Катталуу, бет 407
-
وَمِنْ آيَاتِهِ أَنْ تَقُومَ السَّمَاءُ وَالْأَرْضُ بِأَمْرِهِ ۚ ثُمَّ إِذَا دَعَاكُمْ دَعْوَةً مِنَ الْأَرْضِ إِذَا أَنْتُمْ تَخْرُجُونَ
Жана Анын белгилеринен (бири) асман менен жердин Анын буйругу менен (тынч, зыянсыз) туруусу. (Андан) Кийин (Аллах) силерди чакыраар замат бардыгыңар жерден (мүрзөдөн) чыгарыласыңар (акыреттик сурак үчүн).
30:25 -
وَلَهُ مَنْ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۖ كُلٌّ لَهُ قَانِتُونَ
Асмандарда жана жерде болгондун баары Аллахтын мүлкү. Бардыгы Ага (кааласа каалабаса) баш ийет.
30:26 -
وَهُوَ الَّذِي يَبْدَأُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ وَهُوَ أَهْوَنُ عَلَيْهِ ۚ وَلَهُ الْمَثَلُ الْأَعْلَىٰ فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ
Ал дүйнө-ааламды жоктон бар кылган жана (акыретте экинчи жолу) кайрадан жарата турган Кудай. Бул Ага абдан жеңил. Асмандардагы жана жердеги эң жогорку сыпаттоолор Өзүнө гана таандык. Ал Кудуреттүү, Даанышман.
30:27 -
ضَرَبَ لَكُمْ مَثَلًا مِنْ أَنْفُسِكُمْ ۖ هَلْ لَكُمْ مِنْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُكُمْ مِنْ شُرَكَاءَ فِي مَا رَزَقْنَاكُمْ فَأَنْتُمْ فِيهِ سَوَاءٌ تَخَافُونَهُمْ كَخِيفَتِكُمْ أَنْفُسَكُمْ ۚ كَذَٰلِكَ نُفَصِّلُ الْآيَاتِ لِقَوْمٍ يَعْقِلُونَ
Ал силерге өзүңөрдөн мисал келтирди: Биз силерге (менчик) ырыскы кылып берген нерселерде силердин кулдарыңар силер менен бирдей шерик болуусуна ыраазы болосуңарбы? (Жок) Силер алардын (мал-мүлкүңөргө шериктеш болуусунан) башка бир эркин адам (жок жерден эле шериктеш болуп калуусунан) корккондой коркосуңар. Биз акыл жүгүрткөн адамдарга аяттарыбызды ушинтип баяндайбыз.
30:28 -
بَلِ اتَّبَعَ الَّذِينَ ظَلَمُوا أَهْوَاءَهُمْ بِغَيْرِ عِلْمٍ ۖ فَمَنْ يَهْدِي مَنْ أَضَلَّ اللَّهُ ۖ وَمَا لَهُمْ مِنْ نَاصِرِينَ
Жок! Залымдар илимсиздиктен улам напси каалоолорун ээрчишти. Аллах адаштырганды ким туура жолго сала алат? (Акыретте) аларга жардамчы жок!
30:29 -
فَأَقِمْ وَجْهَكَ لِلدِّينِ حَنِيفًا ۚ فِطْرَتَ اللَّهِ الَّتِي فَطَرَ النَّاسَ عَلَيْهَا ۚ لَا تَبْدِيلَ لِخَلْقِ اللَّهِ ۚ ذَٰلِكَ الدِّينُ الْقَيِّمُ وَلَٰكِنَّ أَكْثَرَ النَّاسِ لَا يَعْلَمُونَ
(Оо, Мухаммад!) Ислам динине баш ийип, жүзүңдү адамдардын таза табиятына ылайык кылган динге бур! Аллахтын жаратканын өзгөртүү мүмкүн эмес. Эң туура дин – ушул. Бирок, адамдардан көбү билишпейт.
30:30 -
مُنِيبِينَ إِلَيْهِ وَاتَّقُوهُ وَأَقِيمُوا الصَّلَاةَ وَلَا تَكُونُوا مِنَ الْمُشْرِكِينَ
Ага (тообо менен) кайткыла! Андан корккула жана намаз окугула! Мушриктерден болбогула!
30:31 -
مِنَ الَّذِينَ فَرَّقُوا دِينَهُمْ وَكَانُوا شِيَعًا ۖ كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ
Диндерин бөлүп-жарып, топ-топ болуп (бөлүнүп) алышкан (ошол мушриктерден болбогула!) Ар бир топ (биз гана туура жолдобуз деп) өздөрүндө болгон нерселер менен гана кубанышат.
30:32
Котормо: Шамсуддин Хакимов