Катталуу, бет 408
-
وَإِذَا مَسَّ النَّاسَ ضُرٌّ دَعَوْا رَبَّهُمْ مُنِيبِينَ إِلَيْهِ ثُمَّ إِذَا أَذَاقَهُمْ مِنْهُ رَحْمَةً إِذَا فَرِيقٌ مِنْهُمْ بِرَبِّهِمْ يُشْرِكُونَ
Качан адамдарды зыян торуганда гана Раббисине кайтып, Ага (жалбарып) дуба кылышат. Анан аларга (Аллах) Өз ырайымын таттырганда, алардын кай бирлери кайрадан Раббисине ширк келтире башташат.
30:33 -
لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ ۚ فَتَمَتَّعُوا فَسَوْفَ تَعْلَمُونَ
Алар (ширк келтиргендер) Биз берген жакшылыктарга каапыр боло беришсин. Мейли (оо, мушриктер, өткөөл дүйнөдө) пайдаланып калгыла. Анан билесиңер!
30:34 -
أَمْ أَنْزَلْنَا عَلَيْهِمْ سُلْطَانًا فَهُوَ يَتَكَلَّمُ بِمَا كَانُوا بِهِ يُشْرِكُونَ
Же Биз аларга ширк амалдарын(ын чындыгын) сүйлөй турган далил түшүрдүк беле?!
30:35 -
وَإِذَا أَذَقْنَا النَّاسَ رَحْمَةً فَرِحُوا بِهَا ۖ وَإِنْ تُصِبْهُمْ سَيِّئَةٌ بِمَا قَدَّمَتْ أَيْدِيهِمْ إِذَا هُمْ يَقْنَطُونَ
Биз качан адамдарга ырайым көргөзсөк, аны менен шаттанышат. Ал эми, өз колдору жасаган иштер себептүү аларга бир жамандык жетсе, анда алар (Аллахтан) үмүт үзүшөт.
30:36 -
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّ اللَّهَ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَنْ يَشَاءُ وَيَقْدِرُ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ
Эмне, алар Аллах каалаган пендесине ырыскыны кенен, каалаганына тар кылганын көрбөй жатышабы? Албетте, мында ыймандуу коомдорго белгилер бар.
30:37 -
فَآتِ ذَا الْقُرْبَىٰ حَقَّهُ وَالْمِسْكِينَ وَابْنَ السَّبِيلِ ۚ ذَٰلِكَ خَيْرٌ لِلَّذِينَ يُرِيدُونَ وَجْهَ اللَّهِ ۖ وَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ
Эми, (оо, ыймандуу пенде) тууган-туушканга, бей-бечараларга жана мусапырга (тиешелүү) акысын бергиниң. Аллахтын ыраазычылыгын каалаган пенделерге бул жакшы иш. Дал ошолор гана жеңишке (бейишке) жетишет.
30:38 -
وَمَا آتَيْتُمْ مِنْ رِبًا لِيَرْبُوَ فِي أَمْوَالِ النَّاسِ فَلَا يَرْبُو عِنْدَ اللَّهِ ۖ وَمَا آتَيْتُمْ مِنْ زَكَاةٍ تُرِيدُونَ وَجْهَ اللَّهِ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُضْعِفُونَ
Адамдардын мал-дүйнөсүнөн пайдалануу максатта үстөк кошуп бергениңер Аллахтын алдында көбөйбөйт. Ал эми, Аллахтын Жүзүн үмүт кылып берген зекетиңер болсо, дал ошолор (зекет бергендер) көп көбөйтүүлөргө ээ болуучулар.
30:39 -
اللَّهُ الَّذِي خَلَقَكُمْ ثُمَّ رَزَقَكُمْ ثُمَّ يُمِيتُكُمْ ثُمَّ يُحْيِيكُمْ ۖ هَلْ مِنْ شُرَكَائِكُمْ مَنْ يَفْعَلُ مِنْ ذَٰلِكُمْ مِنْ شَيْءٍ ۚ سُبْحَانَهُ وَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ
Силерди жараткан, анан ырыскы берген, андан кийин өлтүргөн, андан соң (кыяматта кайра) тирилткен – Аллах! Ушулардан кайсы бирин силердин (Аллахка) шерик кошкон «кудайлар» жасай алат? Алардын ширктеринен Аллах Аруу жана Бийик!
30:40 -
ظَهَرَ الْفَسَادُ فِي الْبَرِّ وَالْبَحْرِ بِمَا كَسَبَتْ أَيْدِي النَّاسِ لِيُذِيقَهُمْ بَعْضَ الَّذِي عَمِلُوا لَعَلَّهُمْ يَرْجِعُونَ
Адамдардын колдору жасаган (күнөө) иштер себептүү жерде жана деңизде (ар кандай) бузуучу апаат(тар) пайда болду. Алардын кай бирлеринин жасаган (кылмыштарынын азабын бул дүйнөдө) таттырыш үчүн. Балким алар (күнөөлөрүнөн) кайтышаар!
30:41
Котормо: Шамсуддин Хакимов