Катталуу, бет 411

  1. الم

    Алиф, Лаам, Миим.

    31:1
  2. تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ الْحَكِيمِ

    Бул даанышман китептин аяттары.

    31:2
  3. هُدًى وَرَحْمَةً لِلْمُحْسِنِينَ

    Жакшылык кылуучулар үчүн ырайым жана туура жол!

    31:3
  4. الَّذِينَ يُقِيمُونَ الصَّلَاةَ وَيُؤْتُونَ الزَّكَاةَ وَهُمْ بِالْآخِرَةِ هُمْ يُوقِنُونَ

    Алар намазды (толук) аткарышат, зекетти беришет жана акыретке анык ишенишет.

    31:4
  5. أُولَٰئِكَ عَلَىٰ هُدًى مِنْ رَبِّهِمْ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ

    Мына ушулар Раббилери тарабынан (жиберилген) туура жол үстүндө жана ушулар гана жеңишке жетүүчүлөр!

    31:5
  6. وَمِنَ النَّاسِ مَنْ يَشْتَرِي لَهْوَ الْحَدِيثِ لِيُضِلَّ عَنْ سَبِيلِ اللَّهِ بِغَيْرِ عِلْمٍ وَيَتَّخِذَهَا هُزُوًا ۚ أُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ مُهِينٌ

    Адамдардын арасынан кээ бирөөлөр билимсиздиктен улам Аллахтын жолунан адаштыруу үчүн маанисиз-бекерчи сөздөрдү сатып алат жана аны (Куранды) шылдың кылат. Дал ошолорго кор кылуучу азап бар!

    31:6
  7. وَإِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا وَلَّىٰ مُسْتَكْبِرًا كَأَنْ لَمْ يَسْمَعْهَا كَأَنَّ فِي أُذُنَيْهِ وَقْرًا ۖ فَبَشِّرْهُ بِعَذَابٍ أَلِيمٍ

    Качандыр ага Биздин аяттарыбыз окуп берилчү болсо, аны эч укпагандай, тим эле, кулагында дүлөйлүгү бардай текеберленип, тетири басып кетишет. Ага жан ооруткан азаптын кабарын берип кой!

    31:7
  8. إِنَّ الَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَهُمْ جَنَّاتُ النَّعِيمِ

    Ал эми, ыйман келтирип, жакшылык иштерди кылгандарга жыргалчылык бейиштери бар.

    31:8
  9. خَالِدِينَ فِيهَا ۖ وَعْدَ اللَّهِ حَقًّا ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ

    Алар анда түбөлүккө калышат. Аллахтын убадасы чындык. Ал – Кудуреттүү, Даанышман.

    31:9
  10. خَلَقَ السَّمَاوَاتِ بِغَيْرِ عَمَدٍ تَرَوْنَهَا ۖ وَأَلْقَىٰ فِي الْأَرْضِ رَوَاسِيَ أَنْ تَمِيدَ بِكُمْ وَبَثَّ فِيهَا مِنْ كُلِّ دَابَّةٍ ۚ وَأَنْزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَنْبَتْنَا فِيهَا مِنْ كُلِّ زَوْجٍ كَرِيمٍ

    (Аллах) асмандарды, көрүп турганыңардай түркүксүз жаратты жана силерди чайпалтып жибербесин деп жер бетине тоолорду орнотуп койду. Жана ар түрдүү жаныбарларды таратты. Жана Биз асмандан суу түшүрүп жер бетинде ар түрдүү кооз-пайдалуу өсүмдүктөрдү өстүрдүк.

    31:10
  11. هَٰذَا خَلْقُ اللَّهِ فَأَرُونِي مَاذَا خَلَقَ الَّذِينَ مِنْ دُونِهِ ۚ بَلِ الظَّالِمُونَ فِي ضَلَالٍ مُبِينٍ

    Булар Аллахтын жараткандары. Эми силер мага Аллахтан башка («кудайыңар») жараткан нерселерди көргөзгүлөчү?! Ооба, залымдар анык адашууда!

    31:11

Котормо: Шамсуддин Хакимов