Катталуу, бет 409

  1. قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانْظُرُوا كَيْفَ كَانَ عَاقِبَةُ الَّذِينَ مِنْ قَبْلُ ۚ كَانَ أَكْثَرُهُمْ مُشْرِكِينَ

    Айткын: «(Эй, каапырлар!) жер жүзүн кезип, мурдагы (каапыр) коомдордун акыбети кандай болгонун көрүп (андан сабак) алгыла! Алардын көбү (Аллахка) шерик кошуучу болушкан».

    30:42
  2. فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ الْقَيِّمِ مِنْ قَبْلِ أَنْ يَأْتِيَ يَوْمٌ لَا مَرَدَّ لَهُ مِنَ اللَّهِ ۖ يَوْمَئِذٍ يَصَّدَّعُونَ

    Эми, сен (оо, Мухаммад, эч ким) кайтара алгыс күн (кыямат) Аллах тарабынан келип калганга чейин жүзүңдү туура динге (Исламга) буруп кал! Ал күнү (адамдар амалдарын көрүү үчүн) бөлүнүп калышат.

    30:43
  3. مَنْ كَفَرَ فَعَلَيْهِ كُفْرُهُ ۖ وَمَنْ عَمِلَ صَالِحًا فَلِأَنْفُسِهِمْ يَمْهَدُونَ

    Ким каапыр болсо, каапырлыгы(нын зыяны) өзүнө. Ким жакшылык иштерди кылса, өздөрүнө (бейишти) даярдаптыр.

    30:44
  4. لِيَجْزِيَ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ مِنْ فَضْلِهِ ۚ إِنَّهُ لَا يُحِبُّ الْكَافِرِينَ

    Ыйман келтирип жакшылык иштерди кылгандарга Өзүнүн жакшылыктарынан сыйлык берет. Чындыгында Ал каапырларды сүйбөйт.

    30:45
  5. وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ يُرْسِلَ الرِّيَاحَ مُبَشِّرَاتٍ وَلِيُذِيقَكُمْ مِنْ رَحْمَتِهِ وَلِتَجْرِيَ الْفُلْكُ بِأَمْرِهِ وَلِتَبْتَغُوا مِنْ فَضْلِهِ وَلَعَلَّكُمْ تَشْكُرُونَ

    Анын (кудуретинин) белгилеринен (бири): Ырайымын силерге таттырыш үчүн, Өз буйругу менен кемелерди жүргүзүш үчүн жана Анын жакшылыктарынан үмүт кылышыңар үчүн (жамгырдын жаашын) сүйүнчүлөөгө шамалдарды жибериши. Мүмкүн силер шүгүр кылаарсыңар.

    30:46
  6. وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِنْ قَبْلِكَ رُسُلًا إِلَىٰ قَوْمِهِمْ فَجَاءُوهُمْ بِالْبَيِّنَاتِ فَانْتَقَمْنَا مِنَ الَّذِينَ أَجْرَمُوا ۖ وَكَانَ حَقًّا عَلَيْنَا نَصْرُ الْمُؤْمِنِينَ

    Биз (оо, Мухаммад) сенден мурун да элчилерди өз коомдоруна жибергенбиз жана (элчилер) аларга анык далилдерди алып келишкен. (Баш ийбегенден кийин) Биз күнөөкөрлөрдөн өч алганбыз жана ыймандууларга жардам берүү – Биздин милдет болгон.

    30:47
  7. اللَّهُ الَّذِي يُرْسِلُ الرِّيَاحَ فَتُثِيرُ سَحَابًا فَيَبْسُطُهُ فِي السَّمَاءِ كَيْفَ يَشَاءُ وَيَجْعَلُهُ كِسَفًا فَتَرَى الْوَدْقَ يَخْرُجُ مِنْ خِلَالِهِ ۖ فَإِذَا أَصَابَ بِهِ مَنْ يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ إِذَا هُمْ يَسْتَبْشِرُونَ

    Аллах шамалдарды жиберип булуттарды козгойт. Анан (Аллах) аларды асманда Өзү каалагандай жаят жана бөлөк-бөлөк кылып таратат. Анан сен алардын арасынан жамгыр чыкканын көрөсүң. Эми качан (Аллах) аны (жамгырды) каалаган пенделерине жеткиргенде, күтүлбөгөн жерден сүйүнүп калышат.

    30:48
  8. وَإِنْ كَانُوا مِنْ قَبْلِ أَنْ يُنَزَّلَ عَلَيْهِمْ مِنْ قَبْلِهِ لَمُبْلِسِينَ

    Эгер алар өздөрүнө (жамгыр) жаадырылышынан мурун үмүтсүз болушса, (мына эми сүйүнүп калышты).

    30:49
  9. فَانْظُرْ إِلَىٰ آثَارِ رَحْمَتِ اللَّهِ كَيْفَ يُحْيِي الْأَرْضَ بَعْدَ مَوْتِهَا ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ لَمُحْيِي الْمَوْتَىٰ ۖ وَهُوَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ

    Эми сен (оо, адам) Аллахтын ырайымынын (жамгырдын) белгилерине кара: Ал өлүк жерди кантип тирилткенине (кара)! Акыйкатта, Ал (Аллах) өлүктөрдү да албетте тирилтет! Ал бардык нерсеге Кудуреттүү!

    30:50

Котормо: Шамсуддин Хакимов