Катталуу, бет 419

  1. وَإِذْ أَخَذْنَا مِنَ النَّبِيِّينَ مِيثَاقَهُمْ وَمِنْكَ وَمِنْ نُوحٍ وَإِبْرَاهِيمَ وَمُوسَىٰ وَعِيسَى ابْنِ مَرْيَمَ ۖ وَأَخَذْنَا مِنْهُمْ مِيثَاقًا غَلِيظًا

    Бир кезде Биз бардык пайгамбарлардан убадаларын алганбыз: Сенден, Нухтан, Ибрахимден, Мусадан, Марямдын уулу Исадан. Биз алардан бекем убада алганбыз.

    33:7
  2. لِيَسْأَلَ الصَّادِقِينَ عَنْ صِدْقِهِمْ ۚ وَأَعَدَّ لِلْكَافِرِينَ عَذَابًا أَلِيمًا

    Чынчылдардан убаданы чындап аткарганы жөнүндө сураш үчүн ушинтти. Аллах каапырларга жан ооруткан азапты даярдап койду.

    33:8
  3. يَا أَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا اذْكُرُوا نِعْمَةَ اللَّهِ عَلَيْكُمْ إِذْ جَاءَتْكُمْ جُنُودٌ فَأَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا وَجُنُودًا لَمْ تَرَوْهَا ۚ وَكَانَ اللَّهُ بِمَا تَعْمَلُونَ بَصِيرًا

    Оо, ыйман келтирген пенделер! Аллахтын силерге берген (төмөндөгү) жакшылыктарын эстегиле: бир кезде силерге (көп сандуу) аскерлер кол салганда, Биз аларга (каршы) шамалды жана силер көрбөгөн (периште) аскерлерди жибергенбиз. Аллах силердин жасаган ишиңерди Көрүүчү.

    33:9
  4. إِذْ جَاءُوكُمْ مِنْ فَوْقِكُمْ وَمِنْ أَسْفَلَ مِنْكُمْ وَإِذْ زَاغَتِ الْأَبْصَارُ وَبَلَغَتِ الْقُلُوبُ الْحَنَاجِرَ وَتَظُنُّونَ بِاللَّهِ الظُّنُونَا

    Ошондо силерге жогор жагыңардан, ылдый жагыңардан да (душман басып) келген болчу жана көздөр тунарып, жүрөктөр алкымга тыгылган. Жана (кээ бирөөңөр) Аллахка жаман ойлоп да калгансыңар.

    33:10
  5. هُنَالِكَ ابْتُلِيَ الْمُؤْمِنُونَ وَزُلْزِلُوا زِلْزَالًا شَدِيدًا

    Ошол жерде ыймандуулар сыналып, өздөрү (коркуудан) катуу бир чайпалышкан.

    33:11
  6. وَإِذْ يَقُولُ الْمُنَافِقُونَ وَالَّذِينَ فِي قُلُوبِهِمْ مَرَضٌ مَا وَعَدَنَا اللَّهُ وَرَسُولُهُ إِلَّا غُرُورًا

    Ошондо, мунафыктар (эки жүздүүлөр) менен жүрөгүндө шек-күмөнү бар адамдар: «Бизге Аллах менен Анын пайгамбары (силер жеңесиңер деп) жалган убада берген турбайбы» – дешти.

    33:12
  7. وَإِذْ قَالَتْ طَائِفَةٌ مِنْهُمْ يَا أَهْلَ يَثْرِبَ لَا مُقَامَ لَكُمْ فَارْجِعُوا ۚ وَيَسْتَأْذِنُ فَرِيقٌ مِنْهُمُ النَّبِيَّ يَقُولُونَ إِنَّ بُيُوتَنَا عَوْرَةٌ وَمَا هِيَ بِعَوْرَةٍ ۖ إِنْ يُرِيدُونَ إِلَّا فِرَارًا

    Ошондо, алардан бир тайпа кишилер: «Эй, Ясриб (Медина) эли! Эми силерге бул жерде туруу(дан пайда) жок! Кайта бергиле!» – деген жана алардан дагы бир тайпалары пайгамбардан уруксат сурап: «Үйүбүз ачык, коргоосуз калган болчу» – деп (жалган) айтышкан. Үйлөрү ачык калбаган эле. Алар болгону, качууну каалашкан.

    33:13
  8. وَلَوْ دُخِلَتْ عَلَيْهِمْ مِنْ أَقْطَارِهَا ثُمَّ سُئِلُوا الْفِتْنَةَ لَآتَوْهَا وَمَا تَلَبَّثُوا بِهَا إِلَّا يَسِيرًا

    Эгер (ошондо) аларга Мединанын ар жагынан (душмандар) киргизилип, алардан динден кайтууларын талап кылынганда, аз сандагылар калып, калганы көп (ойлонуп) отурбастан сурагандарына жооп беришмек.

    33:14
  9. وَلَقَدْ كَانُوا عَاهَدُوا اللَّهَ مِنْ قَبْلُ لَا يُوَلُّونَ الْأَدْبَارَ ۚ وَكَانَ عَهْدُ اللَّهِ مَسْئُولًا

    Алар буга чейин артка качпайбыз деп Аллахка ант берген эле го! Аллахка берилген ант жөнүндө (кыяматта) суралат!

    33:15

Котормо: Шамсуддин Хакимов