Катталуу, бет 410
-
وَلَئِنْ أَرْسَلْنَا رِيحًا فَرَأَوْهُ مُصْفَرًّا لَظَلُّوا مِنْ بَعْدِهِ يَكْفُرُونَ
Ал эми Биз (эгиндерине зыян келтирген) шамал жиберип, алардын саргайып (куурап) калганын көргөндө, (Аллахка) каапыр болуп калышат.
30:51 -
فَإِنَّكَ لَا تُسْمِعُ الْمَوْتَىٰ وَلَا تُسْمِعُ الصُّمَّ الدُّعَاءَ إِذَا وَلَّوْا مُدْبِرِينَ
(Оо, пайгамбар!) Чынында сен өлүктөргө (сөзүңдү) угуза албайсың. ошондой эле артын салып кетип бараткан (акыйкатты угуудан) керең болгондорго чакырыгыңды угуза албайсың.
30:52 -
وَمَا أَنْتَ بِهَادِ الْعُمْيِ عَنْ ضَلَالَتِهِمْ ۖ إِنْ تُسْمِعُ إِلَّا مَنْ يُؤْمِنُ بِآيَاتِنَا فَهُمْ مُسْلِمُونَ
(Ошондой эле), сен «сокур адамдарды» да адашуучулугунан туура жолго сала албайсың. Бир гана мусулман (моюн сунган) абалдарында Биздин аяттарга ыйман келтиргендерге гана (акыйкатты) угуза аласың.
30:53 -
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَكُمْ مِنْ ضَعْفٍ ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ ضَعْفٍ قُوَّةً ثُمَّ جَعَلَ مِنْ بَعْدِ قُوَّةٍ ضَعْفًا وَشَيْبَةً ۚ يَخْلُقُ مَا يَشَاءُ ۖ وَهُوَ الْعَلِيمُ الْقَدِيرُ
Аллах силерди алсыз (тамчы суудан) жаратты. Алсыздыктан (бөбөктүктөн) кийин күч-кубат(туу адам) кылды. Кубат(туулук)тан кийин (кайрадан) алсыздык жана карылыкка алып келди. Ал каалагандай жаратат. Ал - Билимдүү, Кудуреттүү.
30:54 -
وَيَوْمَ تَقُومُ السَّاعَةُ يُقْسِمُ الْمُجْرِمُونَ مَا لَبِثُوا غَيْرَ سَاعَةٍ ۚ كَذَٰلِكَ كَانُوا يُؤْفَكُونَ
Саат (кыямат) болгондо күнөөкөр пенделер «(дүйнөдө) аз гана убакыт (жашап) турдук» – деп ант ичишет. Алар (дүйнө жашоосунда да) ушундай жалганчылар болушкан.
30:55 -
وَقَالَ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ وَالْإِيمَانَ لَقَدْ لَبِثْتُمْ فِي كِتَابِ اللَّهِ إِلَىٰ يَوْمِ الْبَعْثِ ۖ فَهَٰذَا يَوْمُ الْبَعْثِ وَلَٰكِنَّكُمْ كُنْتُمْ لَا تَعْلَمُونَ
Анан ыймандуу, илимдүү адамдар (аларга) айтышат: «Чындыгында Аллах (тагдырда) жазганы боюнча кайра тирилүү күнүнө чейин (жашап) турдуңар. Мына ушул – кайра тирилүү күнү. Бирок, силер билбейт (ишенбейт) элеңер».
30:56 -
فَيَوْمَئِذٍ لَا يَنْفَعُ الَّذِينَ ظَلَمُوا مَعْذِرَتُهُمْ وَلَا هُمْ يُسْتَعْتَبُونَ
Ал күндө залымдарга шылтоолору пайда бербейт жана алардан (тообо менен Аллахты ыраазы кылуу да) талап кылынбайт.
30:57 -
وَلَقَدْ ضَرَبْنَا لِلنَّاسِ فِي هَٰذَا الْقُرْآنِ مِنْ كُلِّ مَثَلٍ ۚ وَلَئِنْ جِئْتَهُمْ بِآيَةٍ لَيَقُولَنَّ الَّذِينَ كَفَرُوا إِنْ أَنْتُمْ إِلَّا مُبْطِلُونَ
Биз бул Куранда адамдарга ар түрдүү мисалдарды келтирдик. Эгер сен аларга бир далил алып келсең, «Силер (мусулмандар) жалганчысыңар» дешет.
30:58 -
كَذَٰلِكَ يَطْبَعُ اللَّهُ عَلَىٰ قُلُوبِ الَّذِينَ لَا يَعْلَمُونَ
Ошентип, Аллах (чындыкты) билбегендердин жүрөктөрүнө мөөр басат.
30:59 -
فَاصْبِرْ إِنَّ وَعْدَ اللَّهِ حَقٌّ ۖ وَلَا يَسْتَخِفَّنَّكَ الَّذِينَ لَا يُوقِنُونَ
(Оо, Мухаммад!) Сен эми (бул дооматчыларга) сабыр кыл. Аллахтын («жеңиш берем» деген) убадасы чындык. (Убадага) ишенбегендер сени (жеңил ойлуулукка) түрпөсүн!
30:60
Котормо: Шамсуддин Хакимов