنْ دُونِ اللَّهِ وَلِيًّا وَلَا نَصِيرًا

    Айткын: «Эгер силерге (Аллах) бир жамандык каалаган болсо, Аллахтан силерди ким сактай алат? Же Ал силерге бир ырайымдуулук кааласа (аны ким тосо алат? Качкандын башына да өлүм келет. Ошондо) өздөрүнө Аллахтан башка дос да, жардамчы да таппай калышат.

    33:17
  3. قَدْ يَعْلَمُ اللَّهُ الْمُعَوِّقِينَ مِنْكُمْ وَالْقَائِلِينَ لِإِخْوَانِهِمْ هَلُمَّ إِلَيْنَا ۖ وَلَا يَأْتُونَ الْبَأْسَ إِلَّا قَلِيلًا

    Аллах силердин араңардагы (жихаддан) тосуучуларды жана өз ага-инилерине (аларды качууга үгүттөп): «Биз менен жүргүлө» – дегендерди билет. Алар согушка өтө сейрек келишет,

    33:18
  4. أَشِحَّةً عَلَيْكُمْ ۖ فَإِذَا جَاءَ الْخَوْفُ رَأَيْتَهُمْ يَنْظُرُونَ إِلَيْكَ تَدُورُ أَعْيُنُهُمْ كَالَّذِي يُغْشَىٰ عَلَيْهِ مِنَ الْمَوْتِ ۖ فَإِذَا ذَهَبَ الْخَوْفُ سَلَقُوكُمْ بِأَلْسِنَةٍ حِدَادٍ أَشِحَّةً عَلَى الْخَيْرِ ۚ أُولَٰئِكَ لَمْ يُؤْمِنُوا فَأَحْبَطَ اللَّهُ أَعْمَالَهُمْ ۚ وَكَانَ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرًا

    Алар силерге сараңдык кылышат. Ал эми, (согуш учурунда) коркунуч келип калса, тим эле өлүм курчап калгандай сага алаңдап карагандарын көрөсүң. Эми, качан коркунуч кеткенде, алар жакшылыкка (олжого) ач көздүк кылышып, тезинен сага заар тилдери менен зыян беришет. Алар ыйман келтирбеген адамдар. Аллах алардын амалдарын текке кетирди. Бул Аллахка жеңил.

    33:19
  5. يَحْسَبُونَ الْأَحْزَابَ لَمْ يَذْهَبُوا ۖ وَإِنْ يَأْتِ الْأَحْزَابُ يَوَدُّوا لَوْ أَنَّهُمْ بَادُونَ فِي الْأَعْرَابِ يَسْأَلُونَ عَنْ أَنْبَائِكُمْ ۖ وَلَوْ كَانُوا فِيكُمْ مَا قَاتَلُوا إِلَّا قَلِيلًا

    Алар (Мединаны курчап турган душман) жамааттарды кетпеген деп ойлошту. Эгер ал жамааттар (бастырып) келсе, булар силердин кабарыңарды сурап коюп, тээ четтеги бедуин араптардын арасында болууну каалашат. Эгер силердин ичиңерде (Мединада) болсо да көп (жан үрөп) согушмак эмес.

    33:20
  6. لَقَدْ كَانَ لَكُمْ فِي رَسُولِ اللَّهِ أُسْوَةٌ حَسَنَةٌ لِمَنْ كَانَ يَرْجُو اللَّهَ وَالْيَوْمَ الْآخِرَ وَذَكَرَ اللَّهَ كَثِيرًا

    (Оо, ыймандуулар!) Силер үчүн Аллахтын элчисинде сонун үлгүлөр бар. (Бул үлгүлөр) Аллахтан жана Акырет күндөн үмүт кылып, Аллахты көп-көп зикир кылгандар үчүн.

    33:21
  7. وَلَمَّا رَأَى الْمُؤْمِنُونَ الْأَحْزَابَ قَالُوا هَٰذَا مَا وَعَدَنَا اللَّهُ وَرَسُولُهُ وَصَدَقَ اللَّهُ وَرَسُولُهُ ۚ وَمَا زَادَهُمْ إِلَّا إِيمَانًا وَتَسْلِيمًا

    Ал эми, (өз пайгамбарынан үлгү алган, ыйманы бекем) ыймандуулар (душман) жамааттарды көргөндө: «Бул бизге Аллах жана пайгамбары убада кылган нерсе. Аллах менен пайгамбары туура сүйлөгөн экен» деп (согушка, өлүмгө даяр болуп) турушту. (Душмандын көптүгү) алардын ыймандарын жана (Исламга) моюн сунууларын гана көбөйттү.

    33:22

Котормо: Шамсуддин Хакимов