Катталуу, бет 418

  1. يَا أَيُّهَا النَّبِيُّ اتَّقِ اللَّهَ وَلَا تُطِعِ الْكَافِرِينَ وَالْمُنَافِقِينَ ۗ إِنَّ اللَّهَ كَانَ عَلِيمًا حَكِيمًا

    Оо, пайгамбар! Аллахтан корк! Жана каапырлар менен мунафыктарга (эки жүздүүлөргө) моюн сунба! Чынында, Аллах Билүүчү, Даанышман.

    33:1
  2. وَاتَّبِعْ مَا يُوحَىٰ إِلَيْكَ مِنْ رَبِّكَ ۚ إِنَّ اللَّهَ كَانَ بِمَا تَعْمَلُونَ خَبِيرًا

    Өзүңө Раббиң тарабынан вахий кылынган аяттарды гана ээрчигин! Эмне иш жасаганыңардан Аллах (ар дайым) Кабардар!

    33:2
  3. وَتَوَكَّلْ عَلَى اللَّهِ ۚ وَكَفَىٰ بِاللَّهِ وَكِيلًا

    Жана Аллахтын Өзүнө тобокел кыл! Сактоо жаатынан Аллахтын Өзү жетиштүү!

    33:3
  4. مَا جَعَلَ اللَّهُ لِرَجُلٍ مِنْ قَلْبَيْنِ فِي جَوْفِهِ ۚ وَمَا جَعَلَ أَزْوَاجَكُمُ اللَّائِي تُظَاهِرُونَ مِنْهُنَّ أُمَّهَاتِكُمْ ۚ وَمَا جَعَلَ أَدْعِيَاءَكُمْ أَبْنَاءَكُمْ ۚ ذَٰلِكُمْ قَوْلُكُمْ بِأَفْوَاهِكُمْ ۖ وَاللَّهُ يَقُولُ الْحَقَّ وَهُوَ يَهْدِي السَّبِيلَ

    Аллах эч бир адамдын көкүрөгүндө эки жүрөк жараткан эмес (ошол сыяктуу эле) силер «зихар» кылган жубайыңарды силерге эне кылып койгон жок. Жана силердин бакма балаңарды өз перзентиңер(дей) кылган жок. Бул силердин оозуңардагы гана сөзүңөр. Аллах акыйкатты гана сүйлөйт. Жана Ал (эң туура) жолго баштайт.

    33:4
  5. ادْعُوهُمْ لِآبَائِهِمْ هُوَ أَقْسَطُ عِنْدَ اللَّهِ ۚ فَإِنْ لَمْ تَعْلَمُوا آبَاءَهُمْ فَإِخْوَانُكُمْ فِي الدِّينِ وَمَوَالِيكُمْ ۚ وَلَيْسَ عَلَيْكُمْ جُنَاحٌ فِيمَا أَخْطَأْتُمْ بِهِ وَلَٰكِنْ مَا تَعَمَّدَتْ قُلُوبُكُمْ ۚ وَكَانَ اللَّهُ غَفُورًا رَحِيمًا

    Аларды өз аталары(нын ысымы) менен чакыргыла. Аллахтын алдында ушул адилеттүүрөөк. Эгер аталарын билбесеңер, анда алар диндеш бир туугандарыңар жана кызматчыңар. Жана ката кетирген нерсеңерде силер үчүн күнөө жок. Бирок, жүрөгүңөрдө атайлап кылган нерседе (күнөө бар). Аллах Кечирүүчү, Боорукер.

    33:5
  6. النَّبِيُّ أَوْلَىٰ بِالْمُؤْمِنِينَ مِنْ أَنْفُسِهِمْ ۖ وَأَزْوَاجُهُ أُمَّهَاتُهُمْ ۗ وَأُولُو الْأَرْحَامِ بَعْضُهُمْ أَوْلَىٰ بِبَعْضٍ فِي كِتَابِ اللَّهِ مِنَ الْمُؤْمِنِينَ وَالْمُهَاجِرِينَ إِلَّا أَنْ تَفْعَلُوا إِلَىٰ أَوْلِيَائِكُمْ مَعْرُوفًا ۚ كَانَ ذَٰلِكَ فِي الْكِتَابِ مَسْطُورًا

    Пайгамбар ыймандуулар үчүн өз жандарынан да кымбат. Пайгамбардын аялдары – ыймандуулардын энелери. Тууган туушкан адамдар Аллахтын (тагдыр) китебинде бири-бирине ыймандуулардан жана мухажирлерден (Меккеден Мединага көчкөндөрдөн) жакыныраак. Ал эми, өзүңөрдүн (ыймандуу, мухажир) досуңарга жакшылык кылсаңар дурус, бул (тагдыр) китебинде жазылган.

    33:6

Котормо: Шамсуддин Хакимов